Айбат » Гүлчамбар. Кош, асылкеч сиңдим!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Гүлчамбар. Кош, асылкеч сиңдим!

ЫрысканБүгүн сенин кыркылыгыңды өткөрүп жатышат. Чогуу иштегендер дагы чогулушуп сенин арбагыңа таазим этип келүү максатында сенин киндик каның тамган, сен мемиреп койнунда тынч уктап жаткан жериң ТЕГЕНЕГЕ кетишти. А мен болсо бара албадым… Сен капилеттен көз жумган күндөн баштап жаркылдап жүргөн элесиң көз алдымдан кетпей койду. Сен жөнүндө эскерме дептерин ачтым, Сүрөттөрүңдү чогултуп, биздин Кара-Көл шаарынын кандай кадыр барктуу инсаны болуп калгандыгыңды, сени жоготуу жакындарың үчүн оор жоготуулардын бири экенин сенин энеңе, бир-туугандарыңа далилдөө максатында, сенин жаркын элесиңдин эсте калаарлык кылып жакшы фото-видео слайд жасоонун аракетинде жүрдүм. Сени видео материалдардан кайталап көрүп сенин чын эле бул ааламда жок экендигине ишене албадым, ыйладым, буулуктум, сени жоктоп сыздадым. Сенин сүрөттөрүңдү карап олтуруп сага суроо бердим;-  ЭМНЕГЕ??? ЭМНЕ ҮЧҮН??? КАНТИП УШУНДАЙ БОЛУП КЕТТИ??? Сени ойлоп, жоктоп, ыйлай берип жүрөгүмө күч келип реанимация бөлүмүнө түшүп калдым… Эки күндөн кийин сен башкарчу терапияга которулдум. Мени жаркылдап тозуп алчу күндөрдү эстедим, ыйладым, ичим туз куйгандай ачышты, аттиң сенин элесиңди таппадым.

Сага, сенин арбагыңа, апаңа, туулуп өскөн жериңе, бир туугандарыңа таазим этип келүү үчүн сенин кыркылыгыңа барсам деген тилегимди таш каап, ооруканада сенин арбагыңа таазим этип куран окуп сага багыштагандан башка аргам калбады. Себеби мени дагы кыйналып каласың дешип, сенин кесиптештериң барууга уруксат бербей коюшту. Бүгүн сени жоктоп жаратылыш дагы ыйын, жашын төгүп турду. Токтобой нөшөрлөп жамгыр жаап жатты. Шамал аралашкан жамгыр жаап бүгүн чыгарып, ызаасын төгүп жаткансыды, муңун айтып тургансыды. Ырыскан сиңдим сен жөнүндө жаза берсем сөз түгөнбөйт. Аз өмүр сүрсөң дагы саз жашадың. Себеби дарыгер деген эң ардактуу кесиптин татыктуу ээси болдуң, үй-бүлөө куруп эки мончоктой балага эне болдуң. Бакыттын жароокер жары болдуң. Жашыңдан бөлүм башкарып, канча оорулуу адамдын алкышына татыдың, батасын алдың, эл оозунан түшпөдүң.

ЫРЫСКАН асылкеч сиңдим сен биздин жүрөгүбүздө, сезимибизде ар дайым тирүүсүң, сенин жаркылдап ачык айткан сөздөрүң, күлкүң, элесиң дайыма биз менен бирге болоор. Сенин ыйык ЫРЫСКАН деген атың сен дарылаган Кара- Көл шаарынын ар бир жашоочусунун жүрөгүндө сакталат деген ишеничтемин. Сиңдим бейиштин багын аралап, анын мөмөлөрүнөн даам татып периште катары жүрөт деп өзүмдү өзүм сооротуп келем. Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун!

Эжең Айнура

Айбат гезити №129



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru