Айбат » Юристин баласына мыйзам жокпу?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Юристин баласына мыйзам жокпу?

Икрамидин АйткуловКыргызстанда өзүн №1 адвокат эсептеген Икрамидин Айткулов деген киши бар. Мыйзамды тим эле семичкедей чагам деп мактанат экен. Макул, кыйын болсо өзүнө кыйын болсун. Бирок, бул киши бир да карапайым адамдын укугун коргогонун көрө элекпиз. Жалаң гана капчыктуулар, мамлекетти тоногондор кылтакка илингенде кайдан болбосун учуп жетет. Же мурду жыт билеби, айрым коррупционерлерди кылтакка иле электе ошол жерде пайда боло калат. Анын себебин көп ойлонбой эле билсе болот. Анткени, артында калбыры бар, мамлекеттин миллиондогон каражатын жеген эргулдар кутулуп кетүү үчүн жардам бергендерге акчаны аябашы белгилүү. Икрамидин мындайды өтө өздөштүргөн. Акматтан баштап Ташматка чейинки “эл жутарларды” дал ушул киши коргогонун көрүп эле жүрөбүз го.

Эми дал ушул Айткуловдун уулу Азамат шылуундук аракети менен өткөн жумада камакка алынды. Муну улуу Айткулов заматта саясатка айландырып, өзүнүн ишмердүүлүгүнө байлады. Эсиңиздерде болсо буга чейин да Икрамидин мырзаны өчөшкөндөр сабап кеткенде аны саясатташтырып чыккан. Негизи жеке ишин бийликке шылтабай эле койсо болмок жарыктык киши десе. Анткени, анын уулу ишкер адамдарды алдап, акчасын бербей качып жүгөндө кылтакка илинген. Алма сабагынан алыс түшпөйт деген кеп бекер жерден айтылбаса керек. Атасы элдин жемин жегендерди гана коргоп жүрсө баласы кайда бармак эле? Жок дегенде Кудайды караса болмок кургурлар. Бийлик Айткуловдорго өчөшкөндөй алар бир оппонет боло тургандай күч болсочу. Алыбай алына жараша жүргөнү эле түзүк го.

Айбат гезити №130



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru