Айбат » Кара-Балтада 301 жандык урдагандар кармалды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кылмыш » Кара-Балтада 301 жандык урдагандар кармалды

арестКөп улуттуу Чүй облусунда, ички миграциянын басымдуу бөлүгү отурукташып, жери жайлуу болгондуктан мал багып же талаа иштетип, ак эмгеги менен оокат кылган мекендештерибиз арбын. Бирок, “кой аксагы менен миң” дегендей эл ичинде оңой оокат менен күн көргөндөрү да жок эмес. Көп жылдан бери элдин малын жана башка баалуу буюмдарын кымырып алып жүргөн үй-бүлөнүн кылыгы билинип ачылбай жүргөн кылмыш иштеринин бир нечесинин бети ачылды.

Кара-Балта шаарынын Гидропартия участкасында тээ союздан калган жарымы бузулган сарайды сыртынан караган адамга анын көрүнүшү дыйканчылык, мал чарбачылыгы менен алектенип, өзүнүн ак эмгеги менен күн көргөн үй-бүлө жашайт деген ойго алып келет. Себеби, эки жанаша турган кароосу жок сарайдын алдында бузулган трактор, комбайн, камаз жана башка жеңил унаалардын бузулганы да оңу да турат. Сарайларда камалган музоо, кой, уй жана жылкы жаныбарлары арбын болгондуктан үй ээлеринен сырткары малчылар да жашашат. Калк көп жайгашкан жерден обочороок болгондуктан мында эч ким деле келе бербейт. Бейтааныш караанды көрсө арсылдаган дөбөттөр жеп ийчидей атырылып, көбүнчө байланбай же камалбай бош жүрүшөт. Көрсө иттер мындагы багылган малдарды уурулардан коргоо үчүн эмес, бейтааныштарды мында жолотпоо үчүн багылчы тура.

6-майдан 7-майга караган түнү Панфилов районунун Тельман айылынын 57 жаштагы тургуну Джамгырчы Мырзагелдиевдин сарайынан 36 баш койун белгисиз адамдар уурдап кетишкен. Бул тууралуу дароо жабырлануучу Джамгырчы мырза Панфилов РИИБнө арыз менен кайрылган. 8-май күнү бир жүк ташуучу унаага жүктөлгөн койлордун Кара-Балта шаары тарабынан өтүп баратып, милиция кызматкерлерине токтобой кеткени шек жараткан. Уурдалган малдарын издеген Р.Жапаралиев, М.Эркинбаев, Э.Миңбаев, жана Р.Султаналиевдер 8-май күнү Кара-Балта шаарынын Гидропартия участкасындагы эски сарайлардагы көп малдын ичинен жоголгон малдарды карап алуу тууралуу сураганда ал сарайда жашаган 40-45 жаш чамасындагы аял жана эки жаш бала иттерин коё беришип, келгендерге таш жана таяктарды көтөрүп Р.Султаналиевге таандык “Мицубиси Шариот Грандис” үлгүсүндөгү автоунаанын терезелерин талкалап жиберишкен. Жабырлануучулар бул сарайда көптөн бери издеген малдарын тааныгандыктан Панфилов РИИБнө маалымат беришип ошол эле 8-май күнү Жайыл РИИБнө арыз менен кайрылышкан.

Катталган кылмыштын негизинде ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп мал уурдоого тиешеси бар деген шек менен Кара-Балта шаарындагы Гидропартия участкасында жашаган 51 жаштагы Мусаев Догдурбек кармалып Жайыл РИИБнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган бирок, ал жерден 23 жаштагы Доктурбек уулу Нурсейит жана 24 жаштагы малчысы Руслан Муратовдор из жашырып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Ошол 8-май күнү болгон окуя Жайыл жана Панфилов райондорунун мал жоготуп таппай жүргөн тургундарына желдей тарап, баары эле сарайдын короосуна келишип, көпчүлүгү короодогу малдарды тааный баштайт. Тааныгандары өзүнө тиешелүүлөрүн кармап байлап өзүм билемдик башталганда, Чүй ОИИББнын жетекчилигинин көрсөтмөсү менен 8-май күнү сарайлардагы малдарды ар ким туш тарапка айдап кетпеси үчүн Чүй ОИИББнын тез чара көрүүчү атайын отряды күзөткө коюлуп, 9-май күнү Сокулук, Москва, Жайыл жана Панфилов райондорунан мал жоготкон жарандар келишип тааныгандары, малын жоготкон маалда арыз менен милиция кызматкерлерине кайрылган болсо, ошол арызда көрсөтүлгөн өзгөчө белгилери дал келген малдар тил кат менен 176 кой, 87 баш жылкы жана 38 уй ээлерине берилди. Калган малдарды Жайыл, Панфилов жана Москва РИИБнүн кызматкерлери жана ыктыярдуу элдик кошуундар кезек менен кайтарууга алышууда.

Ал эми малдар багылган сарайдагы жашоочу жайды тинтүү учурунда бир нече адамдын паспорту, жер тилкелеринин документтери алынды. Бул жерде жашаган Айнура Урманбетова жана 19 жаштагы Р.Урманбетов жана 13 жаштагы Р.Урманбетовдор 10 жылдан ашык убакыттан бери Д.Мусаевдин сарайында жашап келгенин айтышат. Катталган арыздардын негизинде кылмыш иши козголуп, 23 жаштагы Доктурбек уулу Нурсейит жана 24 жаштагы Р.Муратовдорго издөө жарыяланган.

15-май күнү болжол менен 22-00 чамасында Боом капчыгайындагы Кыз-Куйөө айылынан “ВМW-740” үлгүсүндөгү автоунаада бараткан балдар Ысык-Көлдөн Бишкекти көздөй келаткан Спринтер үлгүсүндөгү унааны жол жээгине кысып токтотот да 30 жаштагы айдоочу Нурбек Чурековдон жолдун “отметкасын” бер деп 23-28 жаштар чамасында эки бала коркута баштайт. Айдоочунун жалгыздыгынан пайдаланышкан шылуундар анын сумкасын жулуп алып кетип калышат. Сумканын ичинде автоунаанын документтерин алып коюшту деген ой менен аркасынан кууп жөнөйт. Көрсө ал сумкада 200 сом акчасы болгон экен. Каарданган айдоочу “ВМW-740” автоунаанын аркасынан кууп келсе ал балдар башка бир “Ф-Пассат” автомашинесин токтотуп, айдоочуну жулмалап жатканын көрүп дароо барып, колундагы дөңгөлөк бураган ключ менен башка чаап жиберет. Башынан аккан каны менен машинеге отура салып экөө тең качышат. Аркасынан кууган Нурбек Чуреков Кемин районуна келип жогорудагы окуя тууралуу милицияга кабар берген. Бул боюнча жолдорго тосмолор коюлуп шектүү унааны кармоо тапшырмасы кызматкерлерге берилген. Ыкчам иликтөө иш-чарасынын натыйжасында Чүй облусунун ИИББнын ЖККнын кызматкерлери А.Сатылганов жана Тынчыбек уулу М. Кемин райондук ооруканадан алгачкы жардам алууга бейтааныш жарандардын келгенин байкап, алардын бирөөсүн кармашып, экинчисин качырып жиберишкен. Кармалган жарандын өздүгүн тактоо маалында Догдурбек Мусаевдин малын кайтарган 24 жаштагы Руслан Муратов болуп чыгат. Ал мал кайтаруу менен чектелбей кылмыш иштерине аралашып жүргөнүн моюнуна алган. Өзүнүн айтымында 1 кой уурдаса 1500 сом акча алып жүрүп, 8 кылмышка катышканын айтып берген.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №129



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru