Айбат » Кене жөнүндө эмне билесиңер?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Кене жөнүндө эмне билесиңер?

КенеЖер жүзүндө кенелердин 40 миңден ашык түрлөрү бар. Ал эми биз чоочуркаган кичинекей желмогуздар иксодовалык кан соргучтар группасына кирет. Бул мителер табияттын шарттарына бат эле көнүп, адамдардын жана жаныбарлардын каны менен тамактанат. Жана ошону менен бирге булар ар кандай адам ооруларынын козгогучтарын да алып жүрөт, мисалы: кене энцефалити, боррелиоз (Лайма оорусу), тиф, туляремия жана башкалар. Кенелер апрель айында пайда болуп, курсагын тойгузуу жана тамак запасын чогултуу максатында анчылыкка чыгышат. Жай мезгилинин аягында ал запасы түгөнөт.

 

Кенелер кайда жашашат?

Кенелер бак-дарактарда жашабайт, жана дарактардын жалбырактарынан түшпөйт, бирок анча чоң эмес бадалдардан кийимге жабышып калышы мүмкүн. Ошондой эле кайындарда да жашабайт, бирок кайын токойлорунда көп болот. Булар кызыл карагай токойлорун да жакшы көрүшөт, ийне жалбырактуу дарактар буларды качырат деген имиштер болушу мүмкүн, ал андай эмес! Бирок, негизинен булар чөптө, жыгылган дарактардын бутактарында, дүмүрлөрдө болушат, ошондуктан эс алуу максатында дүмүрлөргө отурбагыла. Эгер табиятка саякат кылып чыксанар, палатка орнотуучу жерди тандоодо тапталган, чөп чыкпаган жерди танданыз. Эс алууга чыкканда кичинекей эксперимент жүргүзсөңөр да болот, жүз арчыңарды алып, чеке териңерди сүртүп, ал жуз арчы менен чөп үстүнөн жүргүзүп өтсөңөр, эгер ал жакта кене болсо, ал сөзсүз жүз арчыга жабышып калат.

 

Кантип анчылык кылышат?

Көбүнчө кенелер чөптүн учуна чыгып алып, колдорун ойдо карай көтөрүп, оңго, солго кыймылдатып турат. Ошону менен бирге абаны жыттайт, анткени булардын жыт сезүү органдары дал ошол колдорунда жайгашкан. Ал эми аңчылык максатын көргөндө, ага көз ачып жумганча жабышып калат, жабышканда да, атайын чапташуучу илмектери менен абдан бекем жабышат. Демек кенелер секирип же учуп барып жабышпайт, жөн эле уйгак сыяктуу жабышып калат. Аңчылыкка эркектери да, ургаачылары да чыгышат, личинкалары коркунуч көп жаратпайт. Эркек кененин бүт далысын катуу калкан жабып турат, ургаачы кененикин болсо алдыңкы жагында гана калканы болот. Ушунусу менен ургаачы кан соргондо эркегине караганда көп ичет. Ошондой эле личинкаларын да чоңойтуш керек, ошондуктан ургаачы кенеге тамак көп керек болот. Эркек кенелер болсо тез чагат, ошондуктан кээде адамдар булардын чакканын сезбей калат. Ал эми ургаачы кенелер болсо илинип алып, адам канын бир нече күн бою соруп жата берет.

Дене терисине кирип алган кене ал жаракатка шилекейин агызып, биринчи шилекейи тери менен кененин мурдун цемент сыяктуу бекем чаптайт. Бул цемент ошондой эле ар кандай ооруларга жугуштуу болот, ошондуктан кенени териден арылтууда анын экиге бөлүнүп калуусунан абайлаш керек. Адамга жабышаары менен кенелер 5 мүнөттөн 1 саатка чейин (чагууга ийгиликтүү жерди канчалык тез табаарынан көз каранды) ылдыйдан өйдө карай жылып отурат, бул убакта аны байкап, кармап алууга болот.

Кун ачык кезде аларды ысыктык жана кургактык шалдыратат, ошондуктан булар эртен менен (8-10 сааттарда) жана кечки төрттөн кийин кыймылдай башташат, бирок бул күн ысыкта кененин адамга жабышпайт дегенди түшүндүрбөйт. Абдан жакын болуп, жана көлөкө кылып турсанар ал силерди жөн койбойт. Ысыктын күнү кенелер нымдуу чөптө активдүү болот. Жана эгер жылуу жана нымдуу болсо, алар түн ичинде да аңчылыкка чыга беришет. Күн бүркөк кезде тескерисинче буларды нымдуулук жана муздактык алсыздандырат, жана аба кайсы жерде кургагыраак жана жылуураак болсо, алар ошол жерде активдүү болушат. Өзгөрмө аба ырайында кенелердин алып жүрүүсүн айтуу кыйын. Кенелердин жазгы активдештирүүсү (тамактанып, жан сактоо мезгили), шартка ылайык качан температура 7-15°С болгондо, май айынын башында жана июнь айынын ортосуна чейин созулат. Июндун аягында, июлдун башында кичине активдүүлүк азаят (кенелер тоюп алып, аба ырайын жакшыруусун күтүп жатат) жана бул учур август-сентябрь айына чейин созулушу мүмкүн (Аба ырайына жараша). Күзгү активдүүлүк (Кыштын алдында тоюнуп алуу) сентябрдан тартып ноябрдын башына чейин созулат.

Кенелер ысык күндөрү да, нымдуу жаан-чачын күндөрү да анчылыкка чыга албайт. Ошондуктан, эгер жай мезгили нымдуу жана салкын болсо, жазгы “анчылык” узакка созулат, а эгер жай мезгили кургак жана ысык же тескерисинче жаан-чачындуу болсо анда кыска болот. Кыштан кийинки ойгонуу убактысы биринчи ала-телек жердин көрүнүшү жана өгөй эне өсүмдүгүнүн чыгышы менен туш келет. Кенелердин массалык активдүүлүгүнүн башталышы бүчүрлөрдүн чыгышы, кайындын жаңы жалбырактарынын чыгышы менен коштолот.

 

Кенелерден кантип коргонуу керек?

Эң негизги коргонуу бул ыңгайлуу кийим жана өз убактысындагы кийимди кароо. Саякатка чыгуу менен колдон келишинче денени жакшылап бекиндирүү керек: колдун жана буттун тыгыз кармалышы. Футболканы шымга шымдап, шымды наскиге кыстарып алуу зарыл. Чөпкө жата калууну жактырган адамдар, кененин жакасына жабышып калуусуна коркунуч жаралат, ошондуктан жака ачык болбоосу шартталат. Тажрыйбалуу саякатчылар жендерин жана шымдарынын багалектерин резинка менен кыстарып алышат. Мындай учурда каалаган резинкалар пайдалуу, акча карматкан резинка эң жакшы вариант. Баш кийимдерден болсо бандана же тыгыз отуруучу шапкелерден кийүү зарыл. Бийик өскөн чөптөрдөн, бадалдардын алыс болгула, жыгылган бактарга да отурбагыла. Бири-биринерди 15-20 мүнөт сайын кенеге текшерип чыккыла. Өзгөчө көңүлдү дененин ар кандай бүгүлүштөрүнө, чач баскан моюндарга көңүл буруу абзель.

Ошондой эле кенелерге каршы каражаттарды да колдонсонор болот. Мындай каражаттар негизинен үч группага бөлүнөт: репелленттүү – кенелерди качырат, акарицидтүү – кенелерди өлтүрөт, инсектицидтүү – репелленттүүлөр – кенелерди өлтүрөт жана качырат.

Биринчи группага “диэтилтолуамидти” камтыган каражаттар кирет. Буларды денеге жана кийимге сүртүп, себип же сыйпап алса болот. Мындай каражаттарда кантип жана кайсы учурда колдонуу жөнүндө толук маалыматтар өзүндө болот.

Экинчи группага “перметринди” камтыган каражаттар кирет. Буларды териге же кийип жүргөн кийимге сүртүп, себип же сыйпап алууга болбойт. Буларды кийимге гана колдонуу керек. Башкача айтканда кийимди чечип туруп, обработка жасап (жендерин, жакасын, багалек), кургатып, андан сон гана кийүүгө болот. Анткени бул каражаттар уулу заттардан даярдалат, ошондуктан кийип алып колдону такыр болбойт.

Үйгө кайтып келүү менен кийим-кечек, жол-кап, алып келинген арча же гүл болобу, деги эле колдонгон нерселердин баарын туш келди үйгө ыргытпагыла, же башка кийимдер менен аралаштырып салбагыла. Биринчи эшикке алып чыгып бардыгын карап чыгуу керек, андан сон кийим-кечектерди күүп, күн тийген жакка жайып койсоңор эң жакшы. Эгер Сиз менен чогу үй жаныбарлары саякатка чыгып келсе, аларды кармалап, балдар менен ойнотуп же үйгө киргизбегиле, тыкаттык менен текшерип, кене болсо андан арылтып андан сон гана бош коюуу зарыл.

 

Денедеги кенени канип алып салуу керек?

Канчалык эртерээк алсаңар ошончолук жакшы, эгер оорусу болсо Сиздерге жугузуп албаганга мүмкүндүк көбөйөт. Шарт мындай: вирустун аз өлчөмдөгү көлөмү менен Силердин организм өзү эле күрөшүүгө мүмкүндүгү жетет, ал эми вирус көлөмү көп болсо, анда организмдин күчү жетпей калат. Аптекаларда атайын кенени денеден арылтуучу илмектер сатылат, же каалаган башка каражаттарды да колдонсонор болот, мисалы: пинцет, катуу жип. Бирок эсинерде болсун, кенени пинцет менен катуу мыкчыбагыла, андай учурда жараланган жерге кененин вирусталган шилекейи дагы кошул-ташыл кирип кетет. Ал эми жипти болсо, кененин мурду жагына алып келип, учтарын кошо байлап, өз осьунда тегеретүү менен чыгаруу зарыл. Жип менен кененин башын үзүп алып, кошумча бактериаларды киргизип, башы денеде калып калбоо үчүн, күч кубатты сууруп алууга эмес, тегеретип чыгарууга жумшоо керек, жана кичинеден гана тартуу абзель. Ошого карабастан башын үзүп алсанар, жараланган жерди спирт менен обработка кылып, андан соң кененин башын тикенек сыяктуу ийне менен алып салуу шартталат.

Маанилүү! кенени териден арылтуу учурунда дене түздүгүнө перпендикулярдуу кылып тартабыз. Кенени май менен шыбап, күйгүзүп, анын өлүп калуусуна өбөлгө кылбагыла, анткени өлүп баратып, теридеги жаракатка ар кандай уулу заттарды, ал гана эмес инфекциаланган шилекейин чыгарып жибериши мүмкүн. Май менен сүйкөгөндө кимдир-бирөөлөр айтышы мүмкүн, кене майланышып, териден бат арылат деп. Бирок тажрыйба көрсөткөндөй, мындай майлоо-сүттөөлөр кенеге барыбир жана эч бир таасирин тийгизбейт. Эгер кенени өзүңөр арылтууга мүмкүнчүлүгүңөр жетпесе, медицина кызматкерлерине кайрылыңыздар.

 

Андан кийин эмне кылуу зарыл?

Эгер Сиз энцефалит оорусуна каршы эмделбеген болсоңор, кене чаккандан кийин эки жума өткөн соң, антителолорго кан анализин тапшырсаңар болот, эгер эмделген болсоңор анализ тапшыруунун кажети жок. Кунт коюп өзүңөрдүн абалыңарды байкагыла. Лайма оорусуна каршы анализди кене чаккандан кийин үч жума өткөн соң тапшырат. Кандай гана болбосун, кене чаккандан кийин жакынкы медициналык мекемеге канынарды текшертүүгө кайрылгыла.

 

Кенени анализге кантип алып баруу керек?

Кенени айнек идишке нымдалган кебез же кездеменин кесими менен салып, идишти жабып коюуу керек. Микроскопиялык диагностика жүргүзү үчүн кенени жакынкы лабораторияга тирүүлөй жеткирүү шартталат. Эгер кенени анализге тез арада алып барууга мүмкүндүк жок болсо, аны муздаткычтын ичинде сактасанар болот, бирок эки күндөн ашык эмес. Кенени изилдөө жыйынтыгы кандайдыр бир абсолюттук түрдө кабыл алынбоосу шарт, анткени кенеге вирус жуккан болсо да, адамга жукпай калышы мүмкүн. Кене коркунучсуз болуп, ал эми адам ооруп калышы да мүмкүн, анткени аны бир нече кене чаккан болуп чыгышы мүмкүн. Ошондуктан диагнозду кенеге эмес адамга коет. Анализдер оң чыкса да өзүңөрдүн абалынарды байкап жүргүлө.

 

Кенелер кандай ооруларды алып жүрөт?

Кене энцефалити. Вирустук оору. Инкубациялык мезгил: 3-25 сутка. Температуранын көтөрүлүшү, баштын оорусу, дененин же колу буттун тырышып калуусу менен шартталат. Бул оорунун коркунучтуусуна карабастан, кээ бирөөлөрдө бул оору өзгөчө оорчулуксуз өтөт. Бирок негизинен олуттуу оорчулуктарды, өрчүшүп кетүү пайызы абдан чон.

Лайма оорусу. Бактериалдык оору. Жараланган жерди тырмап атып, адамдар денеге боррелияны киргизип алышат. Ошондуктан чаккан жерди сөзсүз түрдө жакшылап жууш керек. Бул оору антибиотиктер менен даарыланып, азыркы кезде бул ооруга вакцина жок. Инкубациялык мезгил: 1-20 (көбүнчө 7-10) сутка. Негизги белгилер: 7-10 күндөн кийин чаккан жердеги так жайылып чоңоет, адам өзүн начар сезип, баш ооруп, окшуу сезими келет. Лайма оорусу энцефалиттен коркунучтуу эмес, ал гана эмес тескерисинче, анткени адам баласы вируска караганда, бактериялык инфекциялар менен күрөшүүнү үйрөнгөн десек ашык болбос.

 

Вирусу же инфекциясы бар кенелер өзүлөрүнүн таза бир-туугандарынан шартка ылайык эч айырмаланбайт.

Эң башкысы паникага берилбегиле. Мындай паниканы прививкалардын жана репелленттердин чыгаруучулары абдан курчутат. Жөнөкөй адамга жашоодо маркетологтор тарабынан “жугузулган” көптөгөн мифтер менен кезигүүгө туура келет. Ансыз деле биз массалалык түрдө дисбактериоз, целлюлит, кан басым жана башка оорулар менен ооруйбуз. Паникалык маанай жаш энелердин форумдарында жакшы билинет. Эгер жаш эне бир жашка чейинки баланы “кене” зонасында кароосуз 15 мүнөт же андан ашык калтыра турган болсо, анда энеге эмдоо жүргүзүү зарыл.

 

Кенелер жана балдар

Балдар кенелер үчүн эң даамду жана таттуу тамак, анткени балдар кенелерге абдан жакын болот. Ал эми бала жытычы? Ммм… кенелердин курсагы ачып турганда, алар мындайга чыдабайт го. Ысык күндөрү кенеден коргоо максатында баланы жалынач чечинтип салуу абзель, анткени жыланач денеде кенени көрүү оңой. Же эгер, күн салкыныраак болсо, ачык түстөгү кийимге кийинтип, башына капюшон жана бандана кийгизип койсоңор жакшы. Эгер териге кирип алган кенени көрсөңөр, өйдөдө жазып өткөн шарттарга ылайык денеден арылтууга аракет жасагыла да, тез арада жакынкы медпунктка кайрылгыла.

Интернет булактары

Айбат гезити №128




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru