Айбат » О.Понкратов: “Ишкерлерибизди колдоо үчүн салыктарды азайтышыбыз мүмкүн”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » О.Понкратов: “Ишкерлерибизди колдоо үчүн салыктарды азайтышыбыз мүмкүн”

Олег Панкратов“Кыргызстандыктарды ар убакта демпинг жана бааларды жогорулатуу менен коркутушат”- деп билдирди  журналисттерге Экономка министри Олег Понкратов.

“Биздин өлкөнүн экономикасы ачык. Ошондой эле Кыргызстан азырынча  ЕАЭСтин мүчөсү эмес. Ошол эле учурда Кыргызстан көп жылдар бою ачык экономикалык режимде жашады. Россиянын, Казакстандын, Белоруссиянын товарларына жол ачык эле болуп келген. Эми болсо Кыргызстан эркин зонага кирет. Ошентсе да техникалык талаптарды аткарбаган ишканалар үчүн кырдаал эч кандай өзгөрбөйт. Биз уюмдун баардык эрежелерин так сактаганыбыз оң. Ошондо гана өз товарларыбызды тынымсыз экспорттой алабыз”, – дейт ал.

Ошондой эле Пократов ЕАЭБге кирген мамлекеттерде айырм товарлар Кыргызстанга караганда арзан экенин айтып, бизге мунун пайдасы тиерин билдирди.

«ЕАЭСтин курамындагы мамлекеттердин кээ бир товарлары бизге караганда арзаныраак. Мисалы, керектөөчүлөр жумуртканын 10 даанасын 45 сомдон сатып алса жаман эмес да. Биз жеке бизнестин өнүгүшү менен жумушчу орундардын көбөйүшүн күтүп жатабыз. Ошондуктан ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоонун кошумча жолдорун карап жатабыз. Мисалы, салыктарды азайтышыбыз мүмкүн”, – дейт ал.

Айбат гезити №131




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru