Айбат » Кыргызстан ЕАЭБге кошулду

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Экономика » Кыргызстан ЕАЭБге кошулду

Атамбаев, ЕАЭБны ратификациолоого кол коюууда

Жогорку Кеңештин 20-майдагы отурумунда Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кошулушуна байланыштуу мыйзам долбоорлору көпчүлүк добуш менен ратификацияланды. Талкуунун жүрүшүндө айрым депутаттар, өкмөт башчысы аталган биримдикке карата пикирин билдиришти. Төмөндө алардын айрымдарынын пикирин сунуш кылабыз.

 

Темир СариевТемир САРИЕВ, өкмөт башчысы:

«Биз бурулуш кырдаалда турабыз»

– Кыргыз Республикасы өнүгүүнүн жаңы этабында, экономикалык мамилелердин өзгөчө бурулуш кырдаалында тургандыгы баарыңыздарга белгилүү. Бул албетте мыйзам ченемдүү жагдай, аймактык ал гана эмес, глобалдык интеграция ааламдашуу процесстеринин алкагында жашап жаткан азыркы өзгөрүүлөрү дүйнө биздин алдыбызга өтө орчундуу маселелерди коюп жатат. Биз ошол чакырыктарга жооп беришибиз керек. Дүйнө алмашууда ошону менен бирге экономикалык жакындашуу, биргелешүү процесстери, жалпы Жер шаарында өтө күчөп баратат. Бул жалпы адам заттын азыркы мезгилдин экономикалык чакырыктарына болгон глобалдуу жооп.

Кыргыз элинде «Күч бирдикте, күч биримдикте» деген көөнө сөз бар. Бул сөздүн мааниси өтө чоң. Анткени, ата-бабаларыбыз да күч биримдикте экендигин баарынан жогору баалаган. Мен ушул улуу трибунадан айткым келет: Биз Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуп жатканда, мына акыркы эле сурамжылоону кылганда, элибиздин 80-90 пайызы ушул саясатты толук колдоп атат. Мындан башка өтө маани берип айтып кете турган сөз –  Президент, Жогорку Кенеш, өкмөт бул маселе боюнча бир муштум болуп туруп берди. Биз билебиз, бул бир эле күндө келген жок чечим, 3 жылда абдан чоң иш жүрдү.

Биз ушул өнөктөш мамлекеттердин ичинен биринчилерден болуп ратификация кылып, Евразиялык экономикалык комиссияга өзүбүздүн расмий билдирүүбүздү жүргүзүп, биз менен өнөктөш мамлекеттерден азыр сураныч кайрылуу катарында кайрылып, ошол тезирээк ратификация өткөзүп берсеңер, акыркы ратификация өткөн күндөн баштап, Евразиялык экономикалык биримдиктин келишими иштей баштайт. Ал келишимдин негизинде Кыргызстан менен Казахстандын ортосундагы бажы чек аралары алынат. Ал чек аралар алынганда кыргыз элине, кыргыз ишкерлерине 4 эркиндик келет. Бул капиталдын жүгүр эркиндиги, товардын жүгүр эркиндиги, кызмат берүүнүн эркиндиги жана жарандардын кирип чыгуу эркиндиги. Мен ушул учурдан пайдаланып, баардык маселелерди колдоп берип аткан Президентке, Жогорку Кеңештин депутаттарына, анын аппаратына ыраазычылык билдирип кетем. Мындан башка Өкмөттүн мүчөлөрүнө, эксперттик топторго аябай чоң ыраазычылык билдирип кетем.

Кандай гана талаштар, кандай гана оор маселелер болгон жок. Биз ошолордун баарын тең чечтик. Мен санап айтып бере алам, кагазды карабай, эмне эмнелер биз үчүн пайдалуу болду деп. Биринчиден, мына биздин өзүбүздүн үлүшүбүздү 1,9 пайызга көбөйтө алдык. Ошону дадилдеп берип, ошол чечимдерге кол койдурдук. Бул биз үчүн аябай чоң утуш.

Экинчиси, биз ошол кирип атканда, өзгөчө мамиле кылынып, тездетилген мамиледе биз булардын баарын тең жакындатып тездеттик. Мынакей 8 майда кол коюлду.

Үчүнчүсү, биз беш жылдык мөөнөттө өзүбүзгө эң орчундуу багыттар боюнча жеңилдиктерди алдык.

Төртүнчүсү, биз бир млрд. доллардык кыргыз-орус фондусун түзө алдык. Мына бүгүнкү күндө ал иштей баштайт. 150 млн. биздин Улуттук банктын эсебинде турат. Мына майдын акырында отуруму болуп, биринчи долбоорлорду каржылоону баштайбыз

 

Каныбек ИманалиевКаныбек ИМАНАЛИЕВ, ЖК депутаты, “Ар-намыс” фракциясы:

“ЕАЭБ Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келет”

– Урматтуу төрага, урматтуу премьер-министр, бул бүгүнкү Кыргызстандын тарыхында эң чоң геосаясий окуя. Бул Кыргызстандын эгемен мамлекет экендигине жана ыйык суверендүүлүк принциптерине  кесепетин тийгизбейт. Тескерисинче, Кыргызстандын экономикалык кубаттуулугун  бекемдейт жана геосаясий айдыңында Кыргызстандын пикирлештери пайда болот. Бул Кыргызстандын толук улуттук кызыкчылыгына төп келет жана көздөйт. Эң негизги эмне утуш алат? Эмдиги жылы биз ушул биримдикке келгенден кийин Кыргызстандын бюджети дээрлик эки эсе көбөйөт.  Үчүнчү утушу, 1 миллион биздин мекендештерибиз Казакстанда, Россияда жүргөн ошол мекендеги атуулу  сыяктуу эле статуска ээ болот. 1 миллион адам жеңилдик алат. Төртүнчүдөн, биз  базар экономикасынан, эми өндүрүш экономикасына өтүп жатабыз. Өндүрүш, конкуренция, арзан, сапаттуу товар чыгаруу. Анан кийин эң негизги 4 багытта 5  өлкө бирдей өлкөнүн эрежесинде иш кылат. Бул товарлардын агып кирүүсү, капиталдын агып кирүүсү, эмгек күчтөрдүн агып кирүүсү жана кызмат көрсөтүү. Демек биздин эмгек айдыңыбыз, рынок айдыңыбыз кеңейет.

Биз айрыкча өкмөткө сын көз менен мамиле кылабыз. Бирок акыркы 4 айда  биздин эксперттик топ финансы министрлигинин, экономика министрлигинин, тышкы иштер министрлигинин, транспорт министрлигин жана бажы кызматынын өкүлдөрү ушул 4 өлкөнүн комиссиясы менен иштеп, ушул бирдиктин комиссиясы менен иштеп, бир дагы пайыз артка жылбай өздөрүнүн бийик профессионалдуулугун көрсөтө алды.

Айбат гезити №129



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru