Айбат » Өзгөнүн кайгысынын үстүнө өз бактысын кургусу келген Кеңеш Мырзакматов

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Өзгөнүн кайгысынын үстүнө өз бактысын кургусу келген Кеңеш Мырзакматов

Мелис МырзакматовОш шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов инисинен жеке кызыкчылыгын канааттандыруу жагынан кем калышпаган агасы Кеңеш Мырзакматовдун былыктарынын арты үзүлчүдөй эмес. Эске сала кетсек, ал 2010-жылдагы Ош коогалаңында жабыр тарткандарга арналып салынган жаңы көп кабаттуу үйлөрдөн батир алып берем деген убаданы катыра берип, ондогон адамдардан орточо эсеп менен 5-6 миң доллардан жыйнап алганы буга чейин айтылган. Мындан эки апта мурун жабырлануучулардын саны 19га жеткен болсо, азыркы тапта 32ге жеткенин Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Бул сан дагы өсүп кетиши толук мүмкүн. Мындан улам суроо туулат – Кеңеш мырза жалпы мамлекеттин, элдин башына түшүп турган кайгы-муңдан пайдаланып чириген бай болуп алгысы келген беле? «Бирөөнүн кайгысынын үстүнө өз бактыңды эч качан кура албайсың» деп кайсы бир акын жазган эле. Анын чындыгы эми далилденип атыры. Маңдай тер, таза мээнет менен табылбаса, байлыгың бир күнү өз башыңа муш болот деген ушул эмеспи?..

Айбат гезити №131




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru