Айбат » БыШыКычы Ишенбай Кадырбеков кантип «жер олигархына» айланган?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » БыШыКычы Ишенбай Кадырбеков кантип «жер олигархына» айланган?

Кадырбеков ИшенбайАндагы мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин директору, мындагы Борбордук Шайлоо Комиссиясынын (БШК) мүчөсү Ишенбай Кадырбеков эски бийлик тушунда камакка алынганы маалым. Ал киши өлкө казынасына миллиондогон сом зыян келтирген делип айыпталып, абакка да отуруп чыккан. Ошол убакта Бишкек шаардык кеңешинин архитектура, курулуш жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, учурдагы архитектура агенттигинин башчысы Турдубек Мамбетов «Агым» гезитине маек, И.Кадырбековдун жер тилкелерин кантип алганын шардана кылганы бар. Т.Мамбетовдун айтымында, Кадырбеков өзүнө жеке менчик үй курууну 1990-жылы эле баштаган. Биринчи участогу Бишкек шаарынын Ленин районундагы Айни көчөсүндө №73-а дарегинде жайгашкан.

Ал эми аталган участок чечим (Решение Свердловской районной администрации г.Бишкек от 18 сентября 1990 года, № 172) боюнча Оморов Б.А. аттуу адамга таандык болгон. Жалпы аянты – 0,0893 га. «Аталган жер участогу жана курулуп жаткан менчик үй Кадырбековдуку экендигин көп адамдар билчүбүз. Ал кезде Кадырбеков жана үй-бүлөсү бул фактыларды анча деле жашыруун сыр кылышчу эмес. Ал участокту 1992-жылы өзүнүн наамына которгон, ал эми 1995-жылы законду бузуу менен кошуп алган жерин жана ал жерлерге уруксатсыз куруп салган курулуштарын закондоштурган. Чечим өзүнүн наамында, аянты 0,0259 га (постановление Ленинской районной администрации г. Бишкек от 16.12.95 г., №92). Ошентип, Кадырбековдун азыркы жашап турган үйүнүн аянты 424 квадрат метр, ал эми жер участогунун аянты – 0,1152 га» деп баса белгилейт Турдубек мырза.

Сөзүн андан ары улаган Мамбетов Кадырбеков 1997-жылы Бишкек шаарынын мэриясы аркылуу эки участок алганын, ПДП жана генплан боюнча биринчи участогунун аянты – 0,09 га болсо, ал эми экинчи участогу 0,08 га (постановление мэрии г. Бишкек от 23 сентября 1997 года) аянтка барабар экенин кошумчалаган. Мындан сырткары, 2004-жылы Жогорку Кеңештин депутаты катары 0,08 га аянттагы дагы бир жер тилкесин алганын, муну менен эле чектелбестен, ошол эле жылы төрт участокту «жымырганын» жашырган эмес. «Ошол эле 2004-жылдын июль айында дагы 4 (төрт) жер участогун алган, жалпы аянты – 0,33 га (постановление мэрии г. Бишкек от 2 июля 2004 года, №699). Жогоруда аталган жер участокторунун бардыгы жеке менчик үй куруу үчүн берилген жана И.Кадырбековдун жеке өзүнүн наамына катталган.

Эмне үчүн жеке менчик үй куруу үчүн? Анткени, жер кодексинин 32-33-статьяларынын негизинде жеке менчик үй курууга жер участогу бекер берилет, бирок, бир эле жолу (Бишкек шаарында бекитилген жоболордун негизинде жеке менчик үй курууга берилчү участоктордун аянты 0,04-0,08 га, ал эми СНиП (курулуш нормалары) боюнча 0,04-0,06 га. Бирок, бул норманы билбемиш болуп атпайбы. Мындан сырткары, башка жагдай да түрткү болгон көрүнөт. Атап айтканда, ошол акыркы алган жер участокторуна көп кабаттуу (9,10, 11 кабат), 44 квартиралуу, жертөлөсүнө автоунаа токтоочу жай жайгашкан, ал эми биринчи жана цокольный кабаттарына дүкөн жана башка сервистик объектилерди курууну пландаштырган экен. Ушул курулушка тиешелүү дагы бир жагдай. Директор И.Кадырбековго гражданин И.Кадырбеков арыз жазып, кат жүзүндө жооп алат (письмо госстроя КР от 23.10. 07., №ИК 8/6-1209). Каттын мааниси: “Жогоруда аталган курулуштун проектисин чийүү менен катар курулуш курганга уруксат…” деген Турдубек Мамбетов Ишенбай Кадырбековдун мыйзамды одоно тебелеп тепсегенин ынанымдуу фактылар менен бекемдеген.

Өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген, расмий бизнес булагы жок туруп ушинтип килтейген жерлерге ээлик кылса болорун турмуш жүзүндө көрсөткөн Кадырбековго «баракелде» дегенден бөлөк айтар кеп да табылбай калат экен. Биз И.Кадырбековдун былык иштеринин бир бучкагын Мамбетовдун айтуусу менен гана жаздык. Дагы иликтей берсек, көп «секреттер» секирип чыгышы ыктымал. Мына ушундай адам эми бизге акыл үйрөтүп, таза шайлоо, таза саясат тууралуу «дарс» окуп жаткан кези. Мындайда элибиздин «бирөөнүн башындагы төөнү көрбөй, өз башындагы чөптү көрөт» накылы эске түшөт экен…

Айбат гезити №129



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru