Айбат » Тамерлан Ибраимов, саясат таануучу: “Алсыздар” күчтүү саясий партияларга кошулууга умтулат”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Тамерлан Ибраимов, саясат таануучу: “Алсыздар” күчтүү саясий партияларга кошулууга умтулат”

Тамерлан ИбраимовУшул күздө өтө турган парламенттик шайлоодо кайсы саясий күчтөр биригет? Бийлик менен оппозиция кандай ыкмаларды колдонушу мүмкүн? Бул боюнча кыргызстандык саясат таануучу Тамерлан Ибраимов биз менен ой бөлүштү.

- Тамерлан мырза, парламенттик шайлоого карата кайсы саясий күчтөр биригиши мүмкүн. Сиздин оюңузча кайсы партиялар биригет? 

– Негизинен бардык эле саясий күчтөр өз союздаштарын издеп, биригүүгө аракет кылат. “Алсыздар” күчтүү саясий партияларга кошулууга умтулат. Албетте, бул шайлоодо күчтүүлөр алдыга озуп чыгат. Аларда парламентке өтүүгө мүмкүнчүлүк да бар. Андыктан күчтүү партиялар деп бүгүнкү күндө парламенттегилерди айтсак болот. Буларды каржылык жана административдик жактан кубаттуу дегенибиз менен идеялык жактан сапаттуу түзүлүш жана курамы бир топ күдүк ойлорду жаратат.

Бул жагынан алып караганда парламентте отурган кээ бир партиялардын кийинки шайлоодон өтүшүнө өтө деле шансы жок. Аларды дарамети боюнча шарттуу түрдө катарга тизсек: СДПК, «Ата-Мекен», «Республика», «Ата-Журт», «Ар-Намыс» болуп калат. Бул тизмек шарттуу түрдө гана андыктан шайлоо жакындаганда өзгөрүп кетиши ыктымал.  Андан сырткары, парламентке өтпөгөн бир катар партиялардын жеңип чыгууга мүмкүнчүлүгү бар. Алар “Өнүгүү”, “Эмгек”, «Бүтүн Кыргызстан», «Замандаш». Бирок, бул партиялар да биригүү жолун издеп жатат. Кыскасын айтканда азыркы кезде партиялар ортосунда биригүү тууралуу сүйлөшүүлөр кызуу жүрүп жатат. Бул көрүнүш мындан ары да уланып бир айга чейин созулушу мүмкүн.

- Сиздин оюңузча бийликтин тактикасы кандай болушу мүмкүн? 

Бийлик жөнүндө айтсак парламенттеги ар бир партиянын фракциясы бар. Буларда кандайдыр бир негизде күч бар. Ал эми Жогорку Кеңешке кирбей калган саясий топтордун мүмкүнчүлүгү аталган партияларга караганда азыраак деп айтсак болот. Бул боюнча добуш берүү мыйзамына да өзгөртүү киргизилди. Анда шайлоого катыша турган партия 5 млн. сом күрөө коюшу милдеттендирилген.

Албетте, партиялардын шайлоого катышышына кандайдыр бир чек коюу керек.  Бирок, мындай тоскоолдук ойлонулуп жасалган жана негиздүү болушу шарт. Ал эми шайлоого катышуу үчүн күрөө акчанын негизсиз жогору болушу бийликке абийир алып келбейт.

Буга биометрикалык маалыматын тапшырбаган жарандар шайлоого катышпайт деген талапты кыйыр түрдө мисал кылсак болот. Негизи биометрика жакшы курал. Ошентсе да ал шайлоодогу бардык маселени чечип коёт деген туура эмес. Бул жерде биометрика тапшырбаган жарандардын добуш берүү укугун алып салган бир аз туура эмес болуп жатат. Учурда 1 млн. жараныбыз мындай маалыматын тапшыра элек. Эгер калктын 100 пайызы биометрикалык каттоодон өткөндө анда маселе жаралмак эмес. Эгер 200-300 миң адам ушунун айынан шайлоого катыша албай калса алар добуш берүүнү легитимсиз деп жарыялоого укугу бар. Же парламентке өтпөй калган партиялар бул көрүнүштү пайдаланып кетиши ыктымал.

Негизи эле биометрикалык маалымат чогултууда көп маселелер бар. Ал эми биометриканын айынан добуш бере албай калган жарандардын гана укуктары бузулбай партияларга да залакасын тийгизет. Ошондуктан бул жагын да карап көрүш керек. Кыргызстандагы кырдаалды эске алгандай шайлоо өткөрүү бир топ ызы-чууну алып келиши мүмкүн. Андыктан кандай гана жаңы тартип киргизилбесин аны кылдаттык менен ишке ашыруу керек. Кыргызстанда өнүгүп жаткан демократиялык процесстерге терс таасири тийип калбашы зарыл.

Шайлоо боюнча мыйзамдарды мындай өнөктүккө жарым жыл калганга чейин кабыл алган жакшы. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө да шайлоого бир жыл калганда бул багыттагы мыйзамдарды өзгөртүүгө жол койбойт. Анткени, аны алмаштырган тарап кандайдыр бир кызыкчылык үчүн мындай нерсени жасап коюшу мүмкүн. Азыркы кырдаалды алып караганда жаңы кабыл алынган шайлоо мыйзамы парламентке өткөн партияларга ыңгайлуу, ал эми сыртта калган партиялар үчүн бир аз ыңгайсыз болушу ыктымал. Азыркы бийлик да алешемдиктерге жол бербей, шайлоону таза өткөрүүгө аракет кыларына ишенип туралы. Ал эми шайлоо боюнча ашыкча тосмолорду колдонуу административдик күчтү ашыкча колдонууга жол ачат деп айтсак болот.

- Оппозициянын тактикасычы? Азыркы учурда саясий күчтөрдүн оппозицияда калуусу канчалык ыңгайлуу?

Менин көз карашымда бүгүнкү күндөгү оппозиция майдаланган, реалдуу идеясы жок, өлкөдө реформаларды жүргүзүү боюнча олуттуу программасы жок жана эл колдогон лидери жок саясий күчкө айланды. Бийликте турган айрым партияларда деле мындай көрүнүш бар. Ушундай кырдаалда оппозицияда калуу ыңгайлуубу? Мен мындан эч кандай пайданы көрбөй турам.

- Сиз кандай ойлойсуз, парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырууда пайда алып келүүчү күч Кыргызстанда барбы?

– Азырынча коомдо мындай абройлуу жана таасирдүү күчтү көрбөй турам.

- Сиздин оюңузча шайлоо өткөрө турган мамлекеттик органдар (БШК, МКК) аны өткөрүү боюнча техникалык жактан даяр боло алабы?

– Жаңы тартиптерди эске алганда азырынча бул боюнча ооба же жок деп кесе айтуу мүмкүн эмес. Учурда бир катар тобокелдиктер бар. Анын үстүнө биометрикалык маалыматтарын тапшырбагандар шайлоого катышпай турганы жана добуш берүүнү автоматтык түргө өткөрүү аракети көрүлүп жатат. Жакынкы айлар чечүүчү мезгил болот. Мунун баарын жасоого жетишеби жокпу аны айтуу кыйын. Көрөбүз го.

Айбат гезити №129



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru