Айбат » ЕАЭБ: “Кыргызстан келечектүү кадам таштады”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » ЕАЭБ: “Кыргызстан келечектүү кадам таштады”

ЕАЭБ

Кечээ президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кириши жөнүндөгү келишимди ратификациялаган мыйзамга кол койду. Өлкө башчысы өз сөзүндө акыркы төрт жыл аралыгында бул жаатта көп иштер аткарылып, ар бир сан, ар бир тамга кыйынчылыктар менен келгенин баса белгиледи. Ошондой эле бардык тобокелчиликтер эске алынып, Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгы корголгонун кошумчалады. «Биз баардык тобокелчиликтер менен преференцияларды эске алууга аракеттендик. Мен ошондуктан мыйзам долбоорго коркпой туруп кол кое алам. Негизги тобокелчиликтер такталды. Евразиялык экономикалык биримдиктин баардык мамлекеттер бизди колдоду. Андан тышкары биз жакшы преференцияларга жетише алдык. Биздин ишкерлердин жана чет элдик инвесторлордун алдында такыр башка перспективалар ачылат. Биримдикке кирүүдө бизге 6 млн. эмес, 200 млн. адамдан бир ашык базар ачылат. Биз биримдиктин алыскы жана жакынкы өлкөнлөрүнөн инвестициялардын агымын күтөбүз. Бул Кыргызстандын экономикасы үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Биз спекулятивдик экономикадан өндүрүш экономикасына өтүшүбүз керек. Бизге Россия жана Казакстан тараптан каржылык жардам берилди», – деди А.Атамбаев. Сөзүн андан ары улаган президент Кыргызстан ЕАЭБга кошулуу аркылуу улуттук кызыкчылыгын сактаганын, өлкөнүн көзкарандысыздыгы тескерисинче бекемделгенин билдирди.

Буга чейин айрым саясатчылар, айрым күчтөр аталган биримдикке каршы акцияларды өткөрүшкөн эле. Ал эми элибиздин басымдуу бөлүгү ЕАЭБди колдоп, мындай кадам мамлекетибизди өнүктүрүүгө жол ачаарын белгилеп келишет.

Айбат гезити №129



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru