Айбат » Кыргыз бийлиги шайлоону таза өткөрүү аракетин жасап атса, ага каршы чыккан бейөкмөтчүлөрдү кандай түшүнөбүз?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кыргыз бийлиги шайлоону таза өткөрүү аракетин жасап атса, ага каршы чыккан бейөкмөтчүлөрдү кандай түшүнөбүз?

БиометрикаБатыштын акчасы менен каржыланып, ошол жактын идеологиясына сугарылып, камчысын чаап көнүп калган айрым саясатчылар, бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү учурда кыргыз бийлиги кандайдыр бир алгылыктуу иштерди жасап баштаса эле ага каршы чабуул жасап чыгышчу болду. Маселен, буга чейин Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсүнө караманча-каршы чыгышкан болчу. Бирок, мындай кадам өлкөбүз үчүн өтө маанилүү экендигин эл аралык деңгээлдеги дасыккан эксперттер билдирип келишкен. Эми болсо алдыбызга парламенттик шайлоо жакындап келатат. Коррупциянын тамырын кыркып, өлкөбүздү өнүгүү жолуна салыш үчүн эң ириде мына ушул шайлоону таза, акыйкат өткөрүп алуу зарыл экендиги белгилүү. Ал үчүн учурда кыргыз өкмөтү бардык аракеттерин көрүүдө. Алардын бири бул жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу. Мындай иш-аракеттин негизинде бир эле адам 2-3 адамдын ордуна кирип добуш берүү мүмкүнчүлүгү болбой каларын жакшы билебиз. Тактап айтканда карусель токтойт. Ар бир жаран өзү үчүн өзү гана добуш бере алат. Бул албетте шайлоонун таза өтүшүнө чоң өбөлгө болот. Мына ушул изги ишке дагы айрым саясатчыларыбыз, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү терс пикирлерин билдирип чыгышты. Маселен, Токтайым Үмөталиева, Нурбек Токтакунов өңдүү бейөкмөтчүлөр Конституциялык палатага чейин кайрылып, жарандардын биометрикалык маалыматын чогултууну токтотууну өтүнүшүптүр. Муну кандай түшүнсө болот? Же батыштан алган каражатты актоо үчүн мамлекетибиздин кызыкчылыгына, шайлоонун таза өтүшүнө каршы иштей берсе болобу?

Айбат гезити №130




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru