Айбат » “Эмгек” менен “Бүтүн Кыргызстан” өркүндөйт”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » “Эмгек” менен “Бүтүн Кыргызстан” өркүндөйт”

Салымбеков, МадумаровМына ушундай ураан менен “Бүтүн Кыргызстан” менен “Эмгек” партиясынын кошмо сьезди Улуттук драм театрында өттү. Өткөндө кеп болуп жаткан коомчулуктагы божомолдор эки партиянын биригиши менен аяктады. Чакырылган делегаттар менен коноктор өз сөздөрүндө бул абдан туура чечим экенин чын жүрөктөн айтышты.

Адахан Мадумаров башында турган “Бүтүн Кыргызстан”, Аскар Салымбеков төрагалык кылган “Эмгек” партиясынын көз караштары, келечек пландары туура келгендиктен күздө өтүүчү парламенттик шайлоого бирге барууга  ниеттенгендигин эки лидердин сөзүнөн байкадык. Чынында эле өлкөдө партия деген койдун корголунан да көп болуп кеткени элди кыжаалат кылууда. Чакан мамлекет үчүн эки жүзгө чукул партиянын кереги барбы деген суроо жүрөктү  өйүп турат.

Албетте, мындай биригүүнү  ар түстө кеп кылгандар сөзсүз болот. Ал тургай эки партия баш кошуптур, булардын кожоюну ким да, башкасы ким болот деп келекелегендер четтен табылары турган иш. Анткени биздин өлкөдө сын таккандар ашаткандан башканы билбей калышты. Арийне, калктын кадырына жетип, алардын жашоосун оңдоону көздөгөндөрдү торой чалууну көздөгөндөр да тилекке каршы жок эмес, бар. Негизи байлыгына торсоюп курсак байлагандардын көзүн карап оокат кылгандар жакшыны дурустап көрө алышпайт.

Ооба, Кыргызстандагы үлкөн эки партия масилет куруп шайлоого барууга дитин бурду. Түндүк менен түштүктү, ал эмес бүткүл кыргызды бүтүнгө эмгек менен айлантууну көздөгөндөрдү колдоочулар арбын. Себеби, Адахан Кимсанбаевич да, Аскар мырза да этеги жаман жерден жыртылгандардын катарында эмес. Бул кызылдай чындык!

Ошентип дагы бир өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө, элдин бакубатчылыгын жакшыртууга, улуттук дөөлөттөрдү жайылтууга камкордук көргөн күчтүү партия эми күрөшкө чыгат. Жалпы кубатты Кыргызстанды чыңдоого, мигранттарды үйгө кайтарууга, коңшу өлкөлөр менен тең ата сүйлөшүүгө ураан көтөргөн “Бүтүн Кыргызстан” менен “Эмгек” партиялары абдан зор күчкө айланганын танууга болбойт. Ылайым элдин ишеничин актаган партиялардан болгула, жолуңар байсалдуу болсун!

Ж.Сулайманов

Айбат гезити №129




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru