Айбат » Турдубек МАМБЕТОВ, мамлекеттик архитектура агенттигинин башчысы: «Ишенбай Кадырбеков тууралуу айткандарымды сот алдында далилдей алам»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Турдубек МАМБЕТОВ, мамлекеттик архитектура агенттигинин башчысы: «Ишенбай Кадырбеков тууралуу айткандарымды сот алдында далилдей алам»

Турдубек Мамбетов- Турдубек мырза, сиз “Агым “гезитине (№34 09.05.2008 жылы) Ишенбай Кадырбеков тууралуу интервью берген экенсиз. Ошол маекке таянып, “Айбат “гезити №94 05.09.2014 жылында чыккан санында көчүрүп басып чыгарган элек. Ошондогу маалыматтарды кайра тактап бере аласызбы?

–  Ишенбай Кадырбековдун бир топ фирмаларын билчүү элек, азыр канчасын башкаларга каттатып койду анысын айта албайм.Ушул айтылып жаткан үйүнө баргам,жардам сураган мен жардамымды бергем.Ошол  убакта Бишкек шаардык кеңешинин архитектура, курулуш жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы  болуп иштечүмүн. Ал жер тилкесин өз наамына которгон.Бишкек шаарында ар бир жаранга 3 сотуйдан 8 сотуйга чейине алыш керек.Бул боюнча  шаардык кеңештин чечими бар.Кадырбеков 8 сотуйдан ашык 12 сотуйга чукул жер тилкесин  алып жатат .Жанындагы жер тилкеси Свердлов районун ошол кездеги акими Кененбаев дагы билчү, ал кошунасы болгон.Ошол убакта эле гезиттин баарына чыккан экөөнүн салып жаткандары. ”Агым”гезитине бергем маегим толугу менен туура. Ишенбай Кадырбеков менен канча бир жолу соттошуп утуп алгам.Эгер сот мени чакырса барып айтып бергенге даярмын.

Анда эмесе, окурман, биз ар бир саныбызда Ишенбай Кадырбековдун басып өткөн жолуна саресеп салабыз. Кадырбеков “Айбат “ коомдук саясий гезитин Свердлов райондук сотуна берген эле .Судья Садыков Калыбек Каратаевич доогер Кадырбеков Ишенбай Дүйшембиевичтин ар-намысына коргоо жана моралдык компенсация өндүрүлсүн.Жалган маалымат деп табылсын Ишенбай Кадырбековдун пайдасына 30миң сом ал эми мамлекетин пайдасына 10 миң сом өндүрүлсүн деген чечимин чыгарган. Төмөндө И.Кадырбековдун бизди сотко сүйрөгөн макаланы кайталап басабыз.

Айбат гезити №129



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru