Айбат » Иркутскта кыргызстандык 21 жаштагы жигитти бычактап өлтүргөн 3 жигит камалды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кылмыш » Иркутскта кыргызстандык 21 жаштагы жигитти бычактап өлтүргөн 3 жигит камалды

СкинхедИркутскта улутчулдук жек көрүүнүн негизинде кыргызстандык адамды өлтүргөн 3 жигит 15 жана 16 жылга соттолду.

Иркутск облустук соту, улутчулдук жек көрүүнүн негизинде 21 жаштагы кыргызстандык жигитти өлтүрүшкөн 3 жигитти айыптаган чечим кабыл алгандыгын  14-майда «Альтаир» сайты маалымдады. Анын маалыматы боюнча, соттолгондордун биричи Вячеслав Егоров 16 жылга, калган эки шериги Кирилл Гулевский менен Михаил Дмитриев 15 жылга камалышты. Сайтта 2014-жылдын январь айында аталган 3 жигит башка улуттун өкүлүн өлтүрүү боюнча кылмыштуу макулдашууга барышкандыгы жазылат.

«Алар түндө Кыргызстандын тургунуна кол салып, катуу сабашып, андан кийин бир нече жолу бычак менен жаракат келтиришкен. 21 жаштагы кыргызстандык жигит алган жаракаттарынан улам кылмыш болгон жерде каза болгон. Кылмышты жасагандар 2014-жылдын май айында гана кармалышты», – деп жаза «Альтаир» сайты.

Айбат гезити №128



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru