Айбат » Изги пикир. Жазуучу Тойчубай Субанбековдун эмгеги бааланса

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Изги пикир. Жазуучу Тойчубай Субанбековдун эмгеги бааланса

Тойчубай СубанбековКыргыз элинде азыр жазмакерлер аябай көбөйүп кетти. Кайсы жазуучу кандай жазаары туурасында сын айткан деле киши жок, ар ким өз билгенин жаза бермей адатка айланды. Акчасы болсо болду, эстеликке бир китеп чыгарып коёюн деген пикирде болушууда. Ал калайык калкка тиешеси барбы, жокпу, аны менен деле эч кимдин иши жок. Китеби чыгып, базарда сатыкка турса болгону. Ал кандай деңгээлде жазылганы тууралуу эч бир ой айтылбайт, эч бир маселе коюлбайт. Мунун баары оош-кыйыш, күчөгөн мезгилдеги, базар экономикасынын катаал шартындагы демократияга, сөз эркиндигине келип такалууда. Ошондон улам “ким кандай жазат?” – деген пикир келип чыгат.

Адабият теориясы туурасында сөз да кылып болбойт. Жазылган чыгарма кандай деңгээлде, философиялык, логикалык ой барбы? Турмуштун, коомдун каармандарын көркөм чеберчиликте чагылдырып бере алдыбы, жокпу, ал туурасында сөз кылуу да мүмкүн эмес. илимий-техникалык прогресстин жетишкендиктери коомчулукка, маңкуртчулукту алып кеттиби деген ой туулат. Ушундай жагдайынан алып караганда окурмандарды ойго салган, боор толготкон чыгармаларды жазган жазуучулар да бар. Алардын бири Т.Субанбеков. Андыктан чын жүрөктөн бүгүн биз сөз кыла турган мына ушул белгилүү жазуучу Тойчубай Субанбеков. Ал көп жылдардан бери турмуштун ар кыл реалдуу окуяларын көркөм сүрөттөп жазып келатканы туурасында жакында эле билдим. Анткени анын “Күнбосун ажо” деген тарыхый чыгармасы колума тийгенден кийин гана тааныдым (биздин заманга чейинки экинчи, үчүнчү кылым). Эмнегедир жалпы журтчулук китеп окубай кеттик. Бул коомдогу болуп жаткан объективдүү, субъективдүү шарттарга байланыштуу болуп жатса керек.

Менин колума тийген китеп майда арип менен жазылып калса да, бүткүл дитимди коюп, бүткүл көңүлүмдү буруп, көз айнек менен тирмийип олтуруп окууга туура келди. Чыгармада кыргыз элинин эр азаматтарын, суйкайган сулуу кыз-келиндерин, асыл канышаларын, эр эгиздерин, нускалуу байбичелерин жогорку деңгээлде көркөм сүрөттөп берген. Арийне китепти барактап бетин ачпай туруп, анын ичинде кандай купуя сырлар, акылман кептер, философиялык ой толгоолор, патриоттук сезимдер, салт-санаалар жатканын билбейсиң да. Улам арылап сүңгүп кирген сайын сени укмуштуудай кыргыз элинин тарыхый басып өткөн жолу көз алдыңа шурудай тизмектелип жүрүп олтурат. Мына ушуну айт чыгарма деп. Китептин биринчи бетиндеги жазуучунун жазган чыгармаларын тизмектеп,

кыскача жазып кеткенинен улам Тойчубай Субанбековдун көптөгөн чыгарма жаратканынан маалымат алдым. Эми анын калган чыгармаларын окууга дилгирлене баштадым. Мен анын “Жагылкар кан”, “Атанын Айбугу чоросу”, “Күчүлүк эрен”, “Баймурат төрө”, “Аксак Темир”, “Токтомуш кан”, “Мамай кан”, “Кашкай баатыр менен ак байбиче”, “Дөөлөс баатыр”, “Дыйканбай манап”, “Сатылган ажы” жөнүндөгү тымсылдар, “Көөдүлдүн кыркалекей теректери”, “Илбирс” аттуу повесттердин, “Издер өчпөйт” деген аңгемелер жыйнактын, “Жүрөктөш жар”, “Жээренче чечендин акыркы күндөрү”, “Барсбек кагандын көрөр көзү”, “Каратүлөк чоронун эрдиги” аттуу романдардын автору экенине ынандым. Эмне деген эмгек, эмне деген чыгарма! Изилдесем, бул автор андан кийин да бир-эки көлөмдүү чыгарманы жаратыптыр. Баш аягы билинбей жыйырмага жакын көлөмдүү аңгемелердин, повесттердин, романдардын автору экен. Мен муну жөн эле жазган жокмун. Өкүнүчтүү нерсе бар. Ушундай мыкты жазуучу Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлбөй келгендигине таңмын… Өз көмөчүнө күл тартпай, акты ак, көктү көк дейли. Бул суроо ар бир китепкөйдү, ар бир окурманды ойлонтууга тийиш. Мен китепти окугандан кийин гана ушундай ойго келдим.

Маани-маңызы жок окуя кууган же интим менен кызыткан чыгармалар көбөйүп кетти. Өсүп келе жаткан жаш муундардын жан дүйнөсүнө бүлүк салган, элибиздин нарк-насилине доо кетирген китептер көбөйүп кетти. Мындайлардын ордуна жогоруда айтылган омоктуу ойлорду жазган, мекенчил, коомдун кызыкчылыгын көздөгөн, жаштарыбыздын келечегин ойлогон жазуучулар биздин турмушубуздан орун алса дейм. Карасам эч бир мамлекеттик наамы жок ушундай зирек жазуучуларды окурмандар өзүбүз көтөрбөсөк, өзүбүз аларга жакшы ой, жакшы сөз айтпасак, негедир ойлой турган киши жоктой. Мен ардагер мугалим катары айтаарым Тойчубай Субанбековдун эмгеги бааланып, кыргыз эл жазуучусу деген ардак наам берилсе, мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлсө жакшы болоор эле. Анткени бул жазуучунун жазган чыгармалары ошол деңгээлге жетип калганын өзү эле айтып турат…

Каниет Өмүралиева, ардагер мугалим

Айбат гезити №129




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru