Айбат » «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектеби

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектеби

2015-жылдын 25-майында Кыргыз-Түрк «Манас» Университетинде «Кыргызстандын Жаш Лидерлери» коомдук мектебинин III-агымынын бүтүрүүчүлөрүнө сертификат тапшыруу аземи болуп өттү.

Кыргызстандын жаш лидерлери

«Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектеби «Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фондунун татыктуу муунду тарбиялоо жана түзүү үчүн багытталган, Кыргызстандагы эң алгачкы жана бүгүнкү күндө бекер билим берген жалгыз илим долбоору болуп саналат.

Мектеп 1 жылда 2 агымды окутуп чыгарат (жаз-жай жана күз-кыш) жана жыл сайын улана бермекчи. Окуу долбоорунун сезондук созулушу 3 ай жана акысыз.

АмангелдиПрограмманын алкагында инсандык сапаттарды психологиялык жактан өнүктүрүүгө жардам берүүчү тренингдер финансылык сабаттуулук жана өз алдынча иштеп кетүү, оратордук искусство жана маек куруунун ыкмалары, психологиялык жактан өнүгүү, фандрайзинг жана башка көптөгөн ар тараптуу тренингдер адамдын касиеттерин ачууга жана келечекте ар тараптуу өсүүгө жардам берет.

«Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектеби алкагында, Фонд көптөгөн алдыңкы ЖОЖдор менен биргеликте иш алпарып келет жана алардын арасында чоң брендге айланды.

2014-жылдын жыйынтыгы менен бардык ЖОЖдордон 1200 билдирме жөнөткөн студенттердин арасынан татыктуу делген 200 студент конкурс аркылуу тандалып алынып, жыйынтыгында 200 лидер аталган мектепти ийгиликтүү аяктаган.

Татыктуу муунду тарбиялоо үчүн Фонд, тажрыйбасы жогорку тренерлерди, белгилүү эксперттерди, авторитети күчтүү окумуштууларды, эмгеги сиңген коомдук ишмерлерди, ийгиликтүү бизнесмендерди жана саясатчыларды чакырып, иш алпарат.

“Кыргызстандын жаш лидерлери” коомдук мектебинин жаркыраган келечекти курууга умтулган  бүтүрүүчүлөрү тарабынан уюштурулган “Агартуу лигасы” долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын ЖОЖдоруна жана орто мектептерине жана ошондой эле Республикабыздын бардык региондоруна тренинг өтүшүп, жыйынтыгында аталган долбоордун алкагында 6000 ден ашуун балдар менен билимдерин бөлүщүп келишкен.

“Кыргызстандын жаш лидерлери” коомдук мектеби, ар бир студентке кайтарымсыз негизде ири суммадагы инвестиция кылып, ЖОЖдордо берилбеген заманбап билимдерди берген жалгыз мектеп болуп саналат. Биздин ишенимибизде аталган долбоорго маалыматтык колдоо көрсөтүү менен көптөгөн жаш уландардын бул билим долбоору аркылуу өз дараметин арттырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт, жаштар арасында заманбап билимге умтулуу, жаратман аракеттер менен өлкөгө салым кошуу аракеттери жанданат деп терең ишенебиз.

Урматтоо менен, «Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фондусу
Аваз Казаков – 0312 690547, 0770 750077

Айбат гезити №130



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru