Айбат » Макс Мырза, ырчы, актер: “Актерлук жана ырчылык мен үчүн бир сезим”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Видео, Маек » Макс Мырза, ырчы, актер: “Актерлук жана ырчылык мен үчүн бир сезим”

“Сары тоогум бар эле…” деген ыр азыркы тойлордун көркүн ачып, кара-жорго ыры менен тең тайлаш болуп жатат. Бул ырды  уккандар өздөрүнүн бала кезин эстеп да алса болот. Бала чагыбызда обон созуп канчалаган кыздарга, канчалаган кечелерде ырдап дос балдар, классташтарыбыздын көңүлдөрүн көтөрүп да калдык. Бул ырда жаңы стилге салып теледен, радиолордон жаңыртып биздин ойлорубуз бала кезибизге алып учкан кыргыздын бычакка сапсап эр азамат жигитибиз Макс Мырза бизде конокто

Макс мырза

-Макс мырза айтсаңыз сиздин кесибиңиз актер экен эмне себептен ырчы болуп калдыңыз?

-Мен мектепте окуп жүргөнүмдө эле ырчы болсом деген кыялдарым бар эле. Мектеп кезимде эле ырдар жүрчүмүн. Сокулук районуна караштуу Кызыл-туу айылынын Садаш Абдылдаева атындагы орто мектепти аяктаган соң Муратаалы Күреңкеев атындагы музыкалык мектептин бюджеттик бөлүмүнө тапшырам деп үлгүрбөй калгандан кийин Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык Драма театрынын алдындагы (КУАДТ) “Театралдык окуу жайга тапшыргам.

-Андан кийинки жылы музыкалык жайга тапшырган жоксузбу?

-Бир жыл театрда окуп турайын дегем. Бирок  ал жердин чөйрөсү, билими мага жагып ал жерден чыгып кете алган жокмун. Жан дүйнөмө жаккандыктан ал окуу жайды аягына чейин окуп актёр деген диплом алдым. Театрда драматический вокал жактан сабак бергендиктен, музыкалык жактан билим алдым.

Макс мырза-Сиз бир тарап менен кеткиңиз келбей элеби?

-Мен бир тараптуу болгум келбейт,  эки жакты тең бирдей алып кеткенге аракет кылып жатам. Анткени мен жогоруда айтып кеткендей кичикий кезимде эле ырчы болсом деп самачумун, ал эми актерлук бул менин кесибим болгондуктан ал кесипти окуп менин көңүлүмдөн орун алгандыктан экөөнө тең бирдей сезимге ээ болуп калды. Кудайым буюрса бир кайыкты эки калак менен жашоо көлүндө сүзүп өзүмдүн тилегиме жетем деген ойдомун.

- Азыркы тапта сиз кайсы театрда эмгектенесиз жана кандай ийгиликтерге жетишип жатасыз?

– Азыркы учурда мен мамлекеттик  “Учур” жаштар театрында бир жылдан бери эмгектенип келем. Ийгиликтеримди айта кетсем “Хочу жить” деген  спектаклде ойноп, жылдын  дебюту деген наам алдым.

-Наамыңыз кут болсун! Дагы кайсы ролдордо ойноп жатасыз?

-Азыр улуу поэт, драматург байкебиз Алыкул Осмоновдун образын  2-составда ойноп жатам. 1-составда Чыңгыз Мамаев байкебиз ойнойт, мындан тышкары атагы алыска тараган Чыңгыз Айтматов атабыздын “Кыямат” чыгармасындагы спектаклинде дагы 2-составда Ташжайнардын образын жаратып жатам.

-Сиз мектеп кезимде эле ырдап жүрчүмүн деп айтып кеттиңиз. Эң алгачкы жолу сахнага чыкканда элди кандай кабыл алдыңыз?

-Азыр “Сары тоок” деген ырга клип тартып эл алдына чыгарганбыз жана ошондой эле тойлордо ырдалып жүргөн ырды, 7 классымда “Нооруз” майрамында талаада биринчи жолу эл алдына чыгып ырдаганымда абдан сүрдөгөм. Бирок элдин кол жаап, кыйкырып колдогону мени алдыга сүйрөп, элдин сүрү жоголгон. Ошондон кийин мен ырчы болууга талпынып канат кага баштагам. Ал алгачкы эл астына чыккан күнүм али деле эсимде.

-Сизди элдер ырчы катары тааныйбы же актер катарыбы?

-Элдердин ырчылык жагына кызыккандар ырчы катары таанышат, спектаклге келип менин роль жаратып жатканымды жактыргандар жана кинодон көрүп калгандар актер катары таанышат.  Менин кайсы тармакта талантымды жактырып калса ошол тармактын кишиси катары таанышат.

- Сиз кино деп калдыңыз. Кандай кинолордо роль жаратып калдыңыз?

– “Чечилбес чечим”  деген кинодо башкы каармандын образын чагылдырдым. Мындан тышкары “Джек пот” жана “Кайра жаралуу” деген кинолорго катышкам. Кинодо роль жаратуу абдан жакты, эгер сунуштар түшсө тартыла бермекчимин, киного катышуу менин актерлук  жактан тажрыйба алууга шарт түзүп берет экен.

-Ырчылык дүйнөңүзгө келсек, репертуарыңызда канча ыр канча клип бар?

-Репертуарымда 6 ыр жана  3 клип бар. Ырларымдын көбү сүйүү темасына арналган. Азыркы учурда мекен, туулган күн, энелер жөнүндө ырлардын үстүндө иштеп жатабыз. Кудайым буюрса бул темадагы ырларыбыз күз айларына чейин даяр болуп клиптерин тартып калабыз деген ишеничтемин.

- Продюссериңиз актерлукту тышта ырчылыкка убакыт көп бөл дебейби?

– Жок. Анткени менин продюссер байкем дагы актер, ал менин абалымды түшүнөт. Продюссерим экөөбүз түшүнүү менен иш алып барып жатабыз. Жаңы “Учур” театрына келгенимде агайларыбыз “Биз сага жардам беребиз, бир гана спектакль боло турган жана ага даярдана турган учурларда убакыт бөл” дешкен. Мисалы кыргыз элине таанымал этнос ырчы Тата Улан байкебиз дагы ошол жерден чыккан.

Курманбек Ниязов, Макс мырза-Эми суроону сиздин продюссериңиз Курманбекке берсек. Курманбек мырза айтсаңыз сиз өзүңүз актер экенсиз эмне себептен продюссер болдуңуз?

-Менин айланамда ырчы балдар абдан көп жана эл аралык кароо сынактарды көрүп мен дагы ушундай мыкты ырчыга продюссер болуп кароо сынактарга катыштырсам деген тилегим кудайым буйруп ишке ашып турган учуру.

-Продюссер болуш оор болсо керек ээ?

-Албетте продюссер болуш абдан оор жумуш экен. Мен мурун ырчы менен продюссердин ортосундагы чыр чатакты угуп же окуп калсам таң калчымын. Анын барын продюссердик кесипти аркалагандан кийин түшүнүп жатам. Продюссер бул ырчынын мотору десем болот. Анткени клипти тартырышын, киймин, ырынын жазылышын, концерттерге чыгуусун жана ушундай нерселерди продюссери жоопту.

-Сиз продюссер менен ырчынын ортосундагы чырды түшүнүп калдым деп калдыңыз. Силердин ортоңордо кандай мамиле?

-Биздин ортобуз абдан сыйга байланган. Биз экөөбүз тең актер болгондуктан түйшүктөрүбүздү билебиз жана ини байке катары сыйлашып жүрөбүз. Ортодон кара мышыкты өткөзбөгөнгө аракет кылабыз.

-Макс Мырзадан кандай үмүттөрүңүз бар?

-Макс Мырзадан үмүтүм абдан чоң. Биздин иштешип жатканыбызга 1 жылдын жүзү болду алдыда дагы 2 жылыбыз бар. Алдыдагы 2 жылдыкта көптөгөн ырларды жазып, клиптерди тартып элдин батасына татып жана көптөгөн  татаал жолду, көптөгөн бийик зоолорду ашып өзүбүздүн ой максаттарыбызга жетебиз деген ишеничтемин.  Кудайым буюрса “жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт” дегендей күз айлары Макс Мырзанын туулуп өскөн жерине барып, элге чыгармачылыгын тартуулап элдин батасын алып келели деп жатабыз. Макс Мырзада мыкты ырчы болуш үчүн бардык талаптарга жооп берет.

-Клипти тартып жана ырды жаздырууга акча керек эмеспи. Силер акчаны кайдан аласыңар?

-Биздин клип, ырыбызга элдин каражаты менен тартылып, жаздырылат. Мен продюссерден тышкары тамадалыкты аркалап келем. Ар кандай тойлордо мен тамадалык кылсам Макс Мырза ырдайт. Ошентип маңдай терибиз менен тапкан акчабызда клип, ырларга кетиребиз.

-Бизге келип маек куруп бергениңиздерге рахматымды айтып алдыдагы татаал жолдор, көп кырдуу тоолорду жеңил басып өтүңүздөр

-Чоң рахмат. Ошол көп кырдуу тоолорду, татаал жолдорду жеңилдеткенге газета, журналдар, радиолордун салымы абдан чоң. Ошондуктан ар дайым ишиңиздер илгери боло берсин.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №130

 



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru