Айбат » Жай айына даярсыңбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Ден-соолук » Жай айына даярсыңбы?

Fun day at the beach with goggles and beach ballЖай айы кучак жайып кирип келе жатканы баарыбызды кубандырат. Анткени алдыда Ыссык-Көлгө эс алуу, жайлоого баруу, жаратылышка чыгып эс алуулар күтүп жатат. Бирок жайдын да биздин эс алуубузга зыянын тийгизген чиркей сыяктуулардан кантип коргонуш керек экендигин жана жай айында ачуу тийген күндүн нурун кантип туура пайдаланышыбыз керек экендигин сиздерге айтып беребиз.

 

Күндүн нурун туура пайдаланып, тегиз күйгүңүз келсе…

Адатта, күн, аба, суу адам ден-соолугунун жардамчысы болуп, адамдын көңүлүн көтөрөт. Бирок, ар нерсенин чеги болот эмеспи, күнгө алгач кактанууга 5-10 мүнөттөн баштап, аз-аздан көнүгүү керек. Болбосо, инфра-кызыл нурга бай, куйкаланган күндө ысык уруп же күйүк пайда болушу мүмкүн. Ысык күндүн астында тери кургап жана бырышып кетет. Айрыкча жашы өтүп калган адамдар менен онкологиялык, жүрөк, гипортония ж.б. ооруларга чалдыккандарга күнгө көп кактанууга болбойт. Ал турмак коркунучсуз шишик аталган кал, мең, сөөлдөр күн нурунан чоңоюп кетиши мүмкүн, ошондуктан:

  • көлгө түшүп чыккандан кийин сөзсүз таза сууга жуунуу керек, себеби суудан кийин эт тез күйөт;
  • эгер этиңиз күйүп, ачыша баштаса, денеңиздин күйгөн жерлерин вазелин, айран, стрептомицин майы менен майлап же картөшкөнү жука тилип алып басат;
  • ал эми тери кургап бырышып кетпес үчүн майлоочу бетмай сүйкөйт;
  • көздүн тегерегинде “каз таманы” сымал бырыштар көбөйүп кетпеши үчүн, күндөн сактоочу көз айнек кийет;

Бул жерде эң негизги айта турган сөз – күндүн ысыгына оорусу барлар жана сепкилдүү териси жактуу адамдарга көп кактанууга болбойт.

Күнгө эттин тегиз, сыйрылбай күйгөнү жакшы жана эл ичинде анын эбин билбегендер да көп. Этти сулуу, тегиз күйгүзүүнүн натыйжалуу жолу күнгө күйүүгө чыкканда туздуу суу куюлган (1 литр сууга 1 аш кашык туз эсебинде) идиш, бетти жапканга жеткидей бир чарчы даки алып алуу керек. Күнгө күйүү үчүн чыгарылган “Хелиолон” бет майы керек, ал ультра кызгылт нурларды жакшы өткөрөт да, ысыкты болсо кармап калат. Бул айрыкча эти назик, бат күйүп кетүүчү адамдарга жакшы.

Пляжга келээр менен бетмайды этке тегиз сүйкөп чыгат. Мындан кийин жатып алып күйүүнүн ордуна бүт дене ачык болуп, күн нурун тегиз тийгизүү үчүн басып, чуркап, топ ойноп дегендей, дайыма кыймылда болгону түзүк. Денени болсо туздуу суу менен суулап, ал эми көлдүн жээгине болсо улам түшүп чыгуу керек.

Качан чарчаганда туздуу суу сиңирилген дакини бетке жаап, кумда бир аз жатуу керек. Ошентип, этке бетмай да сиңип, тегиз күйөт. Күнгө чыгаардын алдында бир аз туздуу нерсе жеп, лимон кошулган муздак чай ичип алуу абдан пайдалуу.

 

Жайкысын күндүн ысыгынан алсырап же өтө чарчап келгенде уктабаңыз

Күндүн ысыгынан алсырап же өтө чарчаган убакта күндүз уктабаганга аракет кылыңыз. Себеби, денеңизди жанчып салгандай болуп, кыйналып каласыз жана түнкү уйкуңуз бузулат. Уйкуңуз келип, алсырап жаткан мезгилде, спортто же медицинада эмгектенген адистер иштен чарчап кайткан адамдарга сергектенүү менен иш жөндөмдүүлүгүн арттырууну жөпжөнөкөй бирок, таасирдүү ыкмаларын сунуш этишет.

Күндүн ысыгында кайттыңыз дейли, дароо бөлмөнү желдетип, үйгө кийүүчү кийимдерди которуп кийиңиз. Колдоруңуз менен бир нече бошоңдотуучу кыймылдарды жасап келиңиз. Анан далыңыз менен түз жерге жатып, булчуңдарды бошоңдотуңуз да, дем алуу тереңдигин күчөтпөй, көзүңүздү жумуп, бир калыпта дем алыңыз. Дем алуу кыймылынын ритмикасын жөн эле саноо жолу менен жүргүзүңүз.

Мисалы: дем алуу 1-2, дем чыгаруу 1, 2, 3. Ушундай дем алуунун натыйжасында 5-19 мүнөт өткөндөн кийин, нерв системасында тормуздоо жүрүп, адам өзүн уйку-соо арасында сезет. Бирок, жүрөк кан тамыры, дем алуу, тамак сиңирүү системасынын активдүүлүгү басаңдап вегататив борборунда тормуздоо прцессинин башталганын айгинелейт. Бул процедура 20-30 мүнөт созулат. Ушундан кийин таза абага бир аз чыгып, анан душка түшүп алсаңыз, өзүңүздү активдүү жана сергек сезесиз. Мындай дем алуунун колдонгон адамдарга байкоо жүргүзгөндө баардыгы тең өзүн жакшы сезип, сергектенип, эмгекке жөндөмдүүлүгү жогорулап жана ден соолугу дагы чын болоору далилденген.

 

Күндөн коргоочу сапаттуу көз айнекти тандаганды билесизби?

Күндүн нурларынын көзгө зыяны абдан чоң. Себеби, көзгө тийген күндүн зыяндуу нурлары бара-бара көздүн ар кандай ооруларын козгоп же пайда болушун шарттайт. Андыктан, күн тийип турган маалда көз айнек тагынып жүрүү менен көптөгөн көйгөйлөрдөн арылууга болот. Бирок, күндөн коргоочу көз айнекти тандоодо анын сапатына маани берүү кажет. Анткени, көпчүлүк көз айнектер күндүн зыяндуу нурларынан коргой алышпайт. Ал эми сапаттуу күндөн коргоочу көз айнекти кантип туура тандоо керек экендигин төмөнкү маалыматтар аркылуу билип алсаңыз болот. 1- Күндөн коргоочу көз айнектин сапатын текшерүү үчүн аны тагынып, күйүп турган лампочканы 10-15 секунд карап туруу сунушталат. Эгер бул убакта эч кандай ыңгайсыздыкты сезбесеңиз, ал көз айнек сапаттуу болуп эсептелет. 2- Көз айнектин линзалары көрүнгөн жарыктын 75-90 пайызын жок кылып турушу керек. Тактап айтканда сапаттуу көз айнек 10-25 пайыз гана жарыкты өткөрүп турат. 3- Көз айнектин линзаларынын чоңураак болгону жакшы. Анткени, күндүн зыяндуу нурлары кичинекей көз айнектин үстү-астынан деле кирип кетиши ыктымал. Ошондой эле көз айнек сизге чоң же кичине келбеши керек. Өзүңүзгө туура келген, такканда кыймылдабаган, ыңгайлуу көз айнекти тандап алыңыз. 4- Түстүү көз айнектер күндүн зыяндуу нурларынан жетиштүү деңгээлде сактай албайт. Бул айрыкча унаа айдагандарга жарабайт. . Анткени, мындай көз айнекти тагынуу менен адам светофордо жанган түстөрдү айырмалай албай калат. 5- Сапаттуу көз айнекти сатып алгандан кийин аны туура колдонууга кажет.

Эң эле маанилүүсү эч качан көз айнекти башыңызга такпаңыз. Себеби, чач линзанын үстүңкү катмарына зыянын тийгизет. Көз айнекти эки колдоп гана чечиңиз, болбосо кыйшайып же сынып калышы толук ыктымал. Майда бирок, маанилүү Кайсы бир буюмду сатып алып жатканда маркадагы сандарга көңүл буруш керек. Алар буюмдун сапаты жөнүндө өзү эле айтып турат. Эгер көз айнекте 400 деген сан жана Bloks at least 95  UVB and 60  UVA турса, анда ал сизди күндүн ультрафиалет нурларынан 100  коргойт. Азыр бардык эле көз айнектердин тиркемесинде жалпы элге түшүнүктүү тилдеги түшүндүрмөлөр жазылбастан, англис тилиндеги белгилер жазылып турат. Англис тилинде зыяндуу ультрафиолет UV деген белгилер менен берилет. Ошондуктан, көз айнекте мындай белгилер турса, күмөн санабай эле сатып ала берген оң. Мисалы, айтылуу Polaroid маркасындагы көз айнектерде төрт белгиден турган номер болушу керек. Биринчи белги – фирманын маркасынын номуру. Ал 4 же 8 деген сандан башталат. Экинчиси – чыккан жылы, үчүнчүсү жана төртүнчүсү моделдерди түшүндүрөт. Алар бир нече түргө бөлүнөт. Мисалы, спорт тармагындагы көз айнектердики – 7, балдардыкы – 0. Көз айнектерде A, В, C жана D деген латын тамгалары бар, булар көз айнектин түсүн билгизет.

 

Чиркейлерден кантип сактаныш керек?

Чиркейлер жай айларынын күн бүркөлүп турган учурларында, өзгөчө кечки салкында чагат. Ал эми токойлуу жана саздак жерлерде эртең менен кечке чейин эле ызылдап жүрүшөт.

Чиркей негизи түтүндөн качат. Ошон үчүн турак-жайдын эшигинин алдына же отурган жердин айланасына бир нерсе жагып, түтөтүү менен алардан сактанууга болот.

Турак-жайлардын эшик, терезесине ар дайым жука кездеме, тор марлиден тагып койсо пайдалуу болот. Аларга ДЭТА, диметилфталат, индалон, реппелин-альфа дарылардан сээп койсо, чиркейлер таптакыр жолобойт. Бул дарылардын таасири болсо 7-10 күнгө чейин сакталат. Ал эми жашаган жайга кирип кеткен чиркейден кутулуу үчүн аэрозол баллонунда чыгарылуучу дихлофосту чачуу керек. (тамак-аш, гүлдөрдү жаап же чыгарып коюу менен).

Буга да болбой эле чиркей бөлмөдө көп болуп кетсе, аны жок кылыш үчүн жыгачтын чогуна кумшекер сээп же болбосо кактын сиропуна каныктырылып, кургатылган кагазды күйгүзүү керек жана катуу ысыган көмөчтанга канфораны сээп, бир аздан соң эшикти ачса, бир да чиркей калбайт.

Палаткалардын сыртынан жарым метрге чейин репеллент деп аталган суюктукту чачуу натыйжалуу болот. Эшиктин астын болсо, ушул суюктук менен тазалап туруу пайдалуу.

Чиркейлүү ачык талаага чыгарда бети-колго, дененин ачык жерлерине жана кийимге ДЭТА же чиркейге каршы чыгарылуучу башка бир суюктуктардан сүйкөнүп алуу жакшы жардам берет. Аларга каршы кийе турган атайын кийимдер да чыгарылат. Вазелинди эритип туруп, ага нафталин, одеколондон кошуп, аралаштырып, кийин акталбаган күн карама майынан кошуп туруп, дененин ачык жерлерин майлап алса дагы чиркей жолобойт. Ошондой эле онис майы да жарайт.

Рахатбек РЫСАЛИЕВ

Айбат гезити №130




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru