Айбат » Мырзакматовдордун кылыгы “кылдай” эмес

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Мырзакматовдордун кылыгы “кылдай” эмес

Мырзакматов МелисОшто өзүн “арстан, шер, хан” сезип алган Мелис Мырзакматов шаарды жетектеп турганда кандай башаламандыктарга жол бергени бүгүнкү күнгө чейин чубалдып чыгып жатат. Ал эми Мелистин агасы Кеңеш Мырзакматов да далайды сыздаткан экен. Буга чейин анын батир алып берүү боюнча шылуундугу ачыкка чыгып андан жабыркагандардын саны күн санап өсүүдө. Учурда Кеңеш мырза кылтакка илинип суракка алынып жатат. Чындыгында, 2010-жылдын июнь окуясынан кийин мамлекет тарабынан курулган батирлерди оюна келгендей бөлүштүргөн экен. Буга Мелис Мырзакматовдун да күнөөсү бар. Ал эмне үчүн өзү жетектеп турган калаадагы калпыс иштерге жол берет? Бул боюнча аны да жоопко тартыш керек.

Учурда 1-вице-премьер Тайырбек Сарпашев түштүктө дал ушул маселеге киришип жатыптыр. Сарпашев Ош шаарында өткөн жыйында мыйзамсыз берилген батирлер жөн эле кайтарылбастан мындай алешемдикке жол бергендер жазаланарын билдирди. “Чындыгында жалган документ менен үй алгандар көп экен. Бул боюнча мурдагы шаар жетекчисинин бир тууганы батир алып берем деп көп адамдардан акча алган. Мүмкүн ал буга чейин да ар кандай жолдор менен батир алып берген чыгар. Мунун баары укук коргоо органдары тарабынан иликтенет. Туура эмес алынган болсо мамлекеттке кайтарылат. Жалган документ жасап бергендер да, алгандар да, аларга жардам бергендер да жоопко тартылат”, – деди ал.

Ошто алысты көрө албаган айрым “активисттер” Мырзакматовдорду бүгүнкү күнгө чейин айга-күнгө теңеп мактап келет. Булардын мынтип жанталашып жатканын да түшүнсө болот. Баликим түштүк борбордо Мелисти колдоп жаткандар да бекер батирден кур эмес болуп жүрбөсүн. Муну да текшерип койсо ашыктык кылбас.\

Айбат гезити №129



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru