Айбат » Сталин, Иосиф Виссарионович, Генералиссимус, ССРСтин фактикалык башкаруучусу: “Бизге – саясатчылардын кереги жок, аткаруучулар керек!”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Тарых » Сталин, Иосиф Виссарионович, Генералиссимус, ССРСтин фактикалык башкаруучусу: “Бизге – саясатчылардын кереги жок, аткаруучулар керек!”

Сталин, Иосиф ВиссарионовичБул адамдын ысымын дүйнөнүн жарымынан көбү билсе керек.  Өзүнүн мезгилинде бул адамдын ысымына кимде ким жаман создорду айта турган болсо, анда ал адам оз жашоосу менен кош айтышкан. Бүтүндой СССРди башкарып, бул улуу  өлкөнү согуш учурунда жеңишке алып келген Сталин эле, улуу инсан  жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Өмүрү таржымакалы

Иосиф 1879-жылы 21-декабрда Тифлис губерниясынын Гори шаарынын  Диди Лило айылындагы өтүкчү, аракеч Виссарион Ивановичтин үй-бүлөсүндө Иосиф Джугашвили аттуу ымыркай жарыкка келген. Кичинекей Иосифти Сосо деп эркелетишип, Сосонун бала чагы ата-энесинин чыр чатагы менен коштолгон.  Ал тургай Сосо энесин коргоо үчүн бир нече жолу бычак менен атасына каршы турган. 10 жашында Виссарион көчөдөгү аракечтердин мушташынан каза болот. Ушундан баштап Сосо көчөдөгү «Гори» аттуу бейбаш балдардын тобуна кошулат. Энесинин аны бир нече жолу чиркөөгө окутам деген тилегин таш капкан. 1886-жылы Христофор Чарквиани аттуу кечилден орус тилин үйрөнүп, Горий православдык дин таануу кесиптик окуу жайына тапшырган. Бул окуу жайга энеси Екатерина Георгиевна жөнөткөн..туулган. 1894-жылы Тбилисиде дин таануучулардын курултайы болуп, ага катышуу укугуна ээ болот. Мына ушундан тартып анын аң сезими таптакыр өзгөрүлүп, марксизм тууралуу түшүнүк киргенден кийин 1895-жылы Закавказьенин жашыруун марксиздер тобуна катталып, иштеше баштаган. Вано Стуруа аттуу революциячыл адамдан сабак алып, темир жол бекетинде иштегендерди марксизмге үгүттөө иши Сосого тапшырылган. Өзүнүн  ишенимдүү сүйлөөсү менен адамды бат тарткан жигит Месаме Даси социалдык демократтар  тобуна кирип, эми ачыктан ачык марксизмди пропагандалоого өткөн. 1899-жылы 29-майда аны окуу жайдан айдап жиберсе 1900-жылы 23-апрелде Тбилиси шаарынын темир жолчуларын жана темир, жыгач усталарын чогултуп 500гө жакын адам менен митинг өткөрүп, ачык  биринчи жолу кайрылуу жасаган. Уюштурулган митинг көп адамды өзүнө тарткандыктан, бир топ адам камакка алынып, Иосиф издөөгө алынган. 1901-жылы «Күрөш» гезитин негиздеп, 1903-жылы большевиктердин катарына кошулган. Ошол эле жылы митингдерди уюштуруп, элдин тынчтыгын бузгандыгы үчүн деген айып менен 4 жылга Грузиянын Кутаисс түрмөсүнө кесилген. Түрмөгө түшкөнү менен Иосиф абактагы адамдарды большевиктик системага өтүүгө үгүттөй баштаган. Ал Александр Казбегинин «Атасын өлтүргөн» романындагы революциячыл Коба аттуу жигиттин атын түрмөдөгү адамдар Иосифке ыйгарган. Ошондон тартып Коба деген ат Грузияга желдей тараган. 1905-жылы түрмөдөн бошонуп чыккан Коба большевиктердин Кавказдагы агенти болуп бекиген. Ошол эле жылы В.И.Ленин менен большевиктер партиясынын мүчөсү катары жолуккан.1906-жылы Екатерина Сванидзе менен баш кошуп Яков аттуу уулду болушуп, бирок тилекке каршы 1907-жылдын күзүндө келинчеги оорудан көз жумган. 1913-жылы бийликке каршы чыккандыгы үчүн экинчи жолу Енисей губерниясынын Турухан аймагындагы түрмөгө кесилген. Түрмөдө да өз активдүүлүгүн жоготкон эмес. Ал тургай ал жактын жазылбаган мыйзамдарын мыкты билген. 1917-жылы Россияда граждандык согуш башталганда бошонуп чыккан Коба Владимир Ильич Лениндин эмиграциядан келгичекти Петербургдун большевиктер партиясын жетектөөгө жетишкен. Лениндин келиши менен Аскердик-революциялык комитетин, андан соң Петербургдун аскер комиссариатынын элдик комиссары болуп эмгектенген. Граждандык согуш учурунда Царыцынский фронту жетектөөгө алып, 1922-жылы ошол учурдагы эң бирден бир даражалуу политбюро болуп шайланган. Бул учурда В.И.Ленин ооруга байланыштуу саясаттан четтеп калып, Зиновьев, Каменев аттуу саясатчылар менен бирдикте Коба бириккен үчилтик түзөт. 1923-жылы Ленин большевиктер партиясына жашыруун кат жолдоп, катта «менин жеке пикиримде Коба мыкты талапкер» деген билдирүү болгондугу туурасында аңыз бар. Бирок, чындап эле Лениндин көзү өткөндөн кийин, Иосиф Джугашвили каймана аты Кобаны ЦК КПССтин биринчи секретары болуп шайланган. Бул сырдуу псевдонимдин ээси дүйнөгө белгилүү Иосиф Виссарионович Сталин эле.

1953-жылы 5-мартта дүйнөдөн кайткан.

 

Кызматы

1922-жылы апрелдеги БКнын Пленумунда КПСС БКнын Генеральнын секретарлыгына шайланып, ал кызматты өмүрүнүн акырына чейин иштеген. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында СССРди коргоо менен милитаристтик Японияны талкалоого жетекчилик кылган. Ал жаңы совет өкмөтүнүн эл чарбасын калыбына келтирүү жана андан ары өнүктүрүү эл аралык позициясын чыңдоого, дүйнө элдеринин коопсуздугун жана тез зор иштерди иштеген. Бирок, Сталиндин иш-аракетинде жакшы иштөө теориялык жана саясий каталар орун алгандыктан Сталиндин мүнөзүндөгү улам, анын керт башына сыйынуу калыптанып, ал социалисттик законуна келген. Ушунун кесепетинен 1937-1938-жылдары күнөсүз көп адамдар КПСС БКнын 1956-жылы 30-июндагы «Жеке адамга сыйынуу жөнүндөгү» токтомунда жеке адамга сыйынууну катуу сынга алынган.

 

 Сталиндик мезгил

(1924-1953)

Сталиндик мезгил — ССРСтин фактикалык башкаруучусу И. Ф. Сталин болуп турган, ССРС тарыхындагы мезгил. Бул мезгилдин башы ВКП(б) XIV съезди менен ВКП (б)дагы укуктук опозицияны кыйратуу (1926-1929) ортосундагы убакыт аралыгына туш келсе; аягы 1953-жылдын 5 марттындагы Сталиндин өлүмүнө туура келет. Формальдуу түрдө 1923-1940 жылдар аралыгында аткаруучу бийлик структурасында эч кандай кызмат ордун ээлебесе да, бул мезгилдин ичинде Сталин фактикалык түрдө чоңдогон бийликке ээ болуп турган. Сталиндик мезгилдин пропагандасы бул мезгилди[25] «Сталиндин доору» деп атачу.

 

Согушка чейинки убак

(1923-1941)

Негизги макалалар: ЖЭС, Коллективдештирүү, ССРСти индустриялаштыруу, ССРСтеги ачкалык (1932-1933)

1923-жылдын күз мезгилинен баштап, өзгөчө В. И. Лениндин өлүмүнөн кийин, мамлекеттин жетекчилигинде бийлик үчүн болгон курч саясий күрөш башталат. И. В. Сталин бир инсан башкарган бийликти түзүүдө колдонгон авторитардык ыкмасы бекитилет.

1920-жылдын жарымынан баштап жаңы экономикалык саясатты козголтуу, анан – индустриялаштыруу[26] жанаколлективдештирүү башталат. 1932—1933 жылдары мамлекетте 7 миллиондон ашык советтик жарандын[27] өлүмүнө алып келген массалык ачкачылык чыга түштү.

1930-жылдардын аягына, каардуу фракциялык күрөштөн кийин Сталиндин жактоочулары башкаруучу партиянын бүткүл түзүлүштөрүн өзүнө баш ийдиришет. Мамлекетте талаптуулук менен борборлоштурулган, тоталитаритардуу коомдук түзүм түзүлөт.

Ушул убактан баштап, алгач бийликтеги мурунку теңтайлашуучулардын сүргүнгө айдоого жана алардык жок кылууга, ананавторитаритардык системаны[28] бекитүү үчүн, жарандык массаларды жоюууга[28], падышанын башкаруучулук даражасын абсолютизмге жеткирүүгө[28], кандайдыр сепараттык көңүлдордү жоюуга[28] жана бүткүл жердик диктатураны орнотуу үчүн[28]сталиндик репрессиялардын[29] түзүмү ишке кирет.

 

 Сталиндин учкул сөздөрү

Бизге – саясатчылардын кереги жок, аткаруучулар керек. Социализимге – жакындаган сайын душмандардын каршылыгы күчөп, күрөш курчуйт. Бир – жолу кабыл алынган чечимди өзгөртпөш керек. Сиздин – жоро-жолдошторуңуз эле көп экен. Жамандан – жаан жасаса болот. Өткөн – иш бир кудайга таандык. Көрүстөндө – гана талаш-тартыш болбойт. Калпка – муюп, чындыкка ишенишпейт. Кагылышта – канөлөт. Душмандарды – өз жеринде талкалаш керек. Депутат – элдин кызматчысы. Большевиктер – ала албас чеп жок. Кадрлар – баарын чечет. Техника – баарын чечет. Түшүм болсо – эгин болот. Тушум болбосо, эгин болбойт.

 

Ал тууралуу ар кыл баалар

Шолохов: «Күлө багып караганы менен, көзү жолборс Бухарин: «Маркстан окуган Чынгыз-хан”. Кретинский: «Жолборс көзүү бул адам далай кайгыны билет” Симонов: «Сталин саясий гроссмейстер болгон».Черчилль: «Сталин эң ири саясатчы». Твардовский: «Ал улуу бирок, коркунучтуу киши>. Адатта И. В. Сталин кимдир-бирөө жазаланган кагаздарды жетекчилерге жүктөп койчу экен.

 

Ага болгон мүнөздөмө

Жемелев: Рокоссовский түрмөдөн бошоп, 1941-жылы дивизияга командир болуп жүргөндө, ага чоң кызмат сунуш кылмак болуп, фронттон чакыртат. – Германиянын согуштук доктринасын жакшы билесизби? – Жок, жолдош Сталин. – Герман армиясынын түзүлүшү менен курал-жарагынчы? – Жок, жолдош Сталин. Акыркы жылдары түрмөдө олтурдум да. – Кан күйүп жатса түрмөдө отуруп алганын карап кой! деген экен.

 

Сыйлыктары жана наамдары

Иосиф Сталинге Соцалисттик Эмгектин Баатыры (1930), Советтер Союзунун Маршалы (1943), Советтер Союзунун Генералиссуму деген наам берилген. 1-даражадагыСуворов ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №128




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru