Айбат » Адилет Азимов, ырчы: “Тойлордон көп акча таппайм”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Шоубизз » Адилет Азимов, ырчы: “Тойлордон көп акча таппайм”

Адилет АзимовКыргыз сахнасында эмгектенип көптөгөн конкурстарга катышып, байгелүү орундарды камсыз кылып, кыргыздын желегин желбиретип келген мырзаларыбыз саналуу экени барыбызга белгилүү. Ошол саналуу мырзалардын арасында көптөгөн конкурстарга барып орундарды камсыз кылган, “Baltic Super Star” эстрада ырчыларынын IV эл аралык конкурсунда биринчи орунду алган. Кыргыздын дагы бир сыймыктана алатурган  жаш ырчы мырзабыз Адилет Азимов

 

Менин балалык бал татыган күнүм Кара-Балтага арналган

Мен, 1992-жылы 15-декабрда Бишкек шаарында туулгам. Өзүм сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Токбай айылынан болом. 1-класстан баштап 9- класска чейин Кара-Балтанын 3-мектебинде окуудум.  Окуучулук күндөрүмдү аяктагандан кийин  Бишкектеги Күреңкеев атындагы  музыкалык мектептке тапшырып ошол жерден музыкалык билим алгам.

 


Ырчы болушума ата-энемдин салымы абдан чоң

Ырчы болууга ата-энем түрткү болгон. Себеби, ата-энем  маданият бөлүмүндө иштеген адамдар.  Апам актриса кыргыз драм театрды бүткөн, аты Айсулуу Кудайбердиева  менин ырчылык үн жагым апамтараптан  келген.  Ал эми атам бардык аспаптарда ойноо жагынан чебер. Атамдан мага ошол аспаптарда ойноо жагы келсе керек дейм да. Ошондой эле  менин бир карындашым бар, карындашымдын да  үнү аябай кооз.   Карындашым ырычылыкты кесип катары көрбөйт,анткени  башка нерселерге да кызыгат. эгер ырчы болсо биздин эстрадагы мыкты ырчылардан кем калбайт деп ойлойм. Ал эми мага бул ырчылык кесибим катары.

 

Ырларымды ар дайым издеп жүрүп табам

Мен өзүм ыр жазбайм, издеп жүрүп обону жакшы ырларды аткарам. Көңүлүмө оор ырлар жагат. Көбүнчө ырларым оор болгондуктан элге бат сиңбейт, анткени  менин ырларым конкурска катышуучу ырлар болуп эсептелет. Азыркы учурда элге жеңил, угумду жана өтүмдүү ырларды жаздырып жатам, азыркы  учурда үч ырым даяр болуп калды. Жакынкы арада ал ырларыма элдер күбө боло алышат деген ишеништемин.

 

Адилет АзимовТаланттымдын артынан көп конкурстарга катышдым

Мектепте окуп жүргөндө да ар тараптуу конкурстарга катышып ийгиликтерди жараткам. 2005жылы, 2007- жылы  “Жаш талант” конкурсунан 1-орунду алгам. Ал эми чоң мамлекеттик деңгээлдеги конкурстардан, Күреңкеевди аяктап жатканда “Кадыр түн 2012” конкурсу  өткөн, ал конкурста  2 орунду  камсыз кылгам, бул орун  менин алгачкы ийгилгим болуп саналат.  Ошондой эле 2013-жылы “Мейкин Азияга” катышып 3-орунду жана эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгом. Бул ийгилигиме жеткен учурда Консерваторияда 1-курста  да окуп аткан кезим болчу. Азыркы учурда ошол эле Консерваторияда 3-курста окуйм.

 

Эженин сунушу аркылуу Астанадан 1-орунду алып, 5 миң доллар утуп алгам

Консерваторияда 3 курс кезимде бир эженин сунушу менен Астана шаарында Шамшы Калдаяков атындагы эл аралык конкурска катышып калдым. Ал конкурска 1 ай даярданып эмгектенип, эмгектин акыбети 1-орунду камсыз кылып, 5 миң доллар утуп алгам. “Жаңы толкунга” катышып жарым финалдан соң өтпөй калдым. “Түрк вижион” конкурсуна да катыштым, бирок ийгилик болгон жок.

 

Адилет АзимовРоссиядан 1-орунду алып келдим

Жакынкы арада эле болуп өткөн конкурска Россиянын Санк-Петербург шаарына Кыргызстандын атынан баргам. Калыстар тобунда  Кыргызстандын атынан биздин белгилүү ырчы эжекебиз Айчүрөк Иманалиева отурду. Ал конкурс 3 турдан турду, 1 –турда Жамиля муратованын “Аккуумай” деген ырын ырдадым, 2-турда дүйнөлүк хит ырлардан Александра Софинанын “Луна” деген ырын ырдадым, 3-турда орусча “Нактун” деген ырды ырдайын деп жаткам, бул ыр абдан күчтүү ыр болчу балким ошондонбу уюштуруучулар өздүк ырлардан ырда деп калды, мен Атабек Бөдөшовдун “кудай берсе” деген ырын ырдадым. Ал конкурстун жыйынтыгында  гран прини Молдова алды, а мен болсо 1- орунду алдым.

 

Мен жана спорт

Мен музыкадан тышкары кызыгуучу нерселерим бар. Эми эркек болгон соң албетте азыр баары кызыгып ойноп жүргөн футболго мен да кызыгам. Жума сайын досторум менен ойноп турабыз. Футболдон тышкары сууда сүзүүгө кызыгам, сууга да жума сайын барып өзүмдүн ден-соолугама кам көрүп турам.

 

Адилет АзимовЫрчыларга патент менен иштөөдө кыйынчылык жаратат

Депутаттарыбыз ырчы, тамадалардан налог деп жаткандарына  мен макулмун, бирок айга же жылга карап кандайдыр бир сумманы койсо жакшы болот го деп ойлойм. Ал эми патент менен иштөөдө кыйынчылык жаратат болуш керек. Биздин тапкан каражатыбыз өзүбүздүн чыгармачылыгыбзга эле кетет, көп учурда кийим алууга ыр жаздырууга клип тартканга кетет. Алар бизге бекер келбейт да, алардын бары тең акчага жазалат. Мен өзүм тойлордон көп акча таппайм.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №129



Башка окшош макалалар:

1 комментарий

  1. баракелди ага.кыргыздын данкын алыска дагыда чыгара бер.анан потент демекчи ошол жогоруда отурган чанач депутаттардан алыш керек.алар арам семиздер

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru