Айбат » Эшигин көрүп төрүнө өт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Эшигин көрүп төрүнө өт

Microsoft Word - аЙБАТ.docxКочкор районундагы  Ак-кыя айыл аймагына караштуу Кара-Суу айылына баруучу жолго  арка ( дарбаза)  орнотулду.  Бул  көркөм дарбазаны Кара-Суу айылындагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебин мындан 20 жыл мурдагы ( 1995-жылы) бүтүрүүчүлөрү тургузган. Арканын жанында айылга келген куда-сөөктү, конокторду узатып түштөнүүчү беседка жазалган. Жыйырма жылдыктардын жазаган эмгеги айыл тургундарын кубанычка бөлөгөнүнө  анын ачылуу аземинде күбө  болдук.  Ачылуу аземине Кочкор районунун администрациясынын башчысы-аким Нурбек Жусупбеков  катышып, мындай жөрөлгөлөрдүн улана беришин каалап, арканы тургузууда демилгечилерден болуп ишти аягына чейин чыгарууда өзгөчө эмгек кылган Самүдүнов Улук Бообековичке, Молдогазиев Мирлан Текшербековичке, Азат Кадыркуловго ыраазычылык билдирип, мактоо баракчаларын тапшырды. Аркага 1978-жылы туулган айылдын 21 азаматы  300, 000 миң сом жумшашкан. Ал эми мындан он жыл мурдагы мектепти аяктагандар болсо ар бир көчөнүн маңдайына көчөнүн аты жазылган  көрнөктөрдү 25000 сомго жазап чыгышты. Эмне дейли айылдын босогосундагы бул арка айылга кирешелерди алып келүүчү дарбазалардан болсун деген каалоо менен жаштарыбыз мекенчилдикке умтула берсин демекчибиз.

Айбат гезити №130




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru