Айбат » Жаныш Бакиев жана мурдагы күч органдарынын кызматкерлери журналист Сыргак Абдылдаевге кол салуу боюнча шектелүүдө

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Негизги » Жаныш Бакиев жана мурдагы күч органдарынын кызматкерлери журналист Сыргак Абдылдаевге кол салуу боюнча шектелүүдө

Сыргак АбдылдаевЖурналист Сыргак Абдылдаевдин өмүрүнө коркунуч келтирүү фактысы боюнча мурдагы күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине, анын ичинде Мамлекеттик күзөт кызматынын экс-төрагасы Жаныш Бакиевге айып коюлду. Бул туурасында башкы прокуратура билдирди.

«Репортер-Бишкек» гезитинин журналисти болуп иштеп келген Сыргак Абдылдаевдин 2009-жылдын 3-мартында өмүрүнө кол салуу фактысы боюнча тергөө иштери Аскер прокуратурасы тарабынан 2015-жылдын 26-майында аяктап, Бишкек гарнизонунун аскер сотуна кылмыш иши жөнөтүлдү», – деп билдирет башкы көзөмөл органы.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы төрагасы Жаныбек Бакиевге (сыртынан), улуттук коопсуздук боюнча Мамлекеттик комитеттин төрагасынын мурдагы биринчи орун басары (УКМК) Турдубек Алмаматовго, ИИМдин кылмыш иликтөөсүнүн экс-начальниги Бакыт Парманкуловго, мурдагы ички иштер министринин орун басары Расулберди Раимбердиевге, ИИМдин башкармалыктарынын биринин начальнигинин мурдагы орун басары Туратбай Уметовго, УКМКнын кызматкери, майор Искендер Соодонбековго айыптар коюлду.

Эске сала кетсек, экс-президент Курманбек Бакиевге оппозициялык маанайда болгон журналист С. Абдылдаев 2009-жылдын май айында мыкаачылык менен сабалган. Дарылануудан кийин жабырлануучу Швециядан башпаанек алган.

Айбат гезити №130



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru