Айбат » Токтайым Үмөталева топ жарып атабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Токтайым Үмөталева топ жарып атабы?

Токтайым ҮмөталиеваКечээ борбор шаарыбыздагы маалымат агенттиктеринин биринде укук коргоочу Токтайым Үмөталиева маалымыт жыйынын берди. Анда ал сөз сүйлөп жатып Конституцияны өзгөртпөө зарыл, анткени 2020-жылга чейин өзгөртүүгө болбойт, так жазылып бекиген деп белгилеп өттү. Ошондой эле өздөрү жайган торго өздөрү илинмей болду деп кыйытып өттү. Ооба Конституцияда так ошондой бекиген. Бирок өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн, элдин коопсуздугу үчүн эгерде өзгөртүү зарылчылыгы болсо, референдум жолу менен өзгөртсө боло тургандыгы эске алынганын билип алса жакшы болмок. Негизинен шайлоонун шайтан оюндары эмитен эле чүкөсүн калчап баштады көрүнөт. Айтор бүт эле бирин-бири туура эмес деген эле кишилер. Жада калса маалыматты орусча беришип, кайра минтип айтып жатышат. Мурдагы закон эки тилде жазылган анан котормосунан ката кетирди дешип өз кызыкчылыгы үчүн  орусчасын туура кылышты дейт. Тообо! Чындап эле ошондой болсо өзүңүз неге биринчи орусча маалымат бересиз. Сиз баарынын укугун коргоодон мурда тилдин дагы укугун коргоңуз. Сөздүн кыскасы баардыгыбыз өз кызыкчылыгыбызды ойлоодон мурда башкалардын да кызыкчылыгын ойлонолу. Анан дагы кошумчалай кетүүчү нерсе, бүгүнкү күндө Конституцияны өзгөртүү зарылчылыгы туулуп атканын айтпай кетпесек болбос. Себеби 2010-жылы өлкө башында кара булут айланып турган оор учур эле. Андыктан Конституция өтө шашылыш кабыл алынып, анча-мынча мүчүлүштүктөр кетип калган. Мына ошолорду оңдоп-түзөп коюу ашыктык кылбаса керек.

Айбат гезити №131




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru