Айбат » Бишкек ТЭЦи: Модернизациялоонун биринчи кадамы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Энергетика » Бишкек ТЭЦи: Модернизациялоонун биринчи кадамы

ТЭЦ Бишкек15-майда “Электр станциялары” ААКнын демилгеси менен Бишкек шаарындагы ТЭЦке журналисттер үчүн пресс-тур уюштурулду. Негизи бул сапарда ысык суу өчкөнүнүн пайдалынып ал жерде кандай жумуш жүрүп жатканын билүү максатында барганбыз. Бирок, көпчүлүк журналисттер Бишкек ТЭЦин модернизациялоо кандай нукта жүрүп жатканына кызыкты.

Таң эрте, күн эми көтөрүлүп жатат. Журналисттер тобу колдоруна каска кармап алып ТЭЦтин кызматкерлери менен жылуу учурашты. “Алгач башыңарга касканы кийгиле, андан кийин имарат ичине киресиңер. Бул силердин коопсуздугуңар үчүн. ТЭЦте оңдоо иштери жүрүп жатат ошондуктан кооптуу”, – деди алгач эле. Ал жерден биздин топко мекеменин башчысы Андрей Воропаев жана ТЭЦти модернизациялоону башкаруу тобунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов кошулду.

«Бишкекте ысык суу 12-майда өчүрүлдү. Бул жыл сайын кайталанып туруучу көрүнүш. Бир ай аралыгында бул жердеги бардык тетиктер оңдоодон өтөт. Негизги оңдоп-түзөө иштерин ТЭЦ эмес «Бишкектеплосеть» ишканасы жүргүзөт. Андыктан алар ысык суунун өчүрүлүшүнө кызыктар. Анткени, баардык тетиктерди оңдоо үчүн ушундай кадамга барыш керек”, – дейт  Андрей Воропаев.

Бул жерде ысык суунун өчүрүлүшү тууралуу сөз токтоду. Барып эле журналисттер ишканынын модернизациясына кызыгып туруп алды. Бирок, бул сапардын уюштуруучулары коштоп жүргөндөрдөн алыс кетпөөнү эскертти. Чындыгында айланабызда оңдоо иштери кызуу жүрүп жаткан экен. Ал аңгыча ары жактан темир металл учуп түштү.

«Кооптонууга негиз жок. Бул кадимки эле көрүнүш. Жумуш өз тартиби менен жүрүп жатат. Эскирген тетиктерди кайрадан жаңылап жатабыз”, – деп Темирлан Бримкулов бизди сооротуп.

Бишкек ТЭЦин модернизациялоо үч багытта жүрүп жатат: долбоорлоо, ыңгайлуу иштөө үчүн шарттар түзүлгөн. Негизи модернизациялоо долбоору алдын ала макулдашылган. Ал үчүн 3,1 млн. долларга бааланган атайын тетиктер алынып келинген. Ошондой эле, кошумча каражаттар үчүн эки трансформатор 8 млн. 233 млн. доларга келди. Июнь жана июль айларында жаңы тетиктерге заказ башталат. Баары болуп 8 котел 4 генератор түтүктөр жок кылынат. Алардын ордуна 2 жаңы котел жана кубаттуулугу 150 мегаватт болгон 2 генератор орнотулат.

Демонтаж болуп жаткан жердеги биздин маектешүү бир мүнөткө да жетпеди. Жетекчилер жумуш графиги бир мүнөт токтобошу керектигин билдирди. Чындыгында, келерки жылуулук мезгилине даярдык көрүү да жоопкерчиликтүү иш. Жылуулук борбору алдына койгон иштерин өз маалында бүткөрүүгө ашыгып жатыптыр.

“Бул жылы 450 тонна жергиликтүү, ал эми 900 миң тонна көмүрдү сырттан ташып келүүнү пландап жатабыз. Келе жаткан күз жана кыш мезгилдериндеги жылуулук берүүгө 14 котел жана 7 агрегат түтүктөр катышат. Бул тетиктер талап кылган 360 мегаватты толугу менен камсыздайт”, – дейт успокоил Андрей Воропаев.

Бишкек ТЭЦин реконструкциялоо иштери алдыңкы эки жылга чейин жүрөт. Биринчи блокту орнотуу 2017-жылдын июнь айына пландаштылылса, экинчиси август айында орнотулат. Эми мындай самаалыкка ишенип туралы. Аткаминерлер деле сөзүндө туруп максаттарын ишке ашырса керектир.

Айбат гезити №129



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru