Айбат » Жүз арчыга качан эле бут кийим орочу эле?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Жүз арчыга качан эле бут кийим орочу эле?

Бакыт АбдыкапаровМурдагы Баш прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго ири көз боөмочулукка жана коррупциялык иштерге шектелип кылмыш иши козголгон. Буга чейин Бакыт мырза тергөө маалында жүз аарчыга оролгон акча жөнүндө  такыр танып чыккан эле. Тактап айтканда ал 25-май күнү болуп өткөн сот отурумунда “мен Нуртазин Жетибаевден жүз аарчыга оролгон тапочка менен сүлгүнү алгам. Анын ичинде эч кандай акча болгон эмес. Биз Нуртазин жетибаев экөөбүз бир бассейнге чогуу барабыз. Бассейнге барганда унутуп калган экем” деп актанган. Кантип эле дене-башы соо адам жүз аарчыга бут кийимин орочу эле? Бул бир жагы. Экинчи жагынан Нуртазин Жетибаев экөө бассейнге чогуу барып, кайра чогуу кетишсе, кантип Бакыт мырзанын буюмдары Нуртазин мырзанын колунда болуп калат. Же ал Абдыкапаровдун тапочка ташыгычы болуп калган беле?

Абдыкапаровдун мындай калпын 25-майдагы сот отурумда Башкы прокуратуранын кызматкери Н.Жетибаев жокко чыгарды. Ал жүз аарчынын ичинде акча бар экенин жазуу түрүндө айтып берген. Негизи Салянованын тушунда анын жолдошу ойда чартаңбай тепкени көпчүлүккө маалым. Эми жегендерин жөн эле кусуп, мыйзам чегинде жазасын алса болмок. Калп эле саясатташтыра бербей. Ушу Кыргызстанда саясатташпаган Абдыкапаровдун эле иши калды эле…

Айбат гезити №130



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru