Айбат » Алтынды басып алып жата бербей, иштете билгенде гана пайдасын берет

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Алтынды басып алып жата бербей, иштете билгенде гана пайдасын берет

АлтынКыргыз элинин турмуштун ачуу чындыгынан алынган уламыштары, жомоктору арбын эмеспи. Алардын биринде мындай деп айтылат: Илгери-илгери өткөн заманда эки бир тууган жашайт. Алардын бири бир күнү аттын башындай алтын таап алат экен. Экинчиси болсо, бир ууч буудай таап алат. Аттын башындай алтын тапканы аны бир тууганы менен бөлүшүүдөн качып, алтынды жонуна илип алып жер кезип кетет. Аны саткысы да келбейт, иштеткиси да келбейт. Көзүнөн нуру кайтып, ачкалыктын азабына батса да, кийими жедеп эскирсе да баягы алтынды жонунан түшүрбөй көтөрүп жүрө берет.

Ошентип ортодон 3-4 жыл убакыт өткөрөт. Ал жигит уктаса да алтынды жонунан түшүрбөйт. Ошентип жүрүп, акыры кайра өзүнүн айылына кайтып келет. Келсе баягы бир ууч буудай таап алган бир тууганы аны жерге айдап, адегенде биринчи жылы азыраак болсо түшүм алган болот. Ал түшүмүнөн жегенге азыраагын алып калып, калганын дагы жерге айдайт. Ошентип 3-4 жылдын ичинде тытынган эмгеги менен бардарчылык турмушка жетишип калган болот. үй-бүлөсү менен бактылуу жашап, кеч күүгүмдө үйлөрүндө тамактанып отурса, баягы аттын башындай алтын тапкан бир тууганы кирип келет. Көзүнөн нуру качкан, жедеп арыктаган, жүдөгөн. Бир тууганын көрө калган үй ээси ордунан тура калып, кучактай калат. Анан төргө отургузуп, тамактандырат. Ал-жайын сурайт. Анан анын жонунда көтөрүп жүргөн жүгүн жерге алып, эс алуусун өтүнөт. Ошондо бир тууганы айтат экен: «Муну ошол таап алган күндөн тарта жонумдан түшүрбөй көтөрүп жүрөм. Азыр ал жонума жармашып калып, чыкпай калыптыр» деп. Мына мекендештер, турмуштун ачуу чындыгы.

Алтын – бул албетте байлык. Бирок, аны жөн гана карап отура бергенден, же көтөрүп жүрө бергенден адам баласына пайда алып келбейт. Анын сыңары азыркы тапта Талас аймагында жайгашкан «Жерүй» алтын кенин иштетүүгө кыргыз өкмөтү катуу аракеттерди жасап атса, айрым экономикадан, тоо-кен тармагынан түшүнүгү жоктор элди тескери жолго үгүттөп, аны иштетүүгө каршылык көрсөтүп атышат. Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 4-майында Кыргыз Республикасынын геология жана минералдык ресурстар боюнча Мамлекеттик агенттигинде «Жерүй» алтын кенин иштетүү жана анын аянтында геологиялык иликтөө жасоого конкурс өткөрүү боюнча конкурстук комиссиянын отуруму болгон.

Жыйынтыгында конкурстун жеңүүчүсү деп Россиянын «Восток-Геолдобыча» компаниясы табылган. «Жерүй» бул компанияга 100 миллион долларга сатылган. Муну менен албетте «Жерүй» сатылды, эми аны аталган компания каалагандай иштетип, өзүнүн чөнтөгүн гана кампайтып кетип калат деген түшүнүктү айткыбыз келбейт. Андай эмес. Алтын кени иштетилип баштаса, андан мамлекетибиздин бюджетине тиешелүү салыктар жана милдеттүү төлөмдөр төлөнөт. Ал жерде жергиликтүү тургундар үчүн жумуш орду табылат. Бул албетте калктын социалдык абалынын жакшырышына жол ачат. Ал эми айрым эл бузарлар айтып аткандай экологияга терс таасирин тийгизет деген пикирлер да эске алынган. Анын баары мыйзамдын чегинде компенсацияланат жана экологияга болушунча камкордук жасалат. Эгерде биз сүйүктүү Кыргызстаныбыздын гүлдөп-өнүгүшүн кааласак, анда жогорудагы жомокто айтылып кеткендей, алтынды жөн эле басып жата бербешибиз зарыл. Аны иштетип, келечектин камын көрүүбүз зарыл…

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №129




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru