Айбат » Памир кыргыздарынын жашоосу National Geographic’тин обьективинде

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Памир кыргыздарынын жашоосу National Geographic’тин обьективинде

Афганистандагы кыргыз көчмөндөрү Жер шаарынын бийик тоолуу райондорунун өзүнчө бөлүнүп калган аймагында күн кечиришет. National Geographic журналынын фотографы Matthieu Paley кыргыздар тозоктогудай шартта жашашат деп эсептейт. Limon.KG анын Кичи Памирге жасаган саякатын эске салууну сунуш кылат. Сүрөттөр бир нече жыл мурун тартылган. Анын каармандары өзгөрүштү, күйөөгө чыккан кыздар балким азыр эне болуп калышты. Бирок жалпы жонунан шарттары өзгөрбөгөн боюнча эле. Памир кыргыздары мурдагыдай эле оор шартта жашашат.

 

1

Ал Памирге бат-баттан барат жана жергиликтүү көчмөндөрдүн турмушун сүрөткө түшүрүп алат.

 

2

«Көчмөндөр муктаждыктын айынан: кыргыздар тоют менен камсыз кылыш үчүн өздөрүнүн малын бир жерден экинчи жерге айдоого аргасыз болушат».

 

3

«Хандын иниси адамдын терисине олуттуу зыян алып келе турган муздак шамалдан коргонуу үчүн бетине бет кап (маска) кийип жүрөт».

 

4

«Мына ушул Кичи Памир деп аталган тоолуу өрөөндө жашап кетүү малдан көз каранды. Кызыл мантиячан кыздар койлорду сааш үчүн кармап жүрүшөт. Ошол эле учурда кык дубалдын үстүндө кургатылып турат. Аны отун катары пайдаланышат. Койлор, эчкилер, топоздор жана төөлөр сүт, эт, жүн менен камсыз кылышат. Ал гана эмес валюта катары да кызмат жасай алышат. Бир койго бир мүшөк ун алмашууга болот».

 

5

«Кыз эки улакты өздөрүнүн энелери менен түндө бир болуусу үчүн көтөрүп баратат. Өзгөчө суук күндөрү алсыз жаш жандыктар малчылардын жаман үйүндө багылат. Кыргыздар аларда кыш өтө каардуу экендигин айтышат».

 

6

«Афган-тажик чек арасына жакын аймактагы хандын кышкы лагеринде бала оюнкараактык менен мышыкты абага ыргытып атат. Кыргыздардын жашоосу алардын айбанаттарынан көз каранды, бирок айрым учурда алар менен ушинтип ойношот».

 

7

«Бул Хаджи Рошан Хан. 32 жашта. Ал аялы качан үйгө келет деп күтүп турат. Аялы өтө суук күндө суу алып келгени кеткен. 2010-жылы Хаджи Рошан Хан өзүнүн атасы Абдул Рашид Хандын орун басары болуп калган. Ал Афганистандагы Вахан коридорунда жашаган 1100 көчмөн кыргыздардын уруу башчысы болгон».

 

8

«Кышкысын соодагерлердин кербени өрөөндүн төмөнкү жагын карай кеткен чыккынчы жолдон өтүш үчүн топоздорго жүктөлөт. Кичи Памирде кыш мезгили 8 айга созулат. Жайдын күнү деле кар жаап коюшу мүмкүн».

 

9

«Кыргыздар өздөрүнүн жыл сайын болуп туруучу тоолуу мекенинен жакынкы Пакистандын соода айылдарына жасаган саякатында үңкүрлөрдөн башпаанек издеп атышат. Өтө суук мезгилдеги базар 5 күнгө созулат. Алар өздөрүнүн малын чайдан тарта телевизорго чейинки бардык муктаждыктарына алмашышат».

 

10

«Кыргыз кыздары пластик идиштер менен үйлөрүнө суу ташып баратат. Эркектер малды карашат жана базарга барышат. Күнүмдүк оор жумуштардын көпчүлүк бөлүгүн аялдар жасашат».

 

11

«Эки кыз мөндүрдөн кийин өздөрүнүн кир үйүнөн алысыраак чыгышты. Азыр алар Аксу дарыясынын жээгиндеги күзгү лагерде жашашат. Көчмөндөр кээде эгерде мал үчүн чөп жайкы жана кышкы лагерлерде өтө аз болсо, бул жерде сезондор ортосунда бир нече жумага калып калышат».

 

12

«Өспүрүм Биби Зохра жакын арада аялдын ак баш кийимин кийип жүрө баштайт. Ал өзүнөн эки эсе улуу адамга турмушка чыгат жана коркунучтуу чындык менен бет келет. Төрөт учурундагы кыргыз аялдарынын өлүмү дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөргө караганда 500 эсе жогору».

 

13

«Кайруддин ата ырым-жырым жасап атат. Ал баласынын чачын кырып атат, чачты болсо дарыяга тоңдурат. Ал мындай ритуал баланын ар дайым башы оорусунан куткарат деп ишенет. Негизи кыргыздар мусулман-сунниттер болуп саналат, алардын ритуалдары башка байыркы салттарды чагылдырып турат. Алар каардуу духтар ден-соолукка көп көйгөйлөрдү алып келет деп ишенишет».

 

14

«Абдул Металиб жана анын аялы Халча Хан баласын жоготкондон кийин опиум тарта башташкан. Ар бирөөнүн 11 баласы алты жашка чейин эле жарыкчылык менен кош айтышып кетишкен. Көптөгөн кыргыздар опиумду ооруну баса турган дары каражаты катары колдонушаарын айтышат. Себеби аларда дарыгерлер жана дары-дармектер жок. Памир кыргыздарынын 50 пайызы наркоман болушу мүмкүн».

 

15

«Кыргыз малчылары өздөрү соода-сатыкта сатып алышкан чөнтөк телефондорун аябай жакшы көрүшөт. Аларды күн батарейкасы менен кубатташат. Кичи Памир өзүнчө бөлүнүп калган. Бул жерде уюлдук байланыштар кармабайт. Жергиликтүү тургундар өздөрүнүн телефондорун музыка угуу жана сүрөткө түшүү үчүн колдонушат».

 

16

«Ооздо камчы. Бул адам өзүнүн атын Бузкаши оюнга карай багыттоодо. Бул оюн поло оюнуна окшош, болгону топтун ордуна башы алынган улактын денеси колдонулат. Бузкаши Афганистанда улуттук оюндардын бир түрү. Кыргыздар аны «улак тартыш» деп атайт».

 

17

«Көчмөндөрдүн боз үйү кийиз менен капталган. Бул портативдүү үй сезондук миграцияга ылайыктуу чогултулат. Адамдар аны менен кезектеги көчүп баруучу жерге даярданышат».

 

18

«Икбал аттуу кызды турмушка берип жатышат. Бугун ал аял болот. Азырынча ал апасы менен коштошууда».

 

19

«Колукту бөлмөнүн бир бурчунда тынч отурат. Анын ынтызаар сиңдилери колуктуну көргөнү келишти».

Айбат гезити №128




Башка окшош макалалар:

1 комментарий

  1. Cонун тема экен

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru