Айбат » Шайкиева Акгүл Турганбековна Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кызматкери: “Классташ – деген сөз, мен үчүн бир тууган…”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Шайкиева Акгүл Турганбековна Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кызматкери: “Классташ – деген сөз, мен үчүн бир тууган…”

Шайкиева Акгүл ТурганбековнаАдамдын эң бактылуу күндөрүнүн бири болуп мектептеги күндөр болуп саналат. Көз ачып жумганча убакыт учкан куштай зымырап өтүп 10 жылдык, 20 жылдык классташтардын жолугушуусу өтүп турат. Ал жолугушууларда  бир аз болсо да мектептин мезгилине кайтып өткөн, кеткен күндөрдү эстешип бир чер жазышып алышат эмеспи.

- Сиздин бала чагыңыздагы кыялыңыз?

– Эң сонун суроо узаттыңыздар, ыракмат. Бала чагымда көп эле нерсени кыялданчумун. Көбүнчө ак халат кийип иштесем деп. Эң башкы кыялым эсимден кетпейт. Элибиздин улуу инсаны Чынгыз агайыбыздай мен дагы сырт жакка чыгып келсем, сырт жакта окусам дээр элем. Эң башкысы ушул кыялым орундалды. 1995-жылы Түркия мамлекетине окуганы жөнөп кеттим.

- Кантип Түркияда окуп калдыңыз?

– Мектепти аяктаарым менен борбор калаадагы Медициналык орто окуу жайына тапшырып, окууга өттүм. Эсимден кетпейт… Окуу башталганына 1 апта болгондо, анатомия сабагы учурунда «Шайкиева, директор чакырып жатат» деп калышты. Баары мени карап калышты. Келе элек жатып эле, директорго чакырылганы эмнеси дегенсип. Барсам 100 гө жакын кыздар чакырылыптыр. Ошолордун ичинен мен тандалып калдым. Ошентип Түркия мамлекетинин бир Медициналык орто окуу жайында окуп калдым.

Мектеп- Сизди ойлонткон эки нерсе (жаштар, окуучулар жөнүндө).

– Биздин бала чакта азыркы жаштарга, окуучуларга сунушталган мүмкүнчүлүктөр чамалуу эле. Биз окуп жүргөн убакта ар кандай курстар аз эле. Компьютерди билбей чоңойдук десем болот… Азыр жаштарды карап, кандай бактылуу жаштар деп, көп ойлоном. Окуу, билим жагынан ар түрдүү мүмкүнчүлүктөр көп. Ушул мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланып калышса деп ойлом.

- 20 жыл сиз үчүн кандай ийгиликтерге жетише алган жылдардан болду?

– Чыңгыз Айтматовдун бир сөзү абдан жагат. «Адамга эң кыйын нерсе – бул күн сайын адам болуу». 20 жыл ичинде эң башкысы адам болдум. Атагым алыска чыкпаса дагы, өз чөйрөмдө ишимде ийгиликтүү, пайдалуу адам болдум десем жаңылышпаймын.

- Классташ деген сөздүн мааниси?

– Классташ – деген сөз, мен үчүн бир туугандай болгон жакын кишини билдирет. Ак фартук кийип, ак бантикти башыңа байлап, ата-энеңдин колун жетелеп, мектептин босогосун аттаган күндөн баштап, 11-жыл бирге окуган киши. Кулк мүнөзүмдү 5 колдой билген теңтуштарым. Колдон келсе, ошол бойдон кала бергин келет, бирок жашоо ар кимдин жолун ар тарапка алып барат тура…

- Окуучулук күндөрдү эстегенде, кандай ойлор ойго келет ?

– Биринчиден, окуучулук күндөрүмдү эстесем, эмнегедир мектептин маңдайында аккан Кара-Суубуз эсиме келет. Ошол сууга доска сүрткөн чүпүрөктү жууганыбыз… Класстагы ар кандай тентектик күндөр. Бүтпөгөн сөздөрүбүз, талаш-тартыштарыбыз… Колдон келбейт, келсе окуучулук күндөрдү кайрып алсак гана атаганат…

Шайкиева Акгүл Турганбековна- Классташтар жөнүндө макал же анекдот айтып бере аласызбы?

– Мен болгон окуяны эле айтып кетейин. 7-8 -класста окуп жүрсөк керек. Биз эски мектепте орус тил кабинетинде окудук. Керимаалы агайдын сабагы болчу. Агай келээрде баарыбыз досканын артындагы бөлмөгө кирип, жашынып калдык. Агай кабинетке кирип келип, булар кайда кетишкен ыя деп, кайра чыгып кетти. Ушундай шок балдар элек…

- Биринчи мугалим жашоодо кандай роль ойнойт?

– Алгачкы мугалим окуучунун билим алуу башаты деп койсок болот. Алгачкы алынган билимдин тамыры канчалык терең жана бекем болсо, кийинки кабыл алуучу билим дагы сабагы бийик жана мөмөлүү болот. Алгачкы мугалимдин берген билими өтө маанилүү.

Биздин биринчи жана бала чагыбыздын алгачкы “А” деген арипти тааныткан мугалимдерибиз ыраматылык Бектурова Секин эже менен Абдыгазиева Секин эже. Бал таттуу бала кыялыбызда эжейлерибиздин ар бир айткан кеби биз үчүн өтө чоң мааниге ээ болуп, сыйкырдуу күчү бар эле. Алар бизди улам алга шаштырып тээ бийиктерге азгырып туруучу. Алардын берген билим таалими бизге ар дайым шыкак болуп, алдыга сүрөп бизге күч дем берип тураар эле.

Ыраматылык Бектурова Секин эжейибиздин жаны бейиштен орун алып, топурагы торко болсун..

 

Шайкиева Акгүл Турганбековна

- Мугалимдер окуучуга үлгү боло алабы?

– Балага үйдүн тарбиясынан тышкары мектептин тарбиясы дагы абдан маанилүү. Окуучуга мугалим 100 пайыз үлгү боло алат дээр элем. “А” тамгасын мугалимден үйрөнөбүз. Мугалимдин үйрөткөнү менен мектепти бүтөбүз, керек болсо, мектепте үйрөнгөнүбүз менен жашоого кадам таштайбыз. Алар бизге, коомго чоң үлгү. Мугалимдин берген сабагы гана эмес, мугалимдин отурганы, кийингени, сүйлөө маданияты, ар бир сөзү окуучуга сабак жана үлгү. Мугалим сабак гана бербестен, жашоо сабагын дагы, жүрүм-турумду, эл менен баарлашууну, коомдо өзүн кандай алып жүрүүнү үйрөтүүчү, жалпылап айтканда – АГАРТУУЧУ.

- Жалпы куттуктооңуз.

Албетте, эң биринчи куттуктоо сөзүм сиздерге арналсын. Ишиңиздерге албан ийгилик. Мага гезитиңиздердин барагынан орун бергендериңиз үчүн абдан ыраазымын. Гезитиңиздердин шааны эч качан өчпөсүн демекчимин.

Учурдан пайдаланып, апама чооң ыраазычылыгымды билдиргим келет. Өзүңүздүн жеке жашооңду биз үчүн арнаган алтын апам, мага үйрөткөн турмуш сабагың, билимиң, мээримиң үчүн сизге чооң ыракмат!

Бизди элине-жерине пайдасы тийген уул-кыздардан болсун деп эмгегин аябаган ата-энелер, сиздер бар үчүн биз барбыз. Сиздерге терең таазим!.

Болгон эмгегин жумшап, уядан учкандан кийин алган билимин улантып кетсин деп, шоктугубузга карабай, талыкпай эмгектенип келе жаткан мугалимдер, сиздерге өзгөчө таазим!

Элим, айылым ар дайым бар болсун! Жаштардын алган билими, элимдин кеңпейили менен айылдын даңкы эч качан өчпөсүн. Ар бириңиздерге ден-соолук тилеп, кичинекей бөбөктөрүмдүн көздөрүнөн өөп, улууларга таазим.

Гезитиңиздер аркылуу дагы бир жолу жалпы классташтарымды куттуктайм! Ар бириңиздердин ишиңиздерге ийгилик, үй-бүлөөлүк бакыт. 20 жылдык мааракеңиздер баардыгыбызга жакшы маанай тартууласын демекчимин.

Рахатбек РЫСАЛИЕВ

Айбат гезити №129



Башка окшош макалалар:

1 комментарий

  1. Абдан позитивдуу макала экен.

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru