Айбат » Муканбетовдон күү чалмай: “Ата мекен” +”Улуттар Биримдиги”=?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Муканбетовдон күү чалмай: “Ата мекен” +”Улуттар Биримдиги”=?

Сабыр Муканбетов«Карышкыр» деген каймана атты өзүнө-өзү ыйгарып алганы менен атына заты жарашпаган Сабыр Муканбетов аттуу серепчи бар. Серепчи деген эле аты болбосо затын деги байкай албадык. Мына ушул эрен эркин басылмалардын бирине курган маегинде «Улуттар Биримдиги» партиясы менен анын лидери Мелис Мырзакматовду кыйытып жактап дагы, мактап дагы, боор толгоп дагы өтүптүр. Анын айткан логикасына таянсак, аталган партия азыркы бийликке оппонент боло алат экен. Ошондой эле Мелисбек Жоошбаевичке кысым көрсөтүлүп атканын кыйытыптыр. Кызыгы бул «аксакалдын» мурда «Улуттар Биримдигин» мактаганын деги эле укчу эмес элек. Жата калып, тура калып деле «Ата-Мекен» партиясын мактап басып жүрчү. Эми минтип түшүнөн чоочугансып «Улуттар Биримдигине» адвокаттык кыла калганы буга чейин айтылып келген имиш кептерди ачыктап аткан сыяктанат. Ал желип-жорткон кеп «Ата-Мекен» менен «Улуттар биримдиги» партияларынын биригүү мүмкүндүгү эле. Кыязы мына ушундай аракеттин башталганын тактикасы күчтүү Текебаев Муканбетовдун оозу аркылуу күүгө салдырып атыры окшойт. Айла болбосон кое кал!

Айбат гезити №131



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru