Айбат » Аракет кылсаң берекет. “Төө-Карындын” ажары ачылды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Аракет кылсаң берекет. “Төө-Карындын” ажары ачылды

01Мындан чейрек кылым мурда Кетмен-Төбөдөгү “Төө-Карындын” бактысы ачылып, ак таңдай акын Токтогул Сатылгановдун 125-жылдык мааракесине арналып ошончо боз үй тигилген.Улуу тойго алыскы өлкөлөрдөн боордошторубуз агылып келген.Элдин жарпын жазган ошол тарыхый окуя эмдигиче тойго катышкандардын эсинен чыга элек.

Заман өзгөрүп,союз ыдырап биз эгемен өлкөгө айландык.Бирок көп жылдар бою чогултулган элдин байлыгы таланып кетип сызга отуруп калдык. Ар ким өз билгениндей оокатын өткөрүүгө белсенип аракетин жасай баштады.Кыйналгандардын катарында Белетбек Арыков да бар эле. Туңгуюктан чыгуунун амалын көздөп акыры жер менен иштөөнү тандады. Анткени андан бөлөк нан табуунун жолун көрбөдү. Көп мыкчыгерлердин эшигин каккылап жүрүп кагаздарын жайына келтирип эки жарым гектар жерге ээ болду.Бир топ жылдан кийин мээнетинин акыбети төгүлүп берди. Ээн жаткан жерди алмалуу бакка айландыруу оңойго турган жок. Алманын түркүн сортун тигип, убагында зыянкечтерден дарылап,сугаруу көп түйшүктү талап кылат экен.

Жер шартына ылайык алма сайгандыктан тез жетилип өзүнүн түшүмүн акыры бере баштаганына кубанычы койнуна батпай жүрөт.Күз келгенде алыстан эле алманын жыты танооңду удургутат. Ошондогу сезимди сөз менен жеткирүү өтө кыйын.Аны билүү үчүн күзүндө алма бакка барууң керек. Бакты көздүн карегиндей асырабасаң жемишин жей албайсың. Ошондуктан багбанчылыкты кылдат үйрөнүү талап кылынды.Кышында витамин жегиң келсе алманы сактоого далалат кыл. Айтор бул жааттагы иштер жолуна түшүп калды.

Жалаң эле багбанчылык менен алек болбостон тоок багууну өздөштүрдү. Оболу бир жарым миң тоокту багып көрдү. Жүрүп олтуруп бул кесиптин да өтөлүнө чыкты. Көрсө адамдын эркине баш ийбеген нерсе жок экен.Кайсыл убакта дарылаш керектигин,эмне үчүн атайын жемдерди берүү зарыл экенин эми билип алды. Жакшылап көңүл бурсаң каражат табуунун булагы болорун да жаттап койду. Ошентип ар бир айда тооктун жумурткасынан эле 50 миң сом таап жатканын каарманыбыз жашырган жок.Бала-чакасы да алыска кетпей атасына көмөктөшүп жүрүшөт. Ал эми жубайы Гүлзина болсо эң жакын кеңешчиси.Ансыз мынчалык деңгээлге жетмек эмес.Колун узартып,зарыл учурда кеп-кеңешин берип жүргөндүгү үчүн ушунча ийгилик жаралып жатканын жашырууга болбойт. Көрсө мыкты эркекти көккө жеткирген зайыбы болорун турмуш өзү далилдеп койду. Ошентсе да жакшы жашоонун сыры эмгекте турбайбы? Бул биротоло тастыкталып бүткөн көрүнүш.

Кийинки кездерде тоок багууну каалагандардын семинарлары ушул ишкердин фермасында өткөрүлгөнү бекерден эмес. Анткени бул жердин ээси тоок багуунун сырларын өздөштүрүп алган. Чынын айтсак эттин резерви болгон тооктун турмушта орду бар тура. Учурда жаз жарышы башталып эмгектин шаңы күчөгөн.Камбыл адам кыш камылгасын эмитен көрө баштайт эмеспи.Белетбек Арыков да күндү текке кетирбөөнүн аракетинде. Касиеттүү “Төө-Карынды” мекендеп, ажарына келтирген ишкердин ийгилигине биз да сыймыктандык. Эгерде ар бирибиз ушинтип мээнеттенсек өлкөбүздүн экономикасы алдыга өсмөк. Илгерки убак өткөн. Бирөөнүн көзүн карабастан оокат кылууга дитибизди буралы.Аракетке жараша берекет болорун айгинелеген бул мисалды көңүлүбүздөн чыгарбасак майнаптуу болмок. Бар болуңуз, иштерман Белетбек мырза!

Ж.Сулайманов, Токтогул району

Айбат гезити №129



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru