Айбат » Көңүлүңө төп келген обончу Керимбаев экен

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Көңүлүңө төп келген обончу Керимбаев экен

Асанкалый КеримбаевБул турмушта билинбеген өнөрлүүлөр толтура. Айрыкча жашы өтүп калгандар талантын өзгөлөргө окшоп өргө чаба албай тынч жашоого көңүлүн бурат. Ошентсе да аны тааныган, билгендер өз тойлоруна чакырып, ырын угуп жарпын жазышат. Айрыкча элет жеринде ыр жандуулар көп жүрөт. Аларды айылдаштарынан башка эч ким тааныбайт.

Учурда кеп кылчу жигит Назарбай Ашыралиев да ошолордун бири. Бирок мен аны чейрек кылымдан бери тааныйм. Союз кезинде алоолонуп жанып ыр жазып чокко күйүп обон созуп калчу. Жакында ага жолугуп калып ал-жай сураштык. Албетте илгерки өнөрүнө да кызыктым. Сөздөн-сөз чыгып отуруп былтыр кымбат баада аккордеон сатып алганын айтты. Көрсө көкүрөгүндө уюп жүргөн обондорун кээде сатып алган аккордеон менен коштоп созолонтуп калат экен.

Ошентип экөөбүз жашаган короого баш бактык. Орустун эски жарым үйүнө дарбаза тургузуп жашоого ыңгайлаштырып алышыптыр. Бул үй бир тууган карындашыныкы экенин, береги жеринде жайгашкан чакан батирди башпаанектеп жүргөнүн да жашырбады. Турмуш өзү борборго жетелеп келиптир. Жүздөгөн мекендештерибиз сыяктуу колго эмне тийсе ошону тээк кылып жашоо үчүн күрөшүп жатыптыр.

Ал эми өнөрүнө келсек ал бир гана аккордеондо ойнобостон улуттук аспап комузда да кол ойнотуп жүрүптүр. Айрыкча Асанкалый Керимбаевдин ырларын кусалануу менен берилип аткарып жатты. “Сендей мага”, “Кайдасын”, “Сулууга” деген ырларын төгүп алды. Албетте анын ырларын укмуш деп көкөлөтүп жибербесек да анча-мынча өгөөлөп, түздөп койсо дурус болуп калаарын айта кетели. Эң башкысы – эзелки өнөрүн таштабай өзү менен кошо алып жүргөнүнө каниет кылдым.

Буйурса өнөрүмдү Асанкалый агабыздын 65-жылдык мааракесинин өткөрүшүндө көрсөтөм. Керимбаев мен үчүн өтө чоң обончу катары жүрөгүмдө сакталат. Эми катуу даярдык көрөм, фонд уюшулганына жетине албай турам деп ал агынан жарылды. Залкар обончунун сүйүүчүлөрү бар экенине сыймыктана жолумду көңүлүм көтөрүлө уладым.

С.Жороев

Залкар обончунун атайын эсеби ачылды

Илгери ата-бабаларыбыз ак таңдай, сөзү курч, элдин көкөй кестисин сай-сөөккө жеткире айткандарды ырчы деп аташчы. Маселен бүткүл дүйнөгө даңкы угулган Токтогул Сатылгановду калайык-калк ушинтип атаганын мурунку муундун өкүлдөрү тандырбастыр? Совет мезгилинин шарапатына өткөн соң акын, композитор, обончу деген сөздөр турмушубузга киргизилди.

Кадимки Рыспай Абдыкадыровго мамлекет тарабынан КР Эл артисти деген наам берилбеди. Антсе да ал элдин элегинен өткөнү үчүн кыргыз калкы аны абдан жогору баалайт. Ал эми орошон обончу Асанкалый Керимбаев андай ырыскыдан кур калбай республиканын Эл артистине жетишти. Эч кандай амбициясы жок жалаң өнөрдү туу туткан агабыз жүрөк ыйлаткан, көпчүлүк учурда жан жыргаткан ырларды чексиз токуду. Дене-бойду чалкыткан кереметтүү обондору теребелди бийлетип турду. Өмүрү ырдабагандарды да кыңылдатып, ободо каалгытып койгонун кантип танабыз. Мына ошондой касиети аркылуу обончу топ жара алган.

Быйыл А.Керимбаев 65 жашка чыкканын, бирок арабызда анын жоктугу чоң арман экенин мен талыкпастан айтып келатам. Фонд ачуу боюнча демилгенин башында өзүм тургандыгыма, акырында тилегим орундалып жатканына чексиз бактылуумун. Негизи булактын көзүн ачууда бирин-экин гана күйгөн адамдар тураарын айта кетсем эч ким таңкалбайт болушу керек. Көзү өткөнүнө он беш жыл болгончо ким эстеди, кайсыл адам чындап күйдү эле? Негедир андайды байкаган жокмун.

Эми гана Асакемин ооматы келгендей. Коомдук фонду ачылып, атайын эсеби банктан катталды. Мындан ары анын жаркын элесине, чыгармачылыгына арналган саамалыктар өз максатына жетет. Керимбаевдин кереметтүү обондорун аткаруучуларга, сүйүүчүлөргө муну кулак кагыш кылып койдук. Калганын эмкиде сөз кылабыз. Сунуш-пикирлер болсо редакцияга кайрылгыла, жообун беребиз.

Эсеп-реквизиттери:

ОАО”РСК банк”

Бик 129001

Р!э 1299003270076749

Асанкалый Керимбаев атындагы

Коомдук фондуна

Айбат гезити №128




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru