Айбат » Айылчы Сарыбаев, экономист: “Ар бир акционердик коомдун өзүнүн ички экономикалык саясаты болот”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Айылчы Сарыбаев, экономист: “Ар бир акционердик коомдун өзүнүн ички экономикалык саясаты болот”

Айылчы Сарыбаев- Айылчы мырза, учурда айрым саясатчылар тарабынан «Центерранын» менеджерлери өтө чоң айлык акы алышат деген айыптоолор айтылып келет. Бул орундуу айыптообу?

– Жок, бул албетте орунсуз айыптоо. Себеби ар бир ишкананын, ар бир акционердик коомдун өзүнүн ички саясаты болот. Ал ички саясат акционерлердин жыйынында каралат. Ага жараша ал коомдун экономикалык саясаты жүрөт. Штат, айлык акы саясаты жүргүзүлөт. Эгерде акционерлердин жыйынында айлык акынын көлөмү туура деп чечилсе, аны башка эч ким туура эмес деп айтууга болбойт. Ал эми бизде айрым саясатчылар «Центерранын» менеджерлеринин кирешелери көп экен, айлык акыны көп алышат экен» деген айыптоолорду айтып атканы, бизде акционердик коом тууралуу билимдин жетишсиздиги, түшүнүктүн жоктугу болуп саналат. «Центерра» бул кичинекей компания эмес. Ал эл аралык деңгээлдеги чоң компания. Ошого жараша тиешелүү айлык акылары коюлган. Алар канча айлык акы алышаарын жашырышкан деле жок. Бардыгы ачык-айкын.

- Кыргызстанда айлык акылардын аз болуп жатышына башкы себеп эмне? Гүлдөп жаткан коррупция себепкер эмеспи?

– Башкы себеп – мамлекеттин экономикалык алсыздыгы. Мамлекет жетекчилеринин башкаруу жөндөмүнүн төмөндүгү. Ал эми коррупция бул башкарылбаган өлкөдө болот. Коррупциянын өсүшү албетте айлык акылардын аз болушуна да алып келет. Андыктан биз башка бирөөлөрдүн канча айлык алып атканын аңдыбай, өз арабабызды тыңдап тартууну үйрөнүшүбүз зарыл. Башка бирөөнүн айлык акысын, кирешесин аңдуу – бул башка бирөөнүн төшөгүн аңдуу менен барабар. Жапайычылык, наадандык. Эң башкысы экономикалык саясатты ачык-айкын жүргүзүп, мыйзам бузуулар болбосо болду.

Айбат гезити №130




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru