Айбат » Татыктуу бийиктикте бололу. Кыйкымчылдардын кыйкырыгы суу кечеби?..

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Татыктуу бийиктикте бололу. Кыйкымчылдардын кыйкырыгы суу кечеби?..

Бул маанилүү маселе кийинки эки жылдан ашуун убакыттан бери талкууланып келаткан. Өзөгү Күнкорсуз Мамлекеттердин Шериктештигиндеги Россия Федерациясынан, Казакстан, Беларуссия жана Армения Республикаларынан турган Бажы союзуна кирүү боюнча өлкөбүздө анда коюлган талаптардын негизинде тыкыр даярдыктар көрүлүп, тийиштүү документтер иштелип чыкты. Жакында, б.а. 8-майда Кыргыз Республикасы Бажы союзуна, Евразиялык Экономикалык Биримдикке мүчө болуп кирди.

Путин, Атамбаев, Назарбаев

Ошентип, сүйүктүү өлкөбүздүн эл чарбасын азыркы рынок мамилелеринин талаптарына шайкеш келтирүүгө, элибиздин турмуш-жыргалчылыгын сапаттык жактан жаңы деңгээлге көтөрүүгө, эл-жерибиздин коопсуздугун чыңдоого ишенимдүү багыт алдык. Бул жумурткадан кыр издеп, саясий упай топтоого маш адамдарга жага бербей калды. “Бүттү, саясий жана демократиялык эркиндиктерибизден айрылдык, эми жер шарындагы башка мамлекеттер менен мамилени өзүбүзчө чече албай калдык, бардык маселеде Москванын көзүн карайбыз”, деген үрөй учурган сөздөрдү “меники гана туура”, деп элдин көңүлүн өзүнө бургусу келген демагогдор байма-бай көтөрүп эле жатып калышты. “АКШ менен Европа союзуна кирген өлкөлөр экономикалык санкциялары менен жүдөтүп жатканда Бажы биримдигине кирүү саясий катачылык” дешти, башка көптөгөн өлкөлөр биз менен мамиле түзбөй коюшат деп “пайгамбарланышты”, баалар өсүп, элдин турмуш деңгээли төмөндөйт дешти. Ооба, тим эле элге күйүп-бышып келген киши болушуп, бийиктен сүйлөп жатышканын жумурай-журт көрүп турат, алардын артында эмне максат бар экенин билип турат. “Киши болоор кишинин, киши менен иши бар” демекчи, ар тараптан өнүккөн күчтүү, коопсуз мамлекет болуу үчүн айлана-чөйрөбүздөгү абройлуу мамлекеттер менен тыгыз мамиледе болгонубуз жаманбы?

Андай экен, өз алдыбызча өлкө болгондон берки басып өткөн чейрек кылымга жакын убакытта “кой үстүнө торгой жумурткалаган” заманды куруп ийгенибиз кана? Экономикабыз тал-талынан сөгүлүп, маданий очокторубуз биринин артынан экинчиси жабылып, социалдык маселелер, пенсия, пособиелер эптеп ымыркайга упчу эмизгендей өп-чап абалда болуп турганыбыз жалган беле? Ал эми андайда шылуундардын күнү тууп, бийлик талашып, байлык талашып, ага жетиш үчүн каруу-күчкө толуп турган жаш балдардан шилтеген жакка баруучу кылмыштуу топторду уюштуруп, коррупция гүлдөп, Баш мыйзам жогору жакта отургандардын кызыкчылыгы үчүн каалагандай өзгөртүлүп, карапайым элдин турмушу “өгүз өлбөсүн, араба сынбасын” таризинде начарлап кеткенин унутуп калабызбы? Же, өлкөбүздүн коопсуздугу  жагдайында айтсак, Баткен тараптан чет жердик “сакалчандар” кол салганы, 2010-жылы Ош коогалаңы чыкканы күнү-бүгүнкүдөй эсибизде, азыр да айрым кара ниет күчтөр кутман жерибизге көз артып сестендирип турганы жалганбы? Мына ушул сыяктуу толгон-токой  маселелерди жалгыз өзүбүз жападан жалгыз чече алабызбы?

Айта келсе суроо көп, жандырмагы жок… “Жалгыз терек токой болбойт”, “күч бирдикте”, “жаман туугандан жакшы коңшу артык”, “ынтымагы бар элдин таалай –багы ачылат” ж.б. ушул сыяктуу турмуштук мааниси чоң орошон ойлорду кылымдардан кылымдарга алгы сөз кылып айта келген эмеспи, даанышман ата-бабаларыбыз. Анын сыңарындай, мурда бир кылымдан ашык бирге жашап, сырдакана болуп калган өлкөлөр менен кайрадан бир кемегеге түшүп,  күн тартибинде турган маселелерди ийгиликтүү чечип алганыбыз жаманбы?  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 21-майда ЕврАзиялык биримдик жөнүндөгү Келишимге Кыргызстандын кошулуусу  боюнча эл аралык макулдашууларды ратификациялоо каралган Мыйзамга кол коюу аземинде: “ЕАЭБге кирүүдө Кыргызстандын экономикалык жана улуттук кызыкчылыктары толугу менен эске алынды”,- деп айтты.

Кыскасы, калайык-калкыбыздын пикирине таянып айтсак, Евразиялык Экономикалык Биримдикке киргенибиз эң эле туура иш болду. Эмки маселе, аталган биримдиктен өзүбүздүн татыктуу ордубузду табууда турат. Ал үчүн өзүбүздүн ички мүмкүнчүлүктөрүбүздү караштырып, анын негизинде чарбакечтик менен ырааттуу иш жүргүзүшүбүз абзел. Арийне, “Эл бийлейм деп талпынба, Эстүүлөр көп калкыңда” дегендей жетекчиликти ошол ишти билгендерге, ар бир ишти ошол иштин көзүн так билгендерге бериш керек. Алар өздөрүнө тагылган жүктү тайгылбай тартышат, жаштарды ошол жаратман нукта иштөөгө тарбиялап, үйрөтүшөрүндө шек жок.

Жерибиз мал киндиктүү, дан киндиктүү болгондуктан буюрса, биринчи кезекте мал, дан чарбаларын өнүктүрүүгө, алардын асылдуулугун жана азыктуулугун жогорулатууга, мол жана эл аралык стандарттарга туура келген сапаттуу продукцияларды өндүрүүгө өзгөчө көңүл бурулганы турат. Эң башкы маселе жерге маңдай терлерин төгүп түздөн-түз иштеп жатышкан дыйкандарга, фермерлерге алар өндүргөн продукцияларды коромжуга учуратпай жыйнап алууда, алардын сатып-өткөрүлүшүндө дыйкан-фермерлерге өбөк-жөлөк болуучу мамлекеттик ишканаларды түзүүдө экендигин мезгил өзү аныктады. Тактап айтсак, жер-жерлерде-райондордо, облустарда даярдоо контораларын уюштуруу, эт комбинаттарын, ошондой эле эт, дан, сүт азыктарын өнөр жайлык негизде кайра иштетүүчү ишканаларды, фитосанитардык лабораторияларды  кечеңдетпестен куруу мезгилдин талабы.

Өнөр жайды өнүктүрүүгө айрыкча көңүл бөлүүнүн багыттары аныкталды. Сыртка чыгарыла турган товарлардын сапаты менен катар товардык көрүнүшүн жакшыртууга айрыкча көңүл бурулганы турат. Акырында, тышкы экономикалык иш-аракетти жана тышкы соода иш-аракетин, бажы ишин жакшыртууда инфраструктураны өнүктүрүү так белгиленди жана аны чукул арада чечүү күн тартибинде турат. Бир сөз менен айтканда, Евразиялык Экономикалык Биримдиктин алкагында аткарыла турган иштердин мейкиндиги эң эле кеңири.  Жаратман иштин ташкынында нечен ирет сыноодон ийгиликтүү өтө келген кадырман калкыбыз ал иштерди майын чыгара аткаруу менен Бажы биримдигине кирген мамлекеттердин катарында  өлкөбүз өнүгүүнүн жаңы бийиктигине чыга турганы айдан-ачык.

Алтымыш Ашыракманов

Айбат гезити №130




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru