Айбат » Мурдун келтейткендер депутат болууга акысы жок

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Мурдун келтейткендер депутат болууга акысы жок

Депутат, карикатураБизге демократия деген сөздүн дегеле пайдасы тийбеди. Бийликке дагы, парламентке дагы туура эмес адамдар келип алып, чылпагын алам деп көзүн чукугандай абалга жеткирип  коюшту. Баарынан да кичине эле куйругунан буралса оорудум деп ооруканага жатып алмайды адатка айлантып алышты. Кечээ эле сопсоо жүргөн депутаттардын жеген, ичкени билинсе жоон ичегисинен мертинип жатып калышканы күлкүңдү келтирет. Мындай фактылар аябай көп катталды. Тоодой болуп жүргөн Нурлан Сулайманов , Нурлан Төрөбеков, Акматбек Келдибеков, Урмат Аманбаева сыяктуулар мунун айкын күбөсү. Башка майда-чүйдөлөрүн айтпай эле коёлу.

Быйыл күздө  кайрадан парламентке жаңы депутаттарды буйруса шайлаганы турабыз. Бул абдан жоопкерчиликтүү милдеттен оболу ошол депутат болом дегендер кутулуусу тийиш. Биринчи кезекте бизге ден-соолугу чың, элдин ырыскысына кол салбаган, адилеттүү депутаттар зарыл болуп турат. Анткени бардык орчундуу маселелер парламентте чечилет. Демек, алыска ой жүгүртө билген, ак менен караны иликтей алган, элдин кызыкчылыгын көздөгөн депутат гана мамлекетке пайда алып келе алат. Ал эми өзүнүн курсагын ойлогондорду депутат кылгандан Кудай сактасын!

Беш жыл боюу эрегишкен, тебишкен, чабышкан парламенттеги “каармандардан” кокобузга чейин тойуп бүттүк. Депутат болуп азыр отургандардын көбү өзүнүн баш терисин, кандай деңгээлде экенин тастыктап беришти. Арийне, бирин, экин камчы сапка жарай тургандары бар экенин калыстык иретинде айта кетпесек болбостур? Тилекке каршы тең жарымынан көбү бизнестен башканы билбегендер болгонун өз көзүбүз менен көрбөдүкпү? Баш аламан убакта карапайым калк дурустап тандай албаганын моюнга алабыз. Ошондуктан бизге чала болду деп отуруп калдык.

Мына кайрадан зор саясый өнөктүк күжүлдөп жүргөнү  турат. Кимде ким чын эле депутат болууга ниети болсо ириде оорусу жок, мээси ордунда,жеген-ичкенден алыс деген медициналык справка тапшыруусу зарыл. Себеби, үлп эткен желге урунса балинсага жата калган депутаттардан жадап бүттүк. Анан да байлыгына эмес акылына мактанган эл өкүлдөрү келсе өлкөгө пайдасы тиймек. Тойлордо  көкүрөгүн кагып, же болбосо көк бөрүдө байгесин сайып, жөнөкөй пендени таманына басып мурдун дердейткен депутаттарды көргүбүз келбейт. Бизге калкына күйгөн, кыйшаңдабай түз жүргөн, калыстыкты сүйгөн депутаттар абадай, суудай керек. Ошондо көк жөтөлдөн арылабыз. Муну көңүлүбүзгө түйүп алсак ашыкча болбостур? Качанга чейин эле байлыгына чиренгендердин жетегинде жүрө бермекчибиз? Андайлардан кутулуунун бир гана жолу бар. Шайлоо учурунда татыктууларына добуш бергенде алардан кутулабыз.Башы бираз иштеген,акыйкат үчүн чыркыраган адамдар бир кесим этке,бир куюм аракка азгырылгандарга караганда басымдуулук кыларына бөркүмдөй ишенип турам. Ошентсек  гана акча менен сатып алам дегендердин  сазайын берген болобуз. Убадага бекем туралы,болбосо дагы беш жыл эзилебиз.

Ж. Кашайтар

Айбат гезити №129




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru