Айбат » Жакшы жөрөлгө. Алыкулга таазим

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Тарых » Жакшы жөрөлгө. Алыкулга таазим

Алыкул ОсмоновКыргыз элинин, кыргыз поэзиясынын кайталангыс залкар акыны Алыкул Осмоновдун быйыл 100 жылдык мааракеси. Буга байланыштуу өлкөдө ар түрдүү саамалыктар өтүүдө. Алыкул Осмонов өзүнүн 35 жылдык кыска өмүрүндө түбөлүк өчпөй турган из калтырып кеткен акын. Анын чыгармалары канча кылым өтсө да эл арасында айтылып келет.

И. Арабаев атындагы университетинде Алыкул Осмоновдун туулган күнүнүн 100 жылдыгын татыктуу тосуу жана студент жаштарды улуттук баалуулуктарды билип, таануу жана Алыкулдун чыгармалары менен тааныштыруу, Алыкул таануу, чыгармачыл жаштарды колдоо, таланттарды өстүрүү максатында «Алыкул Кыргыз элинин классик акыны» аттуу кароо-сынак жарыяланган. Бул кароо-сынакка университеттин баардык факультеттери чоң кызыгуу менен активдүү катышышты. Мисалы: Педагогика институту «А. Осмоновдун балдарга арналган ырларынын педагогикадагы ролу», Көркөм маданият жана билим берүү факультети: «Мезгил жана Алыкул», Мамлекеттик тил жана маданият институту: «Акын пири – Алыкул», Колледж «Алыкулга гүлдесте», Экология жана туризм институту жана химия жана биология факультети «Табият жана поэзия», Манас таануу институту «Ырга айланган өмүр» аттуу кечелерди өткөрүштү. Мындан сырткары студенттер арасында Алыкулга арналган автордук ырлардын да сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Кароо-сынак «Студенттик фестиваль» менен жыйынтыкталып, 24-апрелде И. Арабаев атындагы университетте да өткөрүлдү. Студенттик фестивалга Кыргыз журтчулугуна аттын кашкасындай таанымал акын агай-эжелерибиз, Алыкул сыйлыгынын лауреаттары: Р. Рыскулов, С. Акматбекова, Ф. Абдалова, М. Тентимишев, К. Кадыркулов, Ж. Исабаева ж. б. катышты. Фестивалды И. Арабаев атындагы университетинин ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов ачып, Алыкул Осмоновдун өлбөс-өчпөс улуу философиялык чыгармалары бүгүнкү жаштарды патриоттуулукка, табиятты сүйүүгө, аруулукка жана тазалыкка тарбиялоого чакыраарын баса белгиледи. Андан соң сахнада Алыкулдун лирикалык поэзиясын, патриоттук ырларын студенттер окуп беришти. Алыкул Осмонов чыгармачылык жолунда элибизге акын гана эмес, котормочу, драматург катары дагы таанымал экендигин студенттер Алыкулдун «Махабат» драмасынан үзүндүнү коюу менен далилдешти. Кароо-сынактын башкы максаттарынын бири болгон студенттер арасында Алыкулга арналган автордук ырлардын сынагы болду. Сынакка негизинен университеттин алдында түзүлгөн «Жаш калемгер» клубунун 20дан ашуун мүчөлөрү катышышты. Бул чыгармаларды талдап, тандаган Кыргыз Республикасынын жазуучулар союзунун башкармасынын орун басары Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Тынчтыкбек Нурманбетов. Жыйынтыгында мыкты деп табылган 7 ыр тандалып, башкы байгеге Мамлекеттик тил жана маданият институтунун 3-курсунун студенти Эркин Жумаалы уулу татыктуу болду. Болочок жаш акындар баалуу сыйлыктар, дипломдор менен сыйланышты. Ошону менен катар кароо-сынакка катышкан факультеттер менен институттарга дипломдор ыйгарылды. Баш байгени Био-химия факультети менен Экология, туризм институттары жеңип алды.

Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракесине карата өткөрүлүп жаткан иш- чараларды негизинен университеттин Илимий китепканасы тарабынан уюштурулгандыгын эске алуу менен университеттин жетекчилиги китепкана кызматкерлерин дагы дипломдор менен сыйлады.

Айбат гезити №130



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru