Айбат » Мухамметкалый Абулгазиев, КР Социалдык фондунун төрагасы: “Пенсиянын топтолмо бөлүгүнүн каражаттары мурасталат!”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Мухамметкалый Абулгазиев, КР Социалдык фондунун төрагасы: “Пенсиянын топтолмо бөлүгүнүн каражаттары мурасталат!”

Мухаммедкалый АбулгазиевПенсиялык системанын топтолмо компоненти тууралуу КР Социалдык фондунун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев менен болгон маек.

- Мухамметкалый Дуйшекеевич, бүгүнкү күндө топтолмо компонентти жана салттуу системадан анын айырмачылыктарын көпчүлүк адамдар түшүнбөйт эмеспи. Эки ооз соз менен айтканда өзгөчөлүктөрү эмнеде?

– Туура айтасыз, топтолмо компонент биздин пенсиялык системабыздын жаңы түзүмү болуп саналат. Ал 2010-жылы гана киргизилди. Бул компоненттин иштөө  принциби 19-кылымдын аягында Германияда түзүлгөн пенсиялык системасынан бир топ эле башкача.

Топтолмо системанын эң негизги айырмачылыгын айта кетейин: топтолмо бөлүктүн каражаттары азыркы пенсионерлерге пенсия төлөө үчүн сарпталбайт. Ал каражаттар жеке эсепте топтолуп, инвестицияланат жана киреше алып келет. Келечекте ар бир жаран өзүнүн пенсиясынын топтолмо бөлүгүнө өз алдынча таасир эте алат деп эсептейбиз. Ал үчүн башкаруучу компанияны, же мамлекеттик эмес фонддун бирин тандап алуу керек. Ошону менен бирге, инвестициянын ички рыногун жана калктын финансылык сабаттуулук деңгээлин өнүктүрүү зарыл болот. Топтолмо компоненттен айырмаланып, камсыздандыруу каражаттары жарандын эсебинде жатпастан, толугу менен азыркы пенсияларды төлөөгө жумшалат.

- Камсыздандыруу системасынын алдында топтолмо системанын артыкчылыктары кандай?

– Ар бир системанын артыкчылыктары да, кемчиликтери да бар. Муну билүү маанилүү. Бир системанын экинчисинен артыкчылыктары көп деп айтуу да туура эмес. Мындан 10-15 жыл мурда эле демографиялык кризиске байланыштуу топтолмо системалар финансылык туруктуулук жагынан көбүрөөк артыкчылыкка ээ деген ой пикир калыптанган эле. Бирок, 2008-жылдагы дүйнөлүк кризистен кийин топтолмо пенсиялык системанын финансылык кризистеги тобокелчиликтери андан да көп экендиги билинди жана бардык топтолгон каражаттардын бир заматта жоголуп кетүү коркунучу туулду. Ошентип, түрдүү себептерден пайда болуучу кризистерден чыгуу үчүн бул эки системаны айкалыштырып иштетүү туура болот деп эсептейм.

Бирок, пенсиянын топтолмо бөлүгүнүн жагымдуу өзгөчөлүктөрүнүн бири –башка өлкөгө туруктуу жашоого көчүп кетүүдө топтолгон каражаттарды толугу менен алууга же мурастоого болот. Ал эми камсыздандыруу пенсиялык системасында мындай мүмкүнчүлүктөр жок. Топтолмо компоненттин бул өзгөчөлүгү жаштарды абдан кызыктырып, бүт дүйнө боюнча бул пенсиялык схеманын кеңири таралышына шарт түзүүдө.

- Мүмкүн, Кыргызстан да топтолмо пенсиялык системага толугу менен өтсө жакшы болмок беле?  Чили жана Казакстан өлкөлөрү өтүштү го?

– Өз убагында Чилиде пенсиялык реформанын ийгиликтүү өтүшү көптөгөн өлкөлөрдү топтолмо пенсиялык схемага  толугу менен өтүүгө шыктандырган болчу. Пенсиялык тармактагы реформалар башка чөйрөдөгү реформалардан эмнеси менен айырмаланат? Пенсиялык реформанын алгачкы ийгиликтерин 15-20 жылдан кийин гана сезүүгө болот. Анткени, топтолмо схема туруктуу, жетиштүү айлык акы алган адамдар үчүн жакшы. Бирок, көбүнчө мындай адамдардын саны ишке жөндөмдүү жарандардын 20-30нан ашпайт. Чилиде да топтолмо компоненттин пенсиялары орто эсеп менен күтүлгөн өлчөмдөргө жеткен жок. Анткени, ишке жөндөмдүү жарандардын калган бөлүгү топтолмо схемада катышууну кааласа да, системага жетиштүү өлчөмдө төгүмдөрдү төлөй алышкан жок. Ушундан улам, топтолмо системанын орточо көрсөткүчтөрү бир топ төмөн чыкты. Казакстан да ушундай эле көйгөйлөргө дуушар болууда. Бул өлкө да, Чилидей эле топтолмо системанын алкагында жетиштүү пенсия топтой албаган жарандар үчүн минималдуу кепилдиктерди кайрадан киргизүүдө. Ошондуктан, салттуу камсыздандыруу пенсиялык системасына татыктуу альтернатива катары топтолмо системаны гана калтыруу маселеси азыркы учурда каралбай калды.

- Россияда топтолгон каражаттарды Россиянын Пенсиялык фондунан жеке компанияларга өткөрүп берүүгө мораторий жарыялоо, ал эми 2014-жыл үчүн чегерүүлөрдү пенсиянын бөлүштүрүүчү бөлүгүнө жиберүү тууралуу өкмөттүн чечими кеңири коомдук резонансты жаратты. Сиздин бул тууралуу маалыматыңыз барбы же мындай чара эмнеге байланыштуу экендигин айта аласызбы?

– Дүйнө боюнча биздин тармакта болуп жаткан окуялардын баарын көңүл коюу менен көзөмөлдөйбүз. Россия өлкөсү да анын катарында. Социалдык фонд  БУУнун Эл аралык эмгек уюмуна караштуу Социалдык камсыздоонун эл аралык ассоциациясынын (МАСО) жана Пенсиялык жана социалдык фонддордун эл аралык ассоциациясынын мүчөсү болуп эсептелет. Бул уюмдардын алкагында биз тажрыйба алмашып, маалыматтар менен бөлүшөбүз. Россияны алсак, бул процесс акыркы жылдары көпкө созулган финансылык кризистен жана пенсиялык топтоолорду инвестициялоого экономиканын түзүмдүк даяр эместигинен улам пайда болду деп айтууга болот. Ошону менен бирге, акыркы жылдары Россиянын Пенсиялык фондунун дефицити бир топ жогорулоодо. Башкача айтканда, учурдагы пенсияны төлөөгө милдеттемелер жогорулаганда, аларды башка каражаттардын эсебинен жабуу зарылчылыгы пайда болду. Ушуга байланыштуу, Россия өкмөтү мындай чечимди кабыл алууга мажбур болду. Эми Россияда жаран пенсиянын топтолмо бөлүгүнө катышууга ниеттенсе, ал жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга тийиш. Антпесе, анын бардык төгүмдөрү пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнө түз эле жибериле берет, т.а. инвестицияланбастан, азыркы пенсионерлердин пенсиясын төлөөгө багытталат.

- Биздин топтолмо пенсиялык компонентибиздин келечеги кандай?

– Божомолдорубуз оптимисттүү эле. Биз Мамфинкөзөмөл менен биргеликте  пенсиялык системанын топтолмо компонентин мындан ары өнүктүрүү боюнча иш жүргүзөбүз. Бүгүнкү күндө топтолмо компонентине төлөнүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери 2ды түзөт. Башында, аталган компонент  киргизилген учурда пенсиялык системанын тилектештик бөлүгүн азайтуунун эсебинен топтолмо бөлүктү 10га чейин жогорулатуу каралган эле. Бирок, бул азырынча көйгөйлүү маселелерден, анткени Соцфонд алдында учурдагы пенсияларды төлөө милдеттемелери турат.

Келечекте сөзсүз түрдө бул маселеге кайрылууга тийишпиз. Топтолмо компонентти башкарууну, мурда белгиленгендей жана көптөгөн  жеке эксперт-финансисттер талап кылгандай, жеке башкарууга өткөрүп бербегендигибиз бүгүнкү күндөгү биздин артыкчылыгыбыз деп ойлойм.

Пенсиялык активдерди ойлонбостон жана шашылыш түрдө жеке башкарууга өткөрүп берүү жакшы жыйынтыктарды берген жок жана көптөгөн каражаттар жоголуп кеткендигин эл аралык тажрыйба көрсөтүүдө.

Ушуга байланыштуу, бул өлкөлөр пенсиялык активдерди башкарууну  кайрадан өз колуна алууга же жеке пенсиялык институттарды катуу көзөмөлдөөгө  мажбур болушту.

Бул маселеде, эң алгач, пенсиялык топтоолордун ээси болгон жарандардын кызыкчылыктарын коргоону биринчи кезекке коюу керек. Азырынча  пенсиялык активдердин сактыгына жана кирешелүүүлүгүнө жетиштүү кепилдиктер болбогондуктан, аларды жеке башкарууга өткөрүп берүү жоопкерчиликсиз иш деп ойлойбуз. Ошону менен бирге, топтолмо компонент  пенсиялык системанын түзүмүндө калып, инвестициялар рыногу өнүгүшү керек, мында пенсиялык топтоолор өлкөбүзгө жардамын берүү үчүн жумшалат. Эл чарбасында инвестициялар жетишпеген тармактар толтура эмеспи. Албетте, тышкы инвестицияларды тартуу зарыл, бирок ички инвестицияларды да унутпашыбыз керек. Анткени, реалист болууга тийишпиз, өлкөбүздүн өнүгүшүнө биринчи кезекте өзүбүз гана кызыктарбыз. Өлкөнүн эмгекке жөндөмдүү калкы пенсиянын топтолмо бөлүгүнө төлөгөн төгүмдөрү менен азыркы учурда экономикабыздын өнүгүшүнө өз салымын кошуп, келечекте топтолмо бөлүк түрүндө пенсиясына олуттуу кошумча алмак. Бул өңүттөн алганда пенсиялык системанын топтолмо бөлүгүн өнүктүрүү керек, бул экономикалык жактан да максатка ылайыктуу. Бул ишке кесипкөй жана жоопкерчиликтүү мамиле жасоо керек.

- Демек баарыбыздын топтолмо пенсиялык эсептерибизде каражаттар бар экен. Каражаттардын бөлүштүрүү жол-жобосу кандай жүргүзүлөт?

– Тилекке каршы, иштеп жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөп жаткан жарандардын бардыгында эле пенсиянын топтолмо бөлүгү бар деп айта албайбыз. Бүгүн пенсиянын топтолмо бөлүгүн түзүүгө уюшулган сектордун кызматкерлери, т.а. камсыздандыруу төгүмдөрүн  толук чен боюнча – эмгек акыдан 27,25 төлөгөндөр гана катышууда. Алардын ичинен, 17,25 иш берүүчү кызматкери үчүн, ал эми 10 кызматкер өзү төлөйт. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 27,25 жалпы чени камсыздандыруу фонддору боюнча төмөнкүчө бөлүштүрүлөт: 23 Пенсиялык фонддун бөлүгүнө, 2 топтолмо бөлүккө, 2 медициналык камсыздандырууга жана 0,25 Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна жумшалат.

- Топтолмо компоненттин иштегенине 5 жылдай убакыт болду. Кандайдыр бир алгачкы оң натыйжалар барбы?

– Топтолмо компонентти киргизүүнүн жыйынтыгын чыгарууга али эрте. Бул этапта системанын орто-аралык көрсөткүчтөрү тууралуу гана айтууга болот. Бүгүнкү күндө пенсиялык каражаттар боюнча топтолгон сумма 6 млрд. 300 млн. сомду түзөт, анын ичинен 1млрд. 600 млн. сом инвестициялоодон түшкөн кирешелер. Топтолгон пенсиялык каражаттар боюнча орточо өлчөнгөн кирешелүүлүк 2014 жылы  15ды түздү. Бул каражаттар иштеп, олуттуу киреше алып келүүдө. Каражаттарды кайсы багытта инвестициялоо маселесинде чектөөлөр бар. Бул башка кеп. Биз пенсиялык активдерди тобокелчиликсиз активдерге гана, б.а. мамлекеттик баалуу кагаздарга, облигацияларга жана коммерциялык банктардын депозиттерине  жайгаштыра алабыз. Бирок жыл өткөн сайын топтолмо компоненттин каражаттарынын суммасы көбөйүүдө, ушуга байланыштуу пенсиялык топтоолорду инвестициялоонун учурдагы саясатын кайра карап чыгуу зарылчылыгы келип чыгууда. Менин оюмча бул каражаттар өлкөбүздүн бакубаттыгы үчүн иштеп, финансылык инвестициялар өтө зарыл болгон тармактарга багытталышы керек. Бул учурда бир гана маанилүү шарт талап кылынат – пенсиялык активдердин сактыгын жана керектүү кирешелүүлүк кепилдигин камсыздоо учурдун талабы, анткени бул каражаттар жарандардын карылыгына чогултулган  жеке пенсиялык топтоолору болуп эсептелет.

Акмат РААТКАН

Айбат гезити №130




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru