Айбат » Кадырбековдун кадыры күн санап түшүүдө

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Кадырбековдун кадыры күн санап түшүүдө

Ишенбай Кадырбеков“Айбат” коомдук саясий  гезиттин соттон сотко сүйрөп жүргөн Ишенбай Кадырбековдун былыктарынын бирин  кечээ “Азия ньюс” гезити шардана кылды эмне демекчибиз окурман окуп көрүп таразалап аларсыз Ишенбай мырзанын ким экенин?

 

ИШЕНБАЙ КАДЫРБЕКОВ КӨЗ БОЕМОЧУЛУК КЫЛГАНБЫ?

Эх, шайлоонун алдында кимдерге гана жан кирип, кимдер гана баш көтөрүшпөйт? Андайлардын арасында бакиевдер доорунда «кызматынан кыянаттык менен пайдаланды» делип, камакка алынган Ишенбай Кадырбеков дагы бар. Ишенбай мырза шайлоонун алдында өзүн пиар кылгысы келип атабы, же дагы башка пландары барбы, айтор, акыркы кездерде кулагы көрүнө баштады. Кадырбековдун кыңыр иштерине көз чаптырсак.

2006-жылдын 5-апрелинде Түштүк Кореянын «Артис Глобал» компаниясы менен КРнын Мамкурулуш ишканасынын ортосунда ипотекалык кредитке берилчү турак-жай куруу иштери боюнча меморандума кол коюлган. Ошол эле жылдын 27-апрелинде аталган эки тарап Бишкек шаарынын Ахунбаев, Некрасов, Коперник көчөлөрүнүн кесилишиндеги 7,6 гектар жерге 500 батирлүү үйлөрдү куруу келишимин түзүшөт. Келишимде «ар бир квадрат метри 360 АКШ долларына бааланат» деп жазылып, өкмөттүн «Бишкек шаарындагы «Джал-Артис» 15-кичи районунда эксперименталдык долбоорлоо жана куруу боюнча» 2006-жылдын 19-январындагы №862 токтому менен бекитилген. Айта кетсек, ошол иш каналардын ортосунда ушул эле күнү, ушул эле жерден дагы 5,1 гектар жерге турак жай салуу боюнча келишим түзүлгөн. Кийин ал макулдашууга бир нече жолу ондоолор, түзөтүүлөр киргизилип отуруп, курулчу батирлердин саны 500дөн 400го кыскартылып, баасы ар бир чарчы метрине мурда коюлган ЗбОтан 460 долларга көтөрүлгөнүн кандайча чечмелейбиз?

«Артис Глобал Ко. ЛТД» ЖЧКсынын учредителдери, КР жарандары М.Кутманов (үлүшү 15), Мамстройдун мурдагы директору Ишенбай Кадырбековдун жубайы Т.Тыныбекова (үлүшү 5), ошондой эле 40дан ээлик кылган эки корей жараны. Кызыгы, аталган компания юстиция министрлигинин каттоосунан жогору да айтылып аткан келишимдерге кол коюлуп, бүткөндөн кийин 22-августта каттоодон өтүп атат. Андан кийин дагы эки ирет кайрадан каттоодон өтүп, анда эмнегедир учредитель катары Тыныбекова көрүнбөй, Кутмановдун үлүшү 20га өсүп кеткен. Ошондой эле Тыныбекова «Джал-Артисти» куруу боюнча башкы подряддык уюм болуп эсептелген «Хюмонтек Стройдун» 35ына ээлик кылганы белгилүү болгонун кантебиз?

2011-жылы март айында 430 квартирадан турган 18 кабаттуу 4 үй колдонууга берилген. Анын ичинен 122си мамлекет- тик кызматкерлерге 15 жылдык мөөнөт менен ипотекалык кредит аркылуу берилмек.

Нарын, Ысык-Көл облустарында 2006-жылдын 26-декабрында, Баткен облусунда 2007-жылдын 8-январында жер титирөө болгону эсиңерде болсо керек. Ал учурда Мамкурулуштун директору дал ушул И.Кадырбеков болгон. Ошондо жер титирөөдө талкалангандарды калыбына келтирүү боюнча КР өкмөтүнүн токтому кабыл алынган. Бирок, эч бир шарттар аткарылбай, сынактар өткөрүлбөй эле Мамкурулуш ишканасы 3 мектеп, 2 медпукт, 5 уй жана санэпидемстанция борборун куруу боюнча «Олдомор» ЖЧКсы менен 11 келишимди түзүп койгон. Бел гилей кетсек, «Олдомор» ЖЧКсынын ээси И.Кыдарбековдун классташы, ошол убакта Мамкурулуштун Бишкек шаары боюнча архитектура, курулуш көзөмөлдөө башкармалыгын жетектеген Б.Мияровдун жубайы болгон.

Ошондой эле И.Кадырбеков жетектеген мамлекеттик ишкана Кочкор районунун Ак-Жар айылындагы мектепти, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы мектепти жана турак үй куруу боюнча «Хан- Тенгри» АКсы менен 3 келишим түзгөнгө жетишкен. Анысын 2009-жылдын май айында Ак-Жардагы мектепти колдонууга берген. Кызыгы, мектепти салып бүтө электе эле 2008-жылы спорт залынын бир бөлүгү урап калып, кайра аны райондук ӨКМ бөлүмү калыбына келтирген. 2010-жылы ошол эле спорт залынын дагы бар жагы көчүп түшкөн. 480 орундуу аталган мектептин сапатсыз курулгандыгын юстиция министрлигинин алдындагы мамлекеттик соттук экспертиза борбору далилдеп берген. Курулуш нормаларын бузгандыгы үчүн Нарын шаардык сотунун чечими менен мамлекеттик архитектура жана курулуш №4 башкармалыгынын начальниги Т.Жумабеков менен «Хан-Тенгри» АКсынын директору А.Халилов күнөлүү катары табыл- ган. Бирок, кылмыш, жаза кодексинин 67-беренесине ылайык, кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кылмыш жоопкерлигинен бошотулган. Кадырбековдун ачкөздүгүнөн, мектепти салгандардын шалаакылыгынан улам, ушул күнү да мектеп жараксыз абалда жабылып турганына зээниң кейийби? Ал эми балдар айылдагы бош үйлөрдө окууга туура келип атат. Мурда 47 млн сомго курулган бул мектепти оңдоо үчүн эми 60,6 млн сомго чукул каражат та- лап кылынууда. Же болбосо, жараксыз мектепти толугу менен бузуп, кайры салынышы керек экен.

Жогоруда аталган 3 компания менен тең келишимдер КРнын ошол убактагы Мамкеттик курулуш ишканасы аркылуу түзүлгөнү, ал жагын Кадырбеков жеке өзү көзөмөлдүк кылганы белгилүү.

Айбат гезити №130




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru