Айбат » А.Салянова көздөй кадрларын «сата» баштадыбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » А.Салянова көздөй кадрларын «сата» баштадыбы?

Аида СаляноваМурдагы башкы прокурор Аида Салянова эркин гезиттердин бирине жалаяктай маек куруптур. Ал жакынкы арада көз жарган соң чоң саясатка аттанаарын билдирген экен. Аман-эсен көз жарып алсын дейбиз. Бирок, Аида Жеңишбековнанын койнундагы күйөөсүн чебелектеп коргоп, мурдагы жардамчысы Кылычбек Арпачиевди тааныбайм дегени неси? Ал Арпачиевди Башкы прокуратурага келгенге чейин тааныбаганын, аны прокуратурага алып келбегенин айтканы. Ишенбейсиң. Себеби, К.Арпачиев бир жылча Аида айымдын жардамчысы болгону маалым. Жардамчылыкка ишенимдүү адам гана тандалып алынат. Бул жагынан алып караганда, К.Арпачиев күйөөсүнүн жакын досу болгонун эстен чыгарбайлы.

Ошол эле маегинде экс-башкы прокурор Арпачиевди мактап, аны коррупционер эмес деген. «Мен билгенден ал (К.Арпачиев) кесиптештеринин арасында таза, мыкты, профессионал, ишбилги адам катары таанымал болчу. Менин убагымда эле процесстик иш-аракеттеринин көбү бүтүп, сотко даяр болуп калган иш боюнча пара алганына ишенбейм» дейт ал. К.Арпачиевди жакшы тааныбайм дейт дагы, кайра аны акактай таза дегени күмөндүү ойду жаратат. Бул: «Эгер жакшылап иликтей келсе, Арпачиевдин коррупциялык ишмердүүлүгүнүн артынан Салянованын кош кулагы тикчийип чыгат» деген күбүр-шыбырлар бекеринен жаралбаганынан кабар бербейби?

Айбат гезити №130




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru