Айбат » Өктөм Сапар уулу, ырчы: “Менин максатым элге жакшы концерт тартулоо”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Өктөм Сапар уулу, ырчы: “Менин максатым элге жакшы концерт тартулоо”

Өктөм Сапар уулуКыргыз эстрада жылдыздары ырдап жүргөн ырларынын аранжировкасын жазап, ырга жазылган сөздөргө жан киргизген обончу, кино тасмаларда мыкты каарман болуп берген актер ким болду экен деп кызыгып жатсаңыздар ал көп кырдуу талантка ээ болгон, биздин жылдыздарыбыздын арасынан орун алган, кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал  Өктөм Сапар  уулу бизде конокто.

-Концерттиңизге даярдыктар кандай болуп жатат?

-Концертке даярдык жакшы буюрса. Концертибиз 17- майда Каба уулу Кожомкул атындагы  Спорт ордосунда өз талантымды кыргыз элиме тартуулайын деп жатам. Мындан тышкары ушул эле концерт 23-24- май биздин экинчи борборубуз болуп саналган  Ош шаарынын тургундары  менин талантыма күбө боло алышат. Ал эми, 25-майда жаштардын шаары Жалал-Абадда концертимди тартуулайм.

-Ар бир ырчы өзүнүн концерттин максат менен коет, сиздин же бул концертин максаты?

-Ар бир концертке келип көрүп кеткен кишилерибиз, көрбөй угуп жүргөн кишилерибиз концертти ырчылар  акча топтоп жогултуу үчүн койсо керек деп ойлошсо керек. Чындыгында концерт берип акча топтой албайбыз. Бардык ырчылардан сурап көрсөңөр, биз 2 же 3 сааттык концерт бериш үчүн канча күн чуркайбыз, канчалаган акчалар сарптайбыз бул эмгекибиздин бир эле максаты бар, ал биздин элге жакшы концерт тартулоо болуп саналат. Менин бул концерттимдин да, менин да максатым ушундай.

- Концерттиңиздин өзгөчөлүгү эмнеде?

-Концерттин өзгөчөлүгү,  биздин кыргыз эстрадасында башы көрүнүп, эмгектери сиңген, биз сыймыктана ала турган көп ырчылар менен дуэт ырдайм. Аларды айта кетсем Алтынай Нарбаева, Динара Акулова, Роза Шакирова, Добулбас тобу, Нурлан Насип жана башка талантуу ырчылар менен ырдайм.

-Концерттиңиз 16-май энелер күнүнө тийиешеси барбы? айтайын дегеним эмне үчүн 17-майды тандап алдыңыз?

-Албетте, бирден бир себеби бул 16- май биздин ак элечектүү, ак жолукчан апаларыбыздын күнүнө тийешеси бар. Бул күнгө карата концерт бериш да өзүнчө керемет. Айта кетмекчи менин алтындай болгон энекем концертиме айылдан келет.

Эгер уруксат берсеңиздер убакыттан пайдаланып  энелик мээримге ээ, боорукер, сабырдуу, кайрымдуу болгон апаларыбыздын келе жаткан майрамы менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Жогорудагы алкыш сөздөр апаларыбыз үчүн аздык кылат. Тоодой алтынды алып келип таразага койсок дагы, энелерибиздин мээрими барыбир ордук кылат. Урматтуу биздин кыргыз элинин энелери жана өзүмдүн энекем, сиздерге кааларым аманчылык, ден соолук, бакубат турмуш каалайм. Силер бар бул жашоонун көркү, маңызы биз менен жашап келет.

-Сиз акыркы күндөрү сын алгыдан көп көрүнбөй калдыңыз, күйөрмандарыңыз үчүн клип, ыр даярдап жаттыңызбы?

-Оба, ырчылардын милдети өз күйөрмандарын жаңы ыр, жаңы клип менен кубантуу болуп саналат эмеспи. Мен дагы өз жумушумду аткарып жаттым десем жаңылышпайм. Күйөрмандарымды 4 жаңы ыр, 3 клип менен кубандыра алам.

-Кыргыз элине болгон каалоо тилегиңиз?

-Ак калпактын, Ак элечектин, Кара жорго бийинин жана башка керметүү нерселерге ээ болгон кыргыз элим, ак мөңгүлүү, аска зоолуу, керемет жерге ээ болгон менин Кыргызстаныма тынчылык,токчулук эки нерсе гана каалайм. Ушулар кабыл болсо анда бизде бары жакшы болот.

- Бизге келип маек куруп бергениңиз үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Алдыдагы концертиңиз сиз ойлогондой деңгээлде өтсүн демекчибиз.

– Чоң рахмат, силердин ишиңерге да албан-албан ийгиликтерди каалайм.

Рысалиев Рахатбек

Айбат гезити №128




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru