Айбат » Борбор Азиядагы кырдаал: Туруксуздуктун чордону

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Борбор Азиядагы кырдаал: Туруксуздуктун чордону

БоевикОрто Азиядагы кырдаал өзгөрүп бара жатат жана келечекте дагы да татаалданат. Анткени Орто Азиянын келечеги Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө болуп жаткан окуяларга түздөн түз байланыштуу. Аталган аймакта АКШ жана Орусиянын, Иран менен Сауд Аравия, Түркия, Катардын тирешип жатканы көрүнүп турат. 

Андыктан Борбор Азиядагы ар бир мамлекеттин ички экономикалык, социалдык маселелери кырдаалга, сырткы күчтөр таасирин тийгизүүгө жол ачат. Бул багыттан гоесаясий күчтөр кырдаалды пайдаланып, аймактагы энергетикалык байлыкты өз көзөмөлүнө алууга умтулат. Бул үчүн ар кандай жолго барышы мүмкүн.

Учурда Борбор Азиядагы бир катар мамлекеттерде ошол эле Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстанда бийлик бир адамдын колунда. Бул мамлекеттерде саясий режим катаал жана оппозиция жок деп айтсак болот. Практика көрсөткөндөй саясий толкундоолор социалдык-экономикалык, этникалык жана диний кагылышуунун негизинде келип чыгат.

Жакынкы аралыкта Фергана өрөөнү кооптуу бойдон калууда. Бул аймакта чыр чыгып кетүү коркунучу жогору. Ошол эле Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын ортосундагы мамилени курчутуп жиберүү аракети болушу ыктымал. Анткени бул мамлекеттер ортосунда суу, чек ара сыяктуу маселелер чыңалып турат. Бул маселелер геосаясий алкакта чечилбесе аны ишке ашыруу кыйын болуп калды. Бул багыттан Орусия Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы жакын мамилесинен улам Ташкентке басым жасагысы келип жатат. Ошол эле учурда Өзбекстан курчоодон качып (Евразия экономикалык союзу менен ОДКБ уюмдарына мүчө болбой) коопсуздугун сактоо үчүн АКШ менен мамиле кылууга аракеттенип жатат.

КМШ мамлекеттеринин президенттеринин акыркы жолугушуусун анализге ала турган болсок Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси күн санап солгундап жатканын байкаса болот. Эки өлкөнүн мындай мамилеси айрым сырткы күчтөрдүн аралашуусу менен келишпестикке алып келиши мүмкүн. Бул келишпестикти тезирээк жоюш керек. Кыргызстан мындай кырдаалды эске алып ОДКБнын күчүн пайдаланып өз чек араларын бекемдеп, армиясын күчөтүп алышы зарыл.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын бир катар ички коркунучтары бар. Ошол эле социалдык-экономикалык кырдаал, коррупциянын жоюлбай жатышы, жумушсуздуктун артышы жана аймактык кландардын саясатта бийлик үчүн тирешүүсү. Андыктан ушул жылы өтө турган парламенттик чоң сыноо болот.

Саясий күрөш анчалык кооптондурууну жаратпаганы менен түштүктө башкача кырдаал болуп кетиши ыктымал. Айрым саясатчылар бул аймакта улут аралык козутууну күчөтүп диний кырдаал курчуп кетиши ыктымал. Андан тышкары Фергана өрөөнүндөгү калктын аялуу катмары айрыкча кыргыз-тажик чек арасы кооптуу. Анткени, Тоолуу Бадахшандагы үй-бүлөлүк жана кландык башкаруу жумушсуздук, коррупция, Ислам кайра жаралуу партиясына тыюу салуу сыяктуу көрүнүштөр жаштарды радикализмге түртүшү мүмкүн.

Бул багыттан алып караганда Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын бийликтери катуу кооптонуп жатат. Анткени, ИГИЛ радикалдык кыймылы Ооганстан менен Борбор Азиянын чек арасына жакындап жатат. Жогорудагы мамлекеттин башчылары АКШ жана Орусия күчтөрү менен машыгууларды өткөрүп жатканын да мисалга алсак болот.

2014-жылы Пакистандын Түндүк Вазирстандагы бир катар радикалдык топторго болгон катуу сокку аталган топторду Ооганстанга качууга мажбур кылган. Бул жашыруун деле эмес. Бул радикалдык уюмдар, Сириядагы согушкерлер сырттан колдоо алып жатат. Гоесаясий оюндун көңүлү дайыма коркунуч жаратып жаткан Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстанга бурулууда.

Буга байланыштуу, Ооганстан тараптан Тажикстан жана Түркмөнстанга чабуул коркунучу бар. Ошол эле убакытта Тажикстандагы Памир аймагына жасала турган чабуул, Түркмөнстанга жасала турган негизги чабуулдан алаксытуу максатында колдонулушу мүмкүн. Себеби ИЛИМдин бардык күч аракеттери Ирак менен Сириядагы нефт чыгаруучу жерлерге жана газ түтүктөрүн басып алуу жана коопту абал жаратууга жумшалган. Алардын стратегиялык максаты Иран чек арасынын жакындарындоо, туруксуз абалды жаратуу аркылуу, кийинчерээк батыш Казакстан жана Кавказга чыгууну көздөшөт. Экстремисттик топторду Тажикстан аркылуу Ооганстандан Фергана өрөөнүнө өткөрүү алар үчүн абдан маанилүү. Себеби Орто Азия, Орусия жана Кытай үчүн жаны кооптуу абал жаралат.

Кадыр Маликов

Айбат гезити №129



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru