Айбат » Саид Баюми, “Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясынын” президенти: “Билимдүүгө дүйнө жарык”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Негизги » Саид Баюми, “Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясынын” президенти: “Билимдүүгө дүйнө жарык”

Саид БаюмиСтатистикалык маалыматтарга караганда өткөн жылдын эсеби боюнча Кыргызстанда жакырлардын катарына  1 млн. 900 миңдей киши кирет. Тагыраак айтканда, калктын 38 пайызы, 15 жыл мурун мындан да көп болгон.  Кирешеси аз үй-бүлөлөр негизинен аймактарда жашайт. Жакыр деп эсептелген кишилердин 73% айыл тургундары. Социалдык чыңалууга кабылган Кыргызстан үчүн сырттан кол сунуп жардам беребиз деген эл аралык фонддордун салымы оголе чоң болду. Мындан 15 жыл мурун  “Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы” Кыргызстанга алгачкылардан болуп социалдык көйгөйлөрдүү чечүүгө, жардамга муктаждарга кол суна баштады. Адегенде эле борбордон алыс, шарты катаал айылдарды кыдырып, медициналык жактан колдоо көрсөтүү үчүн атайын айыл тургундарынын ден-соолугун жакшыртууну колго ала баштаган. Керектүү дары-дармектерден өйдө таратып, бейтаптардын жансоогасына калганы кимдин гана болбосун эсинде. 15 жыл аралыгында тээ алыскы аймактарда, тоолордун арасындагы бейтаптардан кабар алып, Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте  оорукчандарга  не керек ошонун муктаждыктарын жоюуга аракет кылып келүүдө. Медициналык заманбап техникалары жок, ойлору болгону менен колдору жетпей жаткан жана дассыккан дарыгерлери жок аймактарга медициналык кербендерди жыл сайын уюштуруу салтка айланткан. Анда миңдеген кыргызстандыктардын оору жерден, жеңилин колдон алууга жетишкенин аңдап турсаңыздар керек.

15 жыл“Ден-соолук өмүр булагы”, “Билимдүүгө дүйнө жарык”. Мындай ураандын алкагында тагдырдын жазмышы менен жаштайынан ата-энесинен эрте ажыраган жетим балдарга да саламаттыгына көңүл буруу, ар тараптан билим берүү “Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын”  негизги багыттарыны бири. Башында кичинеден колдоо көрсөтүп отуруп, азыркы тапта 2 миң жетим баланы өз карамагына алууга жетишти. Ай сайын акчалай жөлөк пул берип, ар мезгил сайын кийим-кечектер менен камсыздашат. Дептер, калем сап, карандаш өңдүү окуу куралдарынан кур калтырышпайт. Үч ай сайын медициналык кароодон өткөрүп, сыркоолоп калгандарын сакайтууга кам көрүшөт. Мусулманчылыкта да жетимдерге, муктаждарга жардам берүү өтө чоң сооп иш. Өлкө келечеги жаштардын колунда. “Дени сак улут, дени сак коом” демекчи, бүгүнкү жаштарга колдоо көрсөтүү эртеңки келечекке кам көргөнүң эмеспи…

Саид Баюми жана жетим балдар

Майып коляскасыСоциалдык өнүктүрүү министрлигинин  тизмесинде турган мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын беш жүзүнө  адистешкен коляскалар берилип,  200 көзү азиздерге атайын кол  таяктар таратылган. Ушул эле жылы  БДЖАнын 15 жылдык мааракесине карата 150 даана майыптар үчүн коляска белекке берилди.

Таза сууКыргызстан таза шылдыр аккан суунун мекени болгону менен атайын тазартылган суу менен эл  толук камсыздала элек. Мындай кырдаалда кандай гана илдеттерге алып келээрин дарыгерлер какшап келишүүдө. Бул көрүнүштү жөн карап туралбастан жарандарды кыйынчылыктардан алып чыгууга “Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы” батыл киришип  жардамдарды берүүнү максат кылган. Ал үчүн атайын долбоор иштеп чыгып, анын алкагында жер астынан 30 метрден, 60 метрге чейин суулар чыгарылып, 700 скважина, 600 суу соргуч жана атайын суу түтүктөрдү Кыргызстандын бүт аймактарына орнотушкан. Азыркы тапта Чүй облусунун Арашан айылын таза суу менен камсыз кылууну өз моюнуна алды. Москва районунда жайгашкан Ак-Суу айылын дагы буга чейин таза суулу кылууга жетишкен.  Бул да болсо кыргызстандыктар үчүн бир аз болсо дагы жеңилдик болгонун жергиликтүүлөр бир ооздон айтып келишүүдө. Элеттен сырткары бейтапканаларды, орто мектептерди, бала бакчаларды суу түтүктөрүн орнотуп, таза суулар киргизилген. Мындай социалдык обьекттердин бир канчасы долбоордун алкагында жүзөгө ашкан. Эми да токтоп калбай, долбоорду ишке ашырууну максат кылышууда.

 

Муктаждарды үйлүү кылуу максатыбыз

“Үңкүр да болсо үйүм бар” демекчи Ош облусунун аймагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана майыптыгы бар жарандар үчүн жалпы жонунан 36 үй курулуп берилген. Андан тышкары өлкөнүн түштүгүндө тутанган этникалык араздашуудан улам үй-жайсыз калгандарга да жөн карап тура албады. Турак-жайлар талкаланып, өрттөнүп кеткен жарандардын абалын көрүп туруп, ассамблея 21 түтүнгө жаңы үй салып, ичин эмеректер менен толтуруп берди. Ошол кездеги мамлекет тарабынан түзүлгөн Ош-Жалал-Абад шаарларын кайрадан калыбына келтирүү дирекциясы менен биргеликте ишке ашырылган. Бул да болсо жарандар үчүн эбегейсиз колдоо болгонун баса белгилей кетели.

Ар дайым сиздер мененОшол эле маалда коогалаң маалында “Ар дайым сиздер менен” аттуу акциясынын алкагында тонналаган азык-түлүгүн азык-түлүктөй, кийим-кечектеринен бери жана жууркан төшөктөрдөн гуманитардык жардам катары көрсөтүшкөн. Ош облусунун Алай районундагы Нура айылындагы зилзаладан жабыр тарткандарга тамак-аш, жылуу кийим, төшөнчүлөрдөн өйдө жеткирилип, өз кезегинде эбегейсиз колдоолор болгон.

 

Саид Баюми мектепWAMY: билимге кол сунабыз!

Бул уюм муну менен гана чектелип, токтолуп калган жок. Кыргызстанда колдоого муктаждардын көптүгүн көрүп, жардамдын кайсы гана түрү болбосун берүүнү чечти. Орто мектептердин жетишсиздиги, же болбосо оор абалдагы мектептерде окуган окуучулардын акыбалын көрүп туруп орто мектептерди курууну баштаган. Келечек муундун эртеңки жашоосуна кам көрүүдөн өтөөр кайрымдуулук иш болбосо керек. 15 жыл аралыгында өлкөбүздүн бардык аймактарына билим алуучу заманбап жайлардан 27син курган. Эң алыскы катаал шартта жашаган келечек муундун эртеңкисине пайдубал “тургузуу” башкы максаттарынын бири эле… Анын бардыгын жүзөгө ашырып, мектепке кандай гана эмеректер керек болсун, бардыгын азыркы замандын талабына ылайыкташтырып куруп келүүдө. Белгилей кете турчу жагдай, салынган мектептер Билим берүү жана илим министрлигине толугу менен өткөрүлүп берилип, окуу системасы жана мугалимдер мамлекеттин кароосуна тапшырылат. Кыскасы, бул уюм мектептин ичи тышынан бери бүтүрүп, калганын мамлекетке өткөрүп берет.

Салынган мектептер:

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал, Урмарал, Миң-Булак,

Бишкек – Ленин району Жунусалиев көч.

Чүй – Сокулук району – Алыскы Арал,

Бишкек шаары  Свердлов району – Рухий Мурас жаңы конушу

Ош облусунунун  Ноокат районундагы Каракечит , Жабылы жана Белкайрагач айылдары.

Ош  облусунун Өзгөн  районундагы Зергер

Ош облусунун Каракулжа районунун борборуна, аталган аймактын Жетим Дөбө  жана Чалма айылдарына. Ысык-Көл облусунун  Ак-Суу районунун Челпек, Түп районуна.

Нарын облусунун  Кочкор  районунун  Оро-Башы жана Нарын шаарына.

Баткен  облусунун Кызыл-Кыя шаарынын Жинжиген, БАМга,  Исфана шаарыны Тайлан, Акбулакка, Лейлек районунун  Катран айылына,  Кадамжай  районунун  Майдан, Кароол,  А. Жолдошов жана Үч-Коргон айылдарына заманбап орто мектептерин салдырган.

Саид Баюми мектеп жана балдар

 

“Илимий – техникалык интелегенцияны колдоо” программанын алкагында  2004 – жылы сынак уюштурулуп жеңүүчүлөргө айыл  чарба, материалдык кайра иштеп чыгаруу, тарых, медицина  тармагында жаңы ачылыштарды жасоо үчүн  акча каражаттары берилүүдө. Максаты билимдин, илимдин жанданышына жана аны практикага колдонуп, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошуу.

Саид Баюми, илимий колдоо

Студенттердин билимин жогорулатып, аларды билимге шыктандыруу максатында өлкөнүн Билим берүү жана илим министирлиги менен чогуу эң мыкты  окуган студенттерге ноутбук жана планшеттер жыл сайын белекке берип келишет. Ошол эле маалда “Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы” 2006-жылдан тартып  жыл сайын 10 жакшы окуган студенттердин  магистратурага тапшыруусуна жана алардын контрагын төлөп, ар бир ай сайын стипендия берип турат. Бул тапта алардын саны жүзгө жетти.

Саид Баюми, илимий колдоо 2Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университетине ассамблея электрондук китепкана ачты.  Анда миңден ашуун заманбап китептер копютерлерге коюлуп, студенттер үчүн абдан ыңгайлуулук жаратты. Китепканадан бир канча чет тилдерин үйрөнүп, башка сабактарды терең өздөштүрүүгө жол ачылды.

И. Арабаев атындагы КМУ менен биргеликте теология факультетин негиздешти. Себеби, Кыргызстанда диний билимдин алсыздыгынан көптөгөн диний радикализмдин көбөйүшүнө алып келгени байкалууда. Бул факультеттин ачылышы менен кайсы гана дин болбосун анын  тарыхын, багытын тереңдетип окутуп, жогорку билимдүү адистер даярдалып чыгат. Андан улам диний сабатсыздыкты жоюуга да мүмкүнчүлүк түзүлүп, жарандарды диний азгырыктардан коргоп калат деген ишенимдери жанданды.  Бул бөлүмдү ишке киргизүү үчүн  факультетке керектүү бардык аудиторияларды жана бөлмөлөрдү  замандын талабына ылайык оңдоп түзөп,  эмеректерди киргизип берди.  Аны менен катар эле студенттер үчүн окуу жана компьютердик залдар жабдылган. Бул жерде  окуган студенттер үчүн ассамблея  тарабынан  контракттар төлөнүп,  арасынан мыктылары үчүн ай сайын стипендия  берилип турмакчы.

Саид Баюми жана ген дир“Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы”

Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясы менен чогуу ислам укугу  кафедрасын түптөп, атайын студенттер үчүн  окуу төлөмүн жана ай сайын берилүүчү  стипендияны ассамблея өз жоопкерчилигине алган.

Башкалаанын 12-кичи районуна  жетим балдар үчүн “Элистан” балдар борборун салып, азыркыга чейин бардык муктаждыктарын камсыздап турат.

Ар жылы окуу аяктаар менен эң жакшы окуган жана коомдук иштерге активдүү аралашкан таланттуу балдарды иргеп алып көгүлтүр Ысык- Көлдүн жээгинде 10 күндүк эс алууларды уюштуруп келүүдө. Окуучуларды тандап алууда  Жаштар министрлиги менен түзүлгөн келишимдин негизинде жүзөгө ашырылууда. Балдардын шыгына шык, демине дем кошуп, алдыга умтулууга шыктандыруу максатын көздөйт.

140 орундук студент кыздар жашай турган “Даткайым” жатаканасында китепкана, машыгуу жана компьютердик залдарын жабдылган. Жатаканада  түрдүү тил, тикмечилик, компьютердик курстар окутулуп, жыйынтыгында сертификаттар берилет. Муну менен кыздардын билимин жогорулатууга өбөлгө болуп, башка жумуштарга да иштеп кетүүгө шарт түзүлөт.

“Кичинекей мамлекет”: жупташтык

Эң алгачкылардан болуп үйлөнө албай жүргөн жаштарды үйлөнтүүнү баштаган. 2013-жылы  50 жаш жуптардын башын кошуп, келечекке жол ачып берген.  Бул үйлөнүү жөрөлгөнү өткөрүүгө  аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, апрель окуясына катышкандардын, биринчи жана экинчи топтогу  майыптыгы бар эркек  балдар үйлөнүштү. Жубайларга эң зарыл тиричилик буюмдары берилип, жуптарга чоң эле жардам болду.

Саид Баюми жана 50 жубай

 

Мусулмандык милдет

Жыл сайын ыйык Курман Айт майрамына карата  муктаж болгон үй бүлөөлөргө тамак аш азыктары жана эт менен жардам көрсөтүлөт.Аны менен бирге Ыйык Рамазан айында 30 күн орозо кармаган жарандарга “ооз ачуу” дасторкондору жайылып, көпчүлүк аймактардагы  мусулман коомчулугуна майрамдык тамак аштар тартууланат.

Бектур Баймоңолов

Айбат гезити №131

Мечит Сулайман тоо




Башка окшош макалалар:

1 комментарий

  1. Саламатсызбы урматтуу Саид Баюми.Сиздин бут жасаган иштериниз менен таанышып чыктым.мага сиздин элдерге берген жардамыныз,соопчулук иштериниз аябай жакты,мен ден соолукту чындоо кабинетинин адисимин,биз тузгон айылдык ден соолук комитеттерида кедей кембегалдарга жардам беришет,бирок мумкунчулугу аз бул АДКтердин(айылдык ден соолук комитети)себеби фондунда каражат жетишсиз.Ананда биздин айылда бир жаш келин жашайт,турмушу ото начар,куйоосу башка аялга уйлонуп,уй-булосун таштап кеткен, ошол келиндин суранычы боюнча сиздин сайтынызга кирдим. Менин сизден суранычым:ошол келин сиздер менен кантип байланышса болот,анан биз ден соолукту чындоо кабинетинин адистерида сиздер менен партнер катары иштегибиз келет. Сизден чыдамсыздык менен жооп кутом

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru