Айбат » Гүлчамбар. Биз сени унутпайбыз!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Гүлчамбар. Биз сени унутпайбыз!

Эргеш КадыралиевБул жашоодо өмүр менен өлүм, жакшы менен жаман, ак менен кара, кубаныч менен кайгы жанаша жүрөт экен. Бирок баарынан өкүнүчтүүсү-адам өмүрүнүн эрте алынышы экенин танууга болбойт. Муну биз өз жон терибиз аркылуу сездик. Каңгыраган боштукту жакын жүргөн адамыңдан айрылганда гана толук туят экенсиң. Биздин ардактуу атабыз Эргеш Кадыралиевдин арабыздан кеткенине билинбей эле кыйла убакыт болуп калыптыр. Ал күндөр биз үчүн тозоктун-тозогу болгонун ичибизден кан өтүп билдик. Антсе да күндө кечинде үйгө жаркылдап кирип келчүдөй боло берет. Аттиң, ал болгону кыял!

Жарым кылымдан ашыгыраак жашап, эми баралына келип турганда аны оору тооруп акыры муздак жердин коюнуна жаткырып тынды. Өмүрүн ал бекер өткөрбөптүр. Бул жашоодо кантсе да өз изин калтырып кетти. Акыркы жылдарын ал эс алуу багын жетекчиликке алуунун үстүндө өткөрдү. Токтогул ГЭСтер каскадында бирге иштегендер анын аракетин таасын баалашчу. Жакында эстелигин тургузуп өз милдетибизди аткардык. Ошондо мурда чогуу жүргөндөр, тели-теңтуштары жылуу сөздөрүн айтып эскеришти. Көрсө ал өзүнүн адамкерчиликтүү сапаттары менен көпчүлүктүн көкүрөгүнө уюп калыптыр. Чынында эле ал камкор ата, азис кожоюн болчу. Эч убакта жаман сөз сүйлөгөнөнүн уккан эмеспиз. Анын артында калган уулдары, асыл жары бар. Биз ар дайым эскерип, куран түшүрүп турабыз. Эргеш сенин жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун. Жүрөгүбүздөн сенин жаркын элесиңди чыгарбайбыз!

 

КОШ АТА

Эртелеп келатканда баштап көчтү,

Тагдырдын таш-боор ташы капыс көчтү.

Дүйнөсү оодарылып ыйлайт апам,

Биз үчүн ата деген жылдыз өчтү.

Кайран эй , атпай эми таңың калды,

Кайдадыр учкан сымал жаның калды.

Аттиң ай, мөмөлөрүн төгүп бышкан,

Атаке өзүн баккан багың калды.

Кош ата эл аралап ишиң калды ,

Өстүргөн , сен ишенген кишиң калды.

Эсинен эч бир жандын кетпей турган,

Эл айтар , эл ичинде изиң калды

 Жубайың Гүлмира, уулдарың Ильяз, Исрадин.

Айбат гезити №130




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru