Айбат » Ботобеков боздогондо жанына турбагыла…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Ботобеков боздогондо жанына турбагыла…

Ботобеков УранНегизи ар бир коомдо Асан кайгысы болот деген чын окшойт. Биздин Кыргызстан да мындайлардан кур эмес. Ашыкча Асан кайгы болгон, чымынды пилге айланткан Уран Ботобеков деген неме бар. Ал боздосо жанында адам чыдап тура албайсың. Бир айда же эки жумада бир боздоп, арманын айтып турбаса ооруп калат окшойт. Боздогондо эмне ойду тоону сүйлөп, азыркы бийликти жектемей эле. Бакиев акесин эңсеп, Мырзакматов тайкесин ойлоп өтө капа болуп жүрөт. Биз билгенден бул эргулду Мырзакматов мэр кезинде бир топ каражат жагынан камсыз кылып турган. Эми ал кыңыр ишинин айынан чет өлкөдө алапайын таппай жүрөт. Ал эми Бакиев акеси да жашыруун булактар аркылуу Ботобеков боздогон сайын жашылбайлардан салып турганын эшиттик.

Бирок, жарыктык киши Кудайды да караса болмок. Жаман, жаман деп жан баккандар деле жүрбөйбү оңолбой. Антип бекер оокатка жашынан үйрөнбөй, ак эмгек менен иштесе болмок. Ушунча эле акылдуу, кыйын болсо бир иш көрсөтсүнчү. Деңгээлин көрөлү. Отуруп алып боздогон баарынын эле колунан келет да.

Айбат гезити №130




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru