Айбат » Ленин (Ульянов) Владимир Ильич: “Окуу, окуу жана окуу!”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Тарых » Ленин (Ульянов) Владимир Ильич: “Окуу, окуу жана окуу!”

“Орусиянын биринчи трагедиясы – Лениндин туулушу болсо, анын мезгилсиз каза болушу экинчи трагедиясы деп эсептейм. Өзү алып келип, таштап койгон сормо саздан элди Ленин гана сүйрөп чыгып кетмек”

- Уинстон Черчил

 

Ленин (Ульянов) Владимир ИльичДүйнө тарыхына улуу революционер, коом жөнүндөгү марксисттик теорияны ишке ашырган. Орустун коомдук-саясий ишмери, Советтик Союздук коммунисттик партиясын жана Совет мамлекетин негиздөөчү, Совет өкмөтүнүн алгачкы жетекчиси (1917–24), К. Маркс, Ф. Энгельс тарабынан негизделген коммунизм жөнүндө илимий-теориялык окуунун улантуучусу Ленин (Ульянов) Владимир Ильич жөнүндө кеп кылмакчыбыз.

 

Лениндин ата теги

Лениндин чоң атасы Николай Васильевич Ульянов Астрахан шаарынан чыккан карапайым орус тикмечиси экен. Чоң энеси Анна Степановна Ульянова болсо кадимки орусташып, чокунуп кеткен калмак кызы болгон. Бул фактыны убагында жазуучу Мариетта Шагинян, кийин Лениндин биографы Луис Фишер алаканга салгандай так кылып далилдеп чыгышты.

Ошентип Лениндин өз атасы Илья Николаевич орус менен калмактын аралашмасы болсо, өз энеси Мария Александровна болсо немис менен жөөттүн ортосунан чыккан, нака немисче тарбияланган аял экен.

Мындан тышкары Лениндин таятасы тарабынан кеткен бабаларынын канында швед да бар экен, ал эми таенесин кээ бир биографтар жөөт десе, кээ бирлер немис деп, бул талаш азыркыга чейин бүтпөй келатат. Бирок биз келтирген фактылар Лениндин бир тууган карындашы Анна Ильинична Ульянова-Елизарованын редакциясы астында 1925-жылы чыккан В.Алексеев менен А.Швердин “Дети Ульяновых в Симбирске” деген китебинде толугу менен камтылган. Ал эми “Ленин” деген сөз Владимир Ильичтин саясий каймана аты гана, чыныгы фамилиясы, албетте, Ульянов.

 

Балалыгы жана революционерге айланышы

1924-жылы 21-январда Симбирск, азыркы Ульяновскдо төрөлгөн. Ленин бала кезинен абдан жакшы окуп, жакшы үй-бүлө тарбиясын алган. 1887-ж. Симбирск гимназиясын алтын медаль менен бүтүрүп, 1887-ж. Казан университетинин юридикалык факультетине өткөн. Ошол эле жылы декабрь айында студенттердин революциячыл жыйындарына катышканы үчүн университеттен чыгарылып, Казан губерниясынын Кокушкино кыштагына айдалган. 1891-ж. Санкт-Петербург университетинин укук факультетине экзаменди экстерн тапшырып, Самарада адвокаттын жардамчысы болуп иштеген. 1893-ж. Петербургга келип, марксисттик ийримдерге катышкан. Анын түздөн-түз демилгеси жана жетекчилиги менен 1895-ж. күзүндө Петербург шаарындагы марксисттик ийримдер бир уюмга – «Жумушчу табын эркиндикке чыгаруу үчүн күрөш союзуна» бириккен.  Саясий көз караштарындагы чыныгы бурулуш бир тууган агасы Александр Ульянов орус императору Александр Үчүнчүгө кол салганы үчүн даргага асылган убактан башталган экен.

Агасы “Народная воля” деген жарым революциячыл, жарым террористтик уюмга кирип, бирок падышага кол салуу ордунан чыкпай, өлүм жазасына өкүм кылынганы тарыхтан белгилүү. Ошондон баштап Владимир Ленин орус социал-демократтарынын эмгектерин окуп, кийин Маркс менен Энгельстин чыгармаларын казып, бара-бара жөн эле социалист эмес, профессионал революционер болуп кетиптир.

Дээрлик 20 жыл революциячыл ишмердикте жүрүп, ошол жылдары болочок аялы Надежда Крупская менен таанышып, бир ирет Сибирге сүргүнгө айдалып, андан соң Европага эмиграцияга кетип, Лондондо, Цюрихте, деле Европанын эң өнүккөн шаарларында жашап, билимин тереңдетип, англисче, немисче эркин сүйлөгөнгө жана окуганга үйрөнгөн экен.

Сүргүн жана иштер

Падышалык бийликке каршы кыймылдарга катышып, бийликти кулатууга үндөгөнү үчүн 1895-ж. декабрда камакка алынып, 1897-ж. Енисей губерниясынын Шушенский кыштагына 3 жылга сүргүнгө айдалган. Сүргүндөн кийин 1900-ж. чет өлкөгө кетүүгө мажбур болуп, В. Г. Плеханов, П. Б. Аксельрод, В. И. Засулич, Ю. О. Мартов жана А. Н. Потресов менен бирге «Искра» гезитин чыгара башташкан. 1900-ж. декабрь айында «Искра» гезитине басылган бир макаласын «Ленин» деген псевдоним менен чыгарып, бул анын түбөлүк ысмына айланган (мындан тышкары В. Ильин, В. Фрей, Ив. Петров, К. Тулин, Карпов жана башка псевдонимдери болгон). 1903-ж. РСДРПнин 2-съездинде (Брюссель, Лондон) добуш берүүдө социал-демократиялык кыймыл большевиктер (көп добуш бергендер) жана меньшевиктер болуп бөлүнүп, мындан ары большевиктер партиясын Ленин, меньшевиктерди Мартов жетектей баштаган. 1904-ж. Лениндин демилгеси жана жетекчилиги менен Женевада большевиктердин биринчи «Вперёд» гезити (1904–05) чыгарыла баштаган. Бул мезгилде Ленин РСДРП БКнын курамынан чыгарылган (7 (20).2. 1905). 1905-ж. 8 (21)-ноябрда Ленин эмиграциядан Петербургга келип, большевиктер партиясын куралдуу көтөрүлүшкө даярдоо планынын үстүндө иштеп, «Жаңы турмуш» гезитин чыгара баштаган. Полициянын куугунтугуна байланыштуу 1906–08-ж. кайрадан чет өлкөлөрдө (Финляндия, Швейцария, Франция) эмиграцияда болгон. 1917-ж. Февраль революциясынан кийин Ленин эмиграциядан Петроградга кайтып келип, 4-апрелде социалистик революциянын жеңиши жөнүндө сүйлөгөн («Апрель тезистери»). 1917-ж. июль айында өлкөдө кош бийлик жоюлуп, бийликке келген Убактылуу өкмөт Ленинди камакка алуу тууралуу буйрук берген. 1917-ж. 7-октябрда жашыруун түрдө Выборгдон Петроградга келип, Смольныйда штаб уюштуруп, 24-октябрда башталган куралдуу көтөрүлүштү жетектеген. Советтердин бүткүл россиялык 2-съездинде Л. ЭКСтин төрагалыгына шайланып, 1918-жылдан жумушчу-дыйкандардын коргонуу советинин төрагасы, Бүткүл союздук БАК (ВЦИК) менен БАКтын (ЦИК) мүчөсүнүн кызматын аткарган. 1918-ж. Германия менен Брест-Литовск тынчтык келишимин түзүүдө чоң салым кошкон. Мындан тышкары Лениндин жетекчилиги менен СССР мамлекети, Совет өкмөтү, Кызыл Армия (к. Советтик армия) жана башка түзүлгөн жана жаңы бийликти чыңдоо үчүн «согуш коммунизми», жаңы экономикалык саясат (НЭП) жана башка иш-чаралар жүргүзүлгөн. 1918–19-ж. Германия жана Австрия-Венгриядагы монархиялык бийликтин кулашын Ленин жана анын тарапкерлери дүйнөлүк пролетардык революциянын башталышы катары эсептешкен. Ленин башка мамлекеттерде революциялык процесстерди күчөтүү үчүн Коммунисттик интернационалды түзүүнү сунуштап, 1919-жылдын 2–6-июнунда Москвада өткөн Коммунисттик интернационалдын 1-конгрессинин ишин жетектеген.

Эмгектери

Лениндин эмгектери дүйнө жүзүндө эң көп нускада жарык көргөн. СССРде Лениндин чыгармаларынын биринчи басылышы 1920–26-жылдары (1–20-т.) чыккан.

1923-жылдан кийинки негизги эмгектерине «Эл достору деген эмне жана алар социал-демократтарга каршы кандай күрөшүп жатат» (1894), «Россияда капитализмдин өнүгүшү» (1899), «Эмне кылуу керек?» (1902), «Бир кадам алга, эки кадам артка» (1904), «Материализм жана эмпириокритицизм» (1909), «Империализм – капитализмдин жогорку стадиясы» (1916), «Мамлекет жана революция» (1917), «Биздин революция жөнүндө», «Аз болсо да жакшы болсун» жана башка макалалары жана «Съездге кат», «Улуттар жөнүндөгү же “Автономиялаштыруу” жөнүндөгү маселеге карата» жана башкалар каттары кирет.

 

Биз билбеген Ленин

Лениндин биографиясында биз башта билбеген, бирок кийин гана шардана болгон фактылар абдан көп. Маселен, Ленин Дүйнөлүк биринчи согушта Орусиянын эртерээк жеңилишин аябай каалап, ал оюн ачык эле билдирип жүргөн. Падыша өкмөтүнүн бийлиги канчалык элге жек көрүмчү болсо, ошончолук бийликти басып алуу да оңой болот деп эсептеген. Ал эми өзү бийликке келгенден кийин Брест келишими деген сепараттык келишимге кол коюп, өз бийлигин сактап калуу үчүн Германиянын кайзери сураган нерселердин баарына макул болгон. Натыйжада мурда Орусияга караштуу болгон Польшаны, Украинаны, Курляндияны аннексия кылганга макулдук берген.

Ал эми орус жазуучусу Александр Солженицын “Кызыл чыгырык” (“Красное колесо”) деген тарыхый чыгармасында Ленин нечен жолу кайзер жашыруун берген акча каражатынан пайдаланганын, ошентип Орусияны ичинен алсыздандырууга көмөк болгонун далилдеп чыкты.

Такталган тарыхый маалыматтарга таянсак, 1917-жылдын 7-ноябрында болгон окуя эч кандай революция эмес эле кадимки хан сарай төңкөрүшү, А.Ф.Керенский баштаган бир ууч Убактылуу өкмөттөн бийликти тартып алуу гана болгон. Бирок чыныгы революция, чыныгы кан төгүүлөр кийин, большевиктер бийликти колго алгандан соң башталган.

Лениндин бийлик башына келген максатташтары, атап айтканда Лев Троцкий, Иосиф Сталин жана башкалар Маркстын, социалист утописттердин окуусуна, теорияларына таянып Орусияны капиталисттик системадан социалисттик мамлекетке күч менен, зордук менен айландыра баштаган.

Маркс менен Энгельс ар бир эмгегинде тилдеген “капитализм” деген сөздү коркпой-үркпөй эле колдонуп, оппоненттерине “марксизм – бул догма эмес, аракеттен берекет издеген жетекчилик” деп айткан.

Бийлик колго тийгенден кийин дароо бир гана партиядан турган диктатураны орнотуп, көп партиялуу парламентти таратып, падыша Николайды укум-тукуму менен аттырган. Дин дегенди түп-тамырынан жерип, чиркөөлөр менен мечиттерди жаптырган, айрымдарын жардырткан Владимир Ильич Ленин болгон.

 

Кыргыздар жана Ленин

Кыргыз элинин башынан эле Ленинге көзү түз болгону жакшы белгилүү. Анын себеби дал ошол Ленин 1916-жылкы Үркүнгө себепкер болгон падыша Николайды укум-тукуму менен аттырганы, Совет бийлиги үрккөн кыргыздарды Кытайдан эл-жерге кайтарганы болду.

Совет бийлигинин учурунда биздин элибиз болуп көрбөгөндөй ийгиликтерге жетишип, улуттук кайра жаралуу доорун башыбыздан өткөрдүк. Ошон үчүн Владимир Ильич Лениндин борбордук аянттагы коло эстелигин башка мамлекеттердегидей металлоломго ыргытпай, кыргыз өкмөтү колдон келген урмат менен сыйлуу жерге которуп койду. Азыр анын ордунда Айкөл Манас бабабыздын эстелиги турат.

 

Ленин ысымы

Лениндин атынан Ленин чокусу, Ленин мөңгүсү, Ленинакан платосу, Москвадагы Ленин (азыркы Воробьёвы) дөңсөөсү, Ленинград (Санкт-Петербург), Ульяновск, Ленинск, Ленинск-Кузнецк, Лениногорск, Ленинабад (азыркы Хожент), Ленинакан (азыркы Гюмри) шаарлары, көптөгөн кыштактар, Москва метрополитени жана башкалар аталган. Лениндин урматына Ленин ордени жана Ленин атындагы сыйлык түзүлгөн.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №130




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru