Айбат » Өкмөттүк эмес уюмдардын максаты кыргызды жок кылуубу?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Өкмөттүк эмес уюмдардын максаты кыргызды жок кылуубу?

Бир дүйнө - КыргызстанӨлкөбүздө күн өткөн сайын коркунучтуу жагдайга туш болуп жатканыбызды баары эле сезип жаткан болушу керек. Өкмөттүк эмес уюмдар башкача айтканда душмандардын саясаты күч алып, мыйзамыбыздын кабыл алынышына чейин киришип бараткан сыяктуу. Дегеним чет элдик уюмдар ар кандай жолдор менен саясатын жүргүзүп жатат. Мисалга алсак Төлөйкан Исмаилованын  “Бир дүйнө” коомдук уюму кино фестваль өткөрүмүш болуп гейлердин укугу, Ош окуясын башкача чагылдырган кино тасмаларды коюп элдин кыжырын келтиргени эсиңиздерде болсо керек. 27-майда ЖКда чет элдик тыңчылар боюнча мыйзам талкууга коюлган эле. Депутат Равшан Жээнбеков мыйзамдын демилгечилеринен “өкмөттүк эмес уюмдардын иши өлкө коопсуздугуна коркунуч келтиргени тууралуу анык мисал барбы?” -деген суроону узаткан. Анда “Эдил Байсаловдун өкмөттүк эмес уюму коркунуч келтирет” деп депутат Турсунбай Бакир уулу баса белгилеп өттү. Ал өз сөзүндө Байсаловдун өкмөттүк эмес уюмунан тышкары ал Төлөйкан Исмаилованын “Бир Дүйнө” уюмун да “кооптуу” деп атады. “Эгер мага ишенбесеңиздер, анда “YouTube”га кириңиздер ал жакта Байсаловдун видеосу бар. Көрсөңүздөр баары түшүнүктүү болот”,-деди ал. Чындыгында эле өкмөттүк эмес уюмдардын максаты эмне? Өзүбүздү улуттук баалуулуктардан ажыратуубу? Кыргыздын түп-тамырына жетүүбү? Карап отурсак адам укугу демиш болуп бир жыныстууларды бири бирине кошуп, тукум курут кылуубу? Атасы менен кызы никеге турса болот. Күйөөсү менен жашап жүрүп ойношунан төрөсө болот деген мыйзамдарды таңуулап жатышат. Чындыгында буга жол бербешибиз керек. Кыргыз элине кыргызча демократия керек. Адам укугу деп ата-бабабыз кылбаган арам нерселерден качышыбыз керек. Айланайындар бизге жолобоңуздар! Чет элдик агент мыйзамынын бизге кереги жок!

Айбат гезити №130



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru