Айбат » Президент Алмазбек Атамбаев Өкмөткө калк үчүн электр энергиясынын тарифин 84 тыйынга чейин жогорулатуу тууралуу чечимди кайра карап чыгууну сунуштады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Энергетика » Президент Алмазбек Атамбаев Өкмөткө калк үчүн электр энергиясынын тарифин 84 тыйынга чейин жогорулатуу тууралуу чечимди кайра карап чыгууну сунуштады

Электроэнергия2015-жылдын 28-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Премьер-министр Темир Сариев Мамлекет башчысына Өкмөттүн энергетикадагы тарифтик саясаты, республиканын энергетика тармагын туруктуу өнүктүрүүнү, үзгүлтүксүз жана ишенимдүү иштешин камсыз кылуу, электр энергиясына болгон  таңсыктыкты жабуу жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Премьер-министрдин сөзү боюнча 2014-жылдын ноябрында бекитилген “2014-2017-жылдарга электр жана жылуулук энергиясына КР ортомөөнөттүк тарифтик саясатына” ылайык 2015-жылдын 1-июлунан тартып калк үчүн электр энергиясына болгон социалдык-багыттагы тариф (айына700 кВт.с. чейин) 1 кВт/с. үчүн 70 тен  84 тыйынга чейин көтөрүлөт

Кыргызстандын энергетикалык тармагы туш келип жаткан проблемаларын түшүнүү менен кабыл алгандыгын билдирип, Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Өкмөтүнө ошондой болсо дагы чечимди кайра карап чыгууну, демек,  электр энергиясына социалдык-багыттагы тарифтин өлчөмү тууралуу маселесине кайрадан кайрылууну сунуштады. Алмазбек Атамбаевдин сөзү боюнча кышы катуу жана узакка созулган бийик тоолуу жерлердин жашоочуларына өзгөчө көңүл буруу зарыл.

Ошондой эле, Мамлекет башчысы мындай деп белгиледи: “Өкмөт энергоүнөмдөө саясатын улантууга тийиш. Жоготууларды кыскартуу боюнча ишти күчөтүү өзгөчө мааниге ээ. Энергосектордо коррупцияны жое тургандай  система түзүүгө жетишүү зарыл”.

“Энергетиканы өнүктүрүү планын ишке ашырууну улантыш керек. Жаңы станцияларды куруп, иштеп жаткандарын модернизациялоо зарыл. Жаңы энергетикалык кубаттуулуксуз экономиканы чыңдоо жана элдин жашоосун жакшыртуу кыйын. Эгерде зарылчылык болсо электрэнергиясын экономикалык жаткан өзүн актаган баада импорттоо зарыл. Эң негизгиси кыргызстандыктардын үйлөрүндө  ар дайым свет болуп, калктын социалдык жактан начар корголгон катмары  корголууга тийиш”,- деп баса  белгиледи Президент Алмазбек Атамбаев.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №130



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru