Айбат » Асылбек Изаков, ырчы: “Рэй Хортон, группа Акценттер менен бирге ырдагам”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Асылбек Изаков, ырчы: “Рэй Хортон, группа Акценттер менен бирге ырдагам”

“Сагынба мени”, “Зар Жүрөк”, “ Сүйүү шамы” деп ар бир үн алгыда, сын алгыда жаңырып өзүнө күйөрман топтой алган жана ошондой эле жаш кыздардын жүрөктөрүнө чок салып, аларды түн уйкудан ала качкан жигит мырза ким экен деп кызыгып жатсаңар анда ал мырза жаңыдан ырчылык дүйнөгө билек түрүп кирип жаткан Асылбек Изаков деген жаш ырчыбыз. Каарманыбыз бүгүн бизде маек төрдө болуп, өзү жана чыгармачылыгы тууралуу кенен кеп кылмакчы.

Асылбек Изаков

- Саламатсызбы Асылбек мырза!

– Саламатчылык.

- Асылбек мырза алгач сиздин балалык күндөрүңүзгө сапар алсак, балалыгыңыз кайда жана кандай өттү?

– Балалык күндөрүм киндик каным тамган, алтын бешигим болуп саналган Токтогул шаарында өттү. Ал шаарда бактылуу балалыгымдын далай издери калды. Менин чакан мамлекетим болуп саналган үй-бүлөм жөнүндө айта кетсем, үч бир тууганмын. Атам Жакыпбек Изаков да чыгармачылыкка ыктаган композитор адам эле. Ал киши Гүлнур Сатылганова, Бек Борбиев жана башка токтогулдук бир топ ырчыларды тарбиялап өстүрүп, чоң сахнада ырдашына түрткү болгон. Апам Фатима Матмусаева да ырчылык өнөрү бар, азыркы тапта үй кожойкеси.

Асылбек Изаков жана достору- Атаңыз композитор болсо анда сиз сахнанын даамын кичинекей кезиңизде эле татып калган экенсиз да?

– Ооба, мен кичинекей кезимден эле атамды ээрчип жүрүп сахна даамын татып калгам. Атамдын “Миң кыял” деген тобу бар болчу. Ал топ менен гострольго чыкканыбызда мен сахнага чыгып ырдап турчумун. Ошонун таасириненби, айтор, кийин “ырчы болом” деген кыял менен 2011-жылы борборго келип, Муратаалы Күреңкеев атындагы музыкалык мектепке тапшырып, ал жактан 2 кесиптин ээси болуп чыктым. Биринчиси бул вокалдык жактан болсо, экинчиси сокмо аспап жактан. Мектепте окуп жүргөндө өз алдымча ырларды жаздырып жергиликтүү телеканалдардын музыкалык берүүлөрүнө чыгып жүрдүм. Ал кездерде чоң сахнага аттанууга эрте деп ойлочумун. Мына быйыл билек түрүп ырчылык сапарга шымалана бел байладым.

- Ырдын кайсы стилине басым жазайсыз?

– Башка ырчылардай бир стилде ырдагым келбейт. Ар түрдүү жанрда, ар кандай образда ырдагым келет. өзүм билимим боюнча классик болсом да стилдердин баардыгын камтый турган ырчы катары элге таанылгым келет.

- Музыкалык конкурстарга катышып жүрсүзбү?

– Эң акыркы катышкан конкурс “Романс русских песен” деген болду. Ал сынактан 2-орунду алдым. Андан бери өзүмдүн ырчылык жумуштарым менен жана өзүмдүн студиямды ачып ошонун жумуштары менен конкурстарга катыша элекмин. “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” демекчи, студияда ырчылардын ырларын жазып, үн режиссёру болуп эмгектенем.

- Кыргыз эстрадасынан кайсы ырчы менен сыймыктана аласың?

– Биздин кыргыз эстрадасынан мен сыймыктана турган таланттуу ырчылар көп. Эгер бирөөсүн гана айт десеңиз анда сөпсүз түрдө Мирбек Атабеков байкебизди белгилеп айтат элем. Анткени Мирбек байкеде баардык ырчылык мүнөздөр бар, кыргыздын жүзү деп айтсак да болот. Муну биздин күйөрмандар тастыктап койгон десем жаңылышбасам керек.

- Эгер сизге дүйнөлүк деңгээлдеги бир ырчы менен дуэт ырда десе ким менен ырдамак элеңиз?

– Эгер мага андай мүмкүнчүлүк келип калса анда мен Стиви Уандер менен ырдайт элем. Стиви Уандердин талантына таазим кылам, чынын айтсам менин кумирим болуп да саналат. Андан башка ырчылар менен ырдоо мүмкүнчүлүгүм болсо алар менен деле ырдай бермекмин. Кошумчалай кетсем мен негизинен дүйнөлүк ырчылар менен дуэт ырдабасам дагы алардын концертеринде ырдагам. Мисалга айта кетсем Рэй Хортон, группа Акцент жана башкалардын концертинде сахнага чыккам.

- Сиздин ойуңуз боюнча ырчылык менен үй-бүлөнү бага алабы?

– Ырчылык менен багып жүргөндөр да бар, бага албай жүргөндөр да бар. Мен үчүн ырчылык бул экинчи орундагы кесибим болуп саналат. Анткени өмүр бою ырчылык менен кете албайм. Келечекте бир кесипке ээ болуп ошол кесип менен иштесем деген ой бар. Муну менен ырчылыкты сүйбөйм деген түшүнүктү киргизгим келбейт, ырчылыкты сүйөм, бирок ырчылык бул менен хоббим болуп кала бермекчи.

- Клиптериңиздерге күбө болуп жүрөбүз, бир клип тартыш үчүн канча каражат сарптайсыз жана ал акчаны ким каржылап турат?

– Менин клибиме 500 АКШ доллардай каражат сарптадым. Каржылаган жактан алтындай болгон энекем жардамдашат, өзүм дагы кошумчалап турам. Убакыттан пайдаланып энекеме терең ырааазычылыгымды билдире кетейин.

- Азыркы учурда кандай чыгармалардын үстүндө иштеп жатасыз?

– Азыркы тапта жаштардын табитине жага турчу “Айла канча” деген жаңы ырдын аранжировкасы бүтүп калды, эми үн жаздырсак, анан клип тартканга киришебиз.

 – Жакшы көргөн актёруңуз ким?

– Жеке эле менин эмес, биз курактуу балдардын бардыгынын кумири болуп – Джеки Чан саналса керек. Биз ушул актёрдун аткаруусундагы кинолорду көрүп чонойдук. Ал кишинин актёрдук чебечилигин баалайм, азыр деле жаңы чыгып алган кинолорун калтырбай көрөм.

- Джеки Чанды баарыбыз билебиз Кунг-фу, Тэквондо жана башка спорттун түрлөрү менен машыгарын. Ал эми сиз спорттун кайсы түрү менен кызыгасыз?

– Албетте эркек болгон соң спорт менен алектенишиң керек. Мен башында эркин күрөш менен машыгып андан соң бокс менен алектенип жүрдүм, ал жактан чыгып боевой самбого бардым. Азыркы тапта машыгуу залына барып булчуң эттерди машыктыруудабыз.

- Бизге келип кызыктуу маек куруп берип кеткениңизге чоң рахамат.

Рахатбек РЫСАЛИЕВ

Айбат гезити №130



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru