Айбат » Ош шаарында акыркы мезгилде өз жанын өзү кыйгандардын саны өсүүдө

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Ош шаарында акыркы мезгилде өз жанын өзү кыйгандардын саны өсүүдө

самоубийствоОш шаарынын аймагында өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган жарандардын саны кескин жогорулады. Бул тууралуу ИИМдин Ош шаары, облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди, деп маалымдады «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-майынан ушул күнгө чейин эки жаран асынып, бирөөсү сууга боюн таштап, дагы бир жаран өзүн мылтык менен атып каза болгон.

Мындан тышкары 1,5 ай аралыгында уулануу жолу менен жанын кыюуга аракет кылгандардын саны 24тү түздү.

Алар дары-дармекти көп өлчөмдө колдонуу же уксус ичүү жолу менен жанын кыюуга аракеттенишкен. Уулануудан улам айрымдары ооруканада көз жумса, кээ бирлери майып болуп калууда. Жанын кыйгандардын көпчүлүгүн жаштар түзөт.

Жарандар арасында өз жанын өзү кыюуга июнь окуясынын таасири, жокчулук, моралдык туруксуздук, үй-бүлөлүк чыр-чатак жана кыз-жигиттин ортосундагы жеке мамиледеги келишпестиктер сыяктуу факторлор себеп болууда.

Булак : Баракелде




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru