Айбат » Президент: “Кыргызстан мигранттарды россиялык кара тизмеден чыгарууну өтүнөт”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Президент: “Кыргызстан мигранттарды россиялык кара тизмеден чыгарууну өтүнөт”

Мигрант“Биз кара тизмеге байкабай түшүп калган Россиядагы баардык кыргызстандык мигранттарды андан чыгарууну сурайбыз”,-деп билдирди 21-майда президент Алмазбек Атамбаев Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол коюу иш-чарасында.

“Биз миграциялык эрежелерди атайлап бузбагандарды кара тизмеден чыгаруу жагын кандайдыр бир жол менен сурап көрөбүз. Тараптар туура түшүнөт го деген ниеттебиз, анткени кыргызстандыктардын көпчүлүгү атайылап же бир жаман ниети болбой туруп эреже бузуп алышкан”,-дейт президент.

Ал учурда Россиянын федералдык миграция кызматынын кара тизмесинде 70 миңден ашык Кыргызстандын жараны бар экенин эскерти.

Атамбаев ал тургай ЕАЭБге кирген алгачкы жылдарда кыйынчылыктар менен маселелер жаралса дагы Кыргызстан бир нече жылда байгерчилик жашоого жетерин убада кылды. “Муну көргүсү келбегендерден тышкары баары эле көрүп турат”,-дейт мамлекет башчысы.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №129




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru